https://sputnik.kg/20261128/1105174995.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытай энергосистемаларын бириктирүүнү пландап жатат, мындан тышкары, Кыргызстан коңшу өлкөдөн электр энергиясын сатып алууга ниеттенүүдө. Бул... 28.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-28T08:59+0600
2026-11-28T08:59+0600
2026-11-28T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1c/1105174829_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_28cede2d5789803bfd07869aa09859db.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Кытай энергосистемаларын бириктирүүнү пландап жатат, мындан тышкары, Кыргызстан коңшу өлкөдөн электр энергиясын сатып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинин башчысы Алтынбек Рысбековдун Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Тараптар электр кубатын импорттоо жана чек арадагы өнөр жай паркын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр берүү линиясын куруу маселесин талкуулашты. Рысбеков энергетикалык инфраструктураны курууну каржылоо маселелери дээрлик иштелип чыкканын белгилеп, аны 2027-жылдын декабрында пайдаланууга берүүнү сунуштады.
Кыргызстанда жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөк пайызы алты пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, үч пайыздык насыяларды берүү үчүн каражат 2026-жылдын аягына чейин мамлекеттик банктарга которулат. Министр жыл сайын бөлүнүп жаткан 20 миллиард сом тармактын муктаждыгын толук жабууга жетишсиз экенин белгиледи. Акунбековдун айтымында, эгер насыялык каржылоонун көлөмү жыл сайын 10 миллиард сомго көбөйтүлсө, 2030-жылга чейин айыл чарба тармагынын насыяга болгон муктаждыгын толук камсыздоого болот. Ошондой эле министр насыялар бай фермерлерге гана берилет деген пикирлерге комментарий берди. Ал "Ай Дыйкан" тиркемеси аркылуу фермерлердин кайрылуулары талданып, насыя берүүдөн баш тартуунун себептери, анын ичинде күрөөнүн жетишсиздиги жана башка тоскоолдуктар аныкталарын айтты.
Өлкөдө 9-декабрдан тарта мопед, скутер, мокик, мотороллер жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү талап кылынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Мындай талап техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттарына да тиешелүү. Бензин менен жүргөн мопеддин кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпашы керек. Ошондой эле мындай транспортту башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Мекеме билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Бишкекте мотоцикл, скутер, самокат жана электровелосипеддердин катышуусунда 372 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 379 киши жаракат алган.
2028-жылы футзал боюнча Азия кубогунун финалдык баскычтары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 27-ноябрда Таиланддын Пхукет шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) футзал жана пляж футболу боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынган. Мелдештин финалдык бөлүгү 2028-жылдын 24-январынан 6-февралына чейин өтөт. Кыргыз футбол биримдиги бул окуяны өлкө үчүн тарыхый жетишкендик жана кыргыз футзалынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам катары баалады. Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турнирлерин өткөрүп келген. Бирок континенттик биринчиликтин финалдык баскычы өлкөдө биринчи жолу уюштурулат.
Кыргызстан менен Кытай энергосистемаларын бириктирүүнү пландап жатат, мындан тышкары, Кыргызстан коңшу өлкөдөн электр энергиясын сатып алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинин башчысы Алтынбек Рысбековдун Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Тараптар электр кубатын импорттоо жана чек арадагы өнөр жай паркын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр берүү линиясын куруу маселесин талкуулашты. Рысбеков энергетикалык инфраструктураны курууну каржылоо маселелери дээрлик иштелип чыкканын белгилеп, аны 2027-жылдын декабрында пайдаланууга берүүнү сунуштады.Кыргызстанда жеңилдетилген айыл чарба насыяларынын үстөк пайызы алты пайыздан үч пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министри, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, үч пайыздык насыяларды берүү үчүн каражат 2026-жылдын аягына чейин мамлекеттик банктарга которулат. Министр жыл сайын бөлүнүп жаткан 20 миллиард сом тармактын муктаждыгын толук жабууга жетишсиз экенин белгиледи. Акунбековдун айтымында, эгер насыялык каржылоонун көлөмү жыл сайын 10 миллиард сомго көбөйтүлсө, 2030-жылга чейин айыл чарба тармагынын насыяга болгон муктаждыгын толук камсыздоого болот. Ошондой эле министр насыялар бай фермерлерге гана берилет деген пикирлерге комментарий берди. Ал "Ай Дыйкан" тиркемеси аркылуу фермерлердин кайрылуулары талданып, насыя берүүдөн баш тартуунун себептери, анын ичинде күрөөнүн жетишсиздиги жана башка тоскоолдуктар аныкталарын айтты.Өлкөдө 9-декабрдан тарта мопед, скутер, мокик, мотороллер жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү талап кылынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Мындай талап техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттарына да тиешелүү. Бензин менен жүргөн мопеддин кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпашы керек. Ошондой эле мындай транспортту башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Мекеме билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Бишкекте мотоцикл, скутер, самокат жана электровелосипеддердин катышуусунда 372 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 379 киши жаракат алган. 2028-жылы футзал боюнча Азия кубогунун финалдык баскычтары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 27-ноябрда Таиланддын Пхукет шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) футзал жана пляж футболу боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынган. Мелдештин финалдык бөлүгү 2028-жылдын 24-январынан 6-февралына чейин өтөт. Кыргыз футбол биримдиги бул окуяны өлкө үчүн тарыхый жетишкендик жана кыргыз футзалынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам катары баалады. Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турнирлерин өткөрүп келген. Бирок континенттик биринчиликтин финалдык баскычы өлкөдө биринчи жолу уюштурулат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1c/1105174829_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6d9d024759bb3130f94c5673bceb0362.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио