1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1983-жылы Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтун зооинженер адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1976-1977 — Өзгөн районундагы Ленин мектебинде мугалим
- 1977-1983 — Константин Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун студенти
- 1983-1988 —Ош облусунун Совет районундагы "Совет" совхозунда башкы зоотехник
- 1988-1989 —Ош облусунун Совет районундагы коммунистик партиянын инструктору
- 1989-1991 — Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы
- 1991-1993 — Ульянов атындагы совхоздун директору
- 1993-1996 — Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол колхозунун башкармасы
- 1996-1997 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
- 1997-2000 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы
- 2000-2005 — Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасынын орун басары
- 2005— Жогорку Кеңештин депутаты,
- 2007 — Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри
- 2010-2012 — Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу
- 2012-2015 — Өкмөттүн Ош облусундагы туруктуу өкүлү
- 2015-жылдын 10-декабрына чейин өкмөттүн Ош облусундагы туруктуу өкүлү;
- 2015 – 2016 — Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
- 2016-жылдын мартынан тарта КР президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
- 2016-2017 — КР премьер-министри;
- 2017-жылдын 24-ноябрынан тарта КР президенти;
- 2020-жылдын 16-октябрында элдик толкундоонун натыйжасында кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.