00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Чёрная пятница в литературе: почему герои книг покупали то, что им было не нужно
18:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда 2035-жылга чейин кесиптерге болгон суроо-талаптын божомолун эске алуу менен адистерди даярдоо багыттарынын тизмеси жаңыланды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптер форум-көргөзмөсүндө Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.Анын айтымында, адистиктердин тизмеси 2011-жылдан бери жаңыртыла элек. Аны кайра карап чыгууда жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу жоголуп кетиши мүмкүн болгон кесиптер да эске алынган. Министр учурда студенттер медицина, педагогика, техникалык жана инженердик багыттагы адистиктерди көбүрөөк тандап жатканын белгиледи.
Кыргызстандык дарыгерлер эне менен баланын ден соолугун сактоо жаатында тажрыйба топтоо үчүн Минскиге барат.Бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов беларустук кесиптеши (министрин орун басары) Борис Андрасюк менен макулдашты. Эске салсак, Беларуста энелердин өлүмү аз. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына таянсак, өлкөдө энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн балага 1 учурду түзгөн. Министрликтен бул тажрыйба Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү экендигин, эне менен баланын ден соолугун коргоонун улуттук системасын өркүндөтүүгө негиз боло аларын айтышты.
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу кеңешинин Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн 43-жыйынында 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматовдун жылы, ал эми Талас шаарын "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Аталган чечимдер Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени 2028-жылы кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 100 жыл толот. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн жана улуттук баалуулуктарын эл аралык деңгээлде таанытып келет. Ал эми Талас облусу — "Манас" эпосунун мекени жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган жери катары өзгөчө тарыхый-маданий мааниге ээ. Таластын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышы аймактын тарыхын, маданиятын, улуттук мурасын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга шарт түзөт.
Россиянын 450дөй ЖОЖунда квота менен акысыз окууга болот "Русский дом" Бишкектеги "Жаратман МУУН" форум-көргөзмөсүндө Россиянын университеттерине, анын ичинде өкмөттүк квота менен тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн билим берүү долбоорлорунун куратору Павел Гультяевдин айтымында, квота акысыз окууну жана стипендияны камтыйт.Абитуриенттер гуманитардык, инженердик-техникалык жана медициналык багыттарды тандап, бакалавриатка, магистратурага жана аспирантурага тапшыра алышат. Квота боюнча тапшыруу онлайн жүргүзүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0