БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеш вице-премьерлик кызматка Даир Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.
Депутаттар Кенекеевдин Талас облусунда иштеген эки жылында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас — Тараз — Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын баса белгилешти.
Кечээ күнү парламенттин тармактык комитети Даир Кенекеевдин талапкерлигин карап, бир добуштан колдоп берген. Аны жаңы кызматка өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.
Учурда Кенекеев кайсы тармакты тейлей турганы аныктала элек.