БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Астана шаарында бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын "Жол картасына" кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.
"Жол картасы" боюнча келишимге кыргыз тараптан вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, ал эми Казакстандан өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койду", — деп билдирди маалымат кызматы.
Эске салсак, Минскиде болгон ЖККУнун өлкө башчыларынын саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков менен Нрусултан Назарбаев чек араны ачуу боюнча макулдашып, буга чейин түзүлгөн "Жол картасына" кол коюу макулдашылган.
"Чек ара 3-декабрда саат 00:00дөн тарта адаттагы тартип менен иштей баштайт", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
"Жол картада" эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин чечүү, чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык жаатында өз ара кызматташуу боюнча комплекстүү чаралар каралган. Документ 16 ыкчам мүнөздөгү, 5 кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чараларды камтыйт.
Белгилей кетсек, 10-октябрда кыргыз-казак чек арасынан өтүү кыйындай баштаган. Расмий Астана бул кадам чек арадан өтүп жаткан мыйзамсыз товарларды ооздуктоо үчүн жасалып жатканын билдирген.