Мамлекеттик мүлк фондусун Дүйшөнбек Зилалиев жетектемей болду

Жазылуу
Зилалиев буга чейин вице-премьер болуп иштеген

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлк фондусун жетектейт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Маммүлктүн башчысы Болсунбек Казаков 23-ноябрда кызматынан бошотулган болчу.

Ал эми Зилалиев буга чейин вице-премьерликти аркалап келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0