Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп

Жазылуу
Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдон кийин премьер-министр болду. Өкмөттүн жаңы жетекчиси кызматка отурары менен бир топ көйгөйлүү маселелерге туш келди. Анткен менен аны укуктары күчөтүлдү. Редакция Исаковдун 100 күндүк премьерлиги туурасында топтом жасады.

Атамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев 6 жылда кимдердин даражасын көтөрдү. Экс-ажодон сыйлык алгандар
25-августта президенттин аппаратынын жетекчисин жана анын командасын Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчылыкка бекитип, эртеси президент Исаковду жаңы кызматка дайындаган Жарлыкка кол койгон.

Эске сала кетсек, премьерлик орун Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоого катыша тургандыгы чечилгенден кийин бошогон.

Ошону менен катар эле Конституцияга киргизилген өзгөрүүлөрдөн кийин 1-декабрдан тарта премьер-министрдин ыйгарым укуктары көбөйгөн. Sputnik Кыргызстан Исаковдун 100 күндүгү боюнча топтом жасады.

Кадрдык маселелер

Министрлер кабинетинде баарынан көп суроо жараткан Экономика министрлигине сунушталып жаткан Артем Новиковдун талапкерлиги болду. Депутаттардын ичин чыгарбаган анын мамлекеттик тилди билбестиги жана жаңыдан 30га чыккан курагы болду. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү жаш министрдин талапкерлигин баары бир колдоп беришти. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчы Сапар Исаковдун премьерлик кызматтагы алгачкы жыйыны
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Сапар Исаковдун премьерлик кызматтагы алгачкы жыйыны

Дагы бир катары вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев чехиялык Liglass компаниясына байланышкан чырдан кийин отставкага кетет деп ишенип турган. Бирок аны туура эмес түшүнүп алышканы белгилүү болду.

Бир аздан кийин Зилалиев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан кетти. Ал Мамлекеттик мүлк фондусун жетектемей болду.

Анын ордуна мурда Талас облусун жетектеп турган Дайыр Кенекеев келди. 7-октябрда жол кырсыгынан биринчи вице-премьер Темир Жумакадыров айдоочусу жана жанындагы жардамчысы каза болду. Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, ошентип үч адамдын өмүрү кыйылгандан кийин анын ордуна Толкунбек Абдыгулов келип, бирок кийинчерээк кызмат даражасы ылдыйлады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБиринчи вице- премьер-министр Толкунбек Абдыгулов
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице- премьер-министр Толкунбек Абдыгулов

Муну Исаков Абдыгуловго жүктөлгөн милдеттер кала берерин, анын ордуна депутат келе турганын айтты. Мунун себебин Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, биринчи орун басары депутат болушу мүмкүндүгүн айтып, дайындоодон кийин мандатын жоготору менен түшүндүргөн.

Ошентип эгерде Чолпон Султанбекованы эсептебегенде, вице-премьерлердин курамы толугу менен өзгөрүлдү. Аны менен катар эле Исаков өзүнүн жаш, демилгелүү, чет элдик жогорку окуу жайларын аяктаган жардамчылары менен көптөрдүн көзүнө илинди. Ал эми алардын бири Эсенкул Момункулов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИсаковдун кеңешчиси Эсенкул Момункулов (солдо) Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Исаковдун кеңешчиси Эсенкул Момункулов (солдо) Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды

Премьер-министр өкмөттө эле эмес, ведомстволордо да өзгөрүүлөрдү киргизди. Маселен, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчи орун басары Райымбек Матраимов жумушунан алынды.

Чуулгандуу иштер

Бул аралыкта өкмөт шайлоого байланыштуу бир канча ызы-чууну башынан өткөрдү. Ошол кездеги вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев талапкерлердин бирине колдоо иретинде сөз айта коем деп Сапар Исаковдон эскертүү алып, атургай шайлоо боюнча штаб жетекчиси кызматынан алынган. Бирок Зилалиев анын сөздөрү тексттен бөлүнүп алынганын айтып чыккан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку-Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча чехиялык Liglass компаниясы менен макулдашуу майнапсыз болуп калды
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Жогорку-Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча чехиялык Liglass компаниясы менен макулдашуу майнапсыз болуп калды

Дагы бир чуулуу иш — чехиялык Liglass компаниясы менен байланыштуу. Чет элдик ишкана жоопкерчилигин алган 37 миллион долларды берүүдөн баш тарткандан кийин келишим жокко чыгарылган. Бул үчүн өкмөттөн тышкары, жеке Зилалиев дагы катуу сынга кабылды.

Чек арадагы кырдаал

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында көйгөйлөр жаралып, жөө адамдар, жеңил жана жүк ташуучу унаалар өтө албай калышкан

Алгач бул Казакстандын атайын операциясы, кийин мыйзамсыз кирген товарлар менен күрөшү менен түшүндүрүлгөн. 19-октябрда премьер-министр Астанада казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, жүгү жок фураларды чек арадан өткөрүп жиберүү боюнча макулдашкан. Ошондон тарта жөө адамдар, жеңил унаа жана жүгү жок фуралардын өтүүсү ылдамдаган. Тараптар калган маселени "жол картасынын" жардамы менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.

Анткен менен көйгөй ордунан жылбай койгондуктан, ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири жыйынында Сагинтаев менен Исаков бири-бирине сын пикирлерин айтышкан

Маселе Нурсултан Назарбаев менен Сооронбай Жээнбековдун Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынындагы жолугушуусунан кийин гана чечилгендей болду. Фуралар үчүн чек ара ачылып, тараптар "жол картасына" кол коюшту

Ошондой эле Исаков чек арадагы көйгөйдөн улам жабыр тарткан ишкерлердин абалы боюнча жыйын өткөрүп, алардын салык, насыя жана башка төлөмдөрдүн төлөө мөөнөтүн жылдыруу тапшырмасын берген.

Чет өлкөгө сапарлар

Сапар Исаков Ереван, Ташкент шаарларына ЕАЭБ жана КМШнын өкмөт башчыларынын жыйындарына гана барбастан, Астанага дагы сапар тартты. Ал эми сентябрь айынын аягында Россияга расмий иш сапары менен барып келди

Белгилей кетсек, бул 1991-жылдан бери КРдин өкмөт башчысынын Россияга болгон биринчи расмий иш сапары болду.

Сочи шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинде премьер-министр Сапар Исаков Кытай тарап менен Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ысык-Көлдүн айланасын курчай курула турчу жолду каржылоого Кытай тарап жардам берет деп ишеним артып жатканын кошумчалаган. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСапар Исаков Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен маектешүү маалында
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Кытай мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен маектешүү маалында

Ал эми Кытай эл республикасынын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен маектешүү маалында Исаков кыргыз жарандарына Кытай визасын тоскоолдуксуз берүү маселесин козгоп, Кэцян кол алдындагыларга бул маселени карап чыгуу тапшырмасын берди.

Долбоорлор жана демилгелер

Исаков президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган кезинде эле "Таза коом" долбоорун ишке киргизүүгө аракет кылып келген. Октябрдын башында премьер-министр portal.tazakoom.kg мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталынын бет ачарына катышып, чет элдик паспорт, ЗАГСка арыз тапшыруу сыяктуу бир катар кызматтарды онлайн түрүндө алуунун жолдорун көрсөтүп берген. 

Иш-чарада баш кошууга бел байлаган эки жуп онлайн арыз берип, Исаков алар Кыргызстандын өнүгүп жатканын көрсөткөнүн белгилеген. Андан соң эки жаштын тоюна катышкан жайы бар. Баса, өкмөт башчы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн саны арбый берерин кошумчалаган. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков жаш жубайлардын үйлөнүү тоюна катышты
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Сапар Исаков жаш жубайлардын үйлөнүү тоюна катышты

Өкмөт мындан тышкары жол кыймылынын коопсуздук системасын реформалоонун 100 пунктудан турган планын иштеп чыкты. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларында сүрөт жана видео байкоо системаларын орнотуу бар. Бул жол кырсыктарынын санын азайтмакчы. Коопсуздукту күчөтүү максатында Исаков Кайгуул милициясын жоюп, анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түздү. Мында айрым ашыкча делген функциялар алып салынды.

Ошондой эле өкмөт наркы кескин жогорулай баштаган көмүрдүн баасын ооздуктоо аракетин көрдү. Ага чейин кара алтындын бир тоннасы 12,5 миң сомду чапчып барган. Аны менен бирге өкмөт башчы быйыл мамлекеттик органдардын чыгымын 11,4 миллион сомго кыскарта турганын билдирди. 

Экономикалык өсүш жана багы ачылбаган MegaCom

"Альфа Телеком" ЖАК (MegaCom соода маркасы) акцияларынын 100 пайызын сатуу аракети оңунан чыкпай калды.

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда өкмөттүн менчиги болгон уюлдук оператор бир катар ишке ашпай калган аукциондордон кийин түз сатууга коюлган. Баасы 13,5 миллиард сомго бааланган операторду сатып алуу үчүн билдирме тапшыруунун мөөнөтү 25-сентябрда аяктамак. Кардар 7 пайыздык комиссиялык төлөмдү төлөп, андан тышкары, соттук териштирүүлөрдү да мойнуна алмак. 

© Фото / персональный сайт Елены НагорнойРоссиялык Елена Нагорная аз жерден "Альфа Телекомдун" (MegaCom) ээси болуп кала жаздаган. Өкмөт көп өтпөй бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү токтоткон
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Россиялык Елена Нагорная аз жерден "Альфа Телекомдун" (MegaCom) ээси болуп кала жаздаган. Өкмөт көп өтпөй бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү токтоткон

Компанияны сатып алууга жалгыз Россия жараны Елена Нагорнаядан арыз келип түшкөн. Бирок ишкер айымдын койгон талаптары КР мыйзамдарына туура келбегендиктен 15-октябрда сүйлөшүүлөр токтотулган

Премьердин башкы милдеттеринин бири — экономиканы өнүктүрүү. Учурда ички дүң продукция боюнча маалымат октябрь айына карата алынган. Редакция Экономика министрлигинин маалыматына таянууда. 

Сапар Исаков өкмөт башына келгенден бери экономикада кандай өсүштөр болду
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков өкмөт башына келгенден бери экономикада кандай өсүштөр болду

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 382,6 миллиард сомго жетсе, былтыркы ушул маалдагы көрсөткүч 359,9 миллиардды түзгөн. Эгер сентябрь-октябрь айларын алсак (дал ушул учурда Исаков премьерликти аркалаган), ИДПнын көлөмү 100 миллиард сомду чапчыган. Ал эми былтыркы жылдын ушул учурун карасак, көрсөткүч 99,5 миллиарддын тегерегинде экенин көрүүгө болот.

Баланын пешенесин сылап... 

Исаков үч ай ичинде облустарга жасаган иш сапарларында жетим-жесир, жетишпегендердин үйүнө бир нече ирет баш багып, балдардын башын сылап, башкалардын алын сураганы менен да эсте калды. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИсаков үч ай ичинде облустарга жасаган иш сапарларында жетим-жесир, жетишпегендердин үйүнө бир нече ирет баш багып, балдардын башын сылап, башкалардын алын сураганы менен эсте калды
Сапар Исаковдун 100 күндүк премьерлиги. Өкмөттүн ишине көз жүгүртүп - Sputnik Кыргызстан
Исаков үч ай ичинде облустарга жасаган иш сапарларында жетим-жесир, жетишпегендердин үйүнө бир нече ирет баш багып, балдардын башын сылап, башкалардын алын сураганы менен эсте калды

Исаковдун ымыркайды  аяр кучактап турган сүрөтү, чөгөлөп отуруп тестиердин башын сылап, баланын көз жашын аачып жатканы көптөрдүн көңүлүндө жылуулук жаратты.

Сүрөт ирмемдерден жасалмалуулукту, эптеп жасап койгон камкордукту байкоо кыйын.

Жаңылыктар түрмөгү
0