БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Казакстан менен чек ара маселеси боюнча макулдашты. Бул туурасында Sputnik Казакстан казак өкмөтүнө таянып кабарлады.
19-октябрда саат 00:00дөн тарта казак-кыргыз чек арасынан жөнөкөй адамдардын, жеңил автоунаалардын, бош ири унаалардын ары-бери эркин катташы биринчи орунга коюлду.
Мындан сырткары, маалымат кызматтын билдиргенине караганда, кыргыз-казак премьерлеринин орун басарлары жетектеген иш тобу түзүлөт. Алар эки тараптын экономикалык алакаларынын маанилүү маселелери боюнча "жол картасын" даярдамакчы.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Казакстан жетекчилигин Кыргызстандагы шайлоолорго киришкендиги үчүн айтыптаган. Ал эми буга жооп кылган Астана мындай кептер негизсиз экендигин айтып, нааразылыгын билдирген.
Андан бир күн өтпөй эле,, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.
Кечээ, 18-октябрда, Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаев тууралуу ашыкча айтып алгандыгын мойнуна алып, ошол эле күнү кыргыз премьери Сапар Исаков сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астанага учуп кеткен.