БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Толкунбек Абдыгуловду вице-премьер министрликке дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Абдыгулов буга чейин биринчи вице-премьер министр болуп иштеп келген. Жогорку Кеңеш 22-ноябрдагы жыйынында Абдыгуловдун талапкерлигин вице-премьерликке жактырган болчу.