https://sputnik.kg/20261129/1105191494.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Бул туурасында коомдук талкууга илинген... 29.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-29T11:00+0600
2026-11-29T11:00+0600
2026-11-29T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1d/1105191328_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_185cd0fe3a671aa73cfc7c6d103d023e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Бул туурасында коомдук талкууга илинген долбоордо айтылат. Ага ылайык, Жогорку сот башка мамлекеттин соту белгилеген жаза мөөнөтүн Кыргызстандагы мыйзамдарда ушул кылмыш үчүн каралган эң жогорку жазадан ашпаса да, өзгөртпөй калтыра алат. Учурда чет өлкөдө соттолгон жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилгенде, сот жаза мөөнөтүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кайра карайт. Эгер чет мамлекетте белгиленген жаза Кыргызстандагы эң жогорку мөөнөттөн көп болсо, кыскартылат. Ал эми башка мамлекеттин соту белгилеген жаза Кыргызстандагы мыйзамда каралган эң төмөнкү мөөнөттөн аз болсо, мындай жагдай азыркы мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Жаңы жобо чет мамлекет жаранды өткөрүп берүү үчүн башка өлкөнүн Фемида өкүлдөрү белгилеген жаза мөөнөтүн сактоону шарт катары койгон учурларда колдонулат.
Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылык сапарынын наркы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматына ылайык, баанын жогорулашына негизги себептердин бири – Мекке шаарындагы зыяратчыларды жайгаштыруу маселеси. Буга чейин кыргызстандык ажыларга вакф мекемелери тарабынан мейманканалар акысыз бөлүнүп келген. Бирок бул жылы аталган мейманканалар ар кайсы аймактарда жайгашкандыктан, зыяратчыларды бирдей тейлөө, жардам көрсөтүү жана уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары, алардын шарттары да талаптарга толук жооп берген эмес."Ушуга байланыштуу быйыл ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Натыйжада бардык зыяратчылар бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашып, аларды тейлөө жана зарыл учурда жардам көрсөтүү жеңилдейт", - деп айтылат маалыматта. Муфтият ажылыктын наркынын жогорулашына ушул жагдайлар негизги себептердин бири болгонун белгиледи.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2028-жылды Чыңгыз Айтматов менен Таласка аймагына арнады."Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Анжианда өткөн ХХХХIII Туруктуу Кеңеши 2028-жылды Чыңгыз Айтматовдун "Түрк дүйнөсүндөгү жылы", ал эми 2028-жылды "Талас - Түрк дүйнөсү маданий борбору" болорун жарыялады", — деп жазды ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев социалдык баракчасына. 2028-жылы аалам алпы, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 100 жыл толот.
Германиянын ири коргонуу боюнча Rheinmetall концерни Украинада артиллериялык снаряддарды чыгаруучу заводдун курулушун токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Армин Паппергер инвесторлор менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууда украин тараптан жылыш болгон эмес. Киев ок-дарыларды өз алдынча өндүрүүнү каалайт. Бирок Паппергер Украина азырынча алыс аралыкка атуучу артиллериялык ок-дарыларды өз алдынча чыгара албай турганын белгиледи. Эске салсак, 2024-жылдын октябрында концерн Украинада курал-жарак чыгаруучу төрт завод куруп жатканын жана алардын биринчиси ишке киргизилгенин билдирген. Ошол учурда Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков аталган завод россиялык аскерлер үчүн мыйзамдуу бута болорун айткан.
Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Бул туурасында коомдук талкууга илинген долбоордо айтылат. Ага ылайык, Жогорку сот башка мамлекеттин соту белгилеген жаза мөөнөтүн Кыргызстандагы мыйзамдарда ушул кылмыш үчүн каралган эң жогорку жазадан ашпаса да, өзгөртпөй калтыра алат. Учурда чет өлкөдө соттолгон жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилгенде, сот жаза мөөнөтүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кайра карайт. Эгер чет мамлекетте белгиленген жаза Кыргызстандагы эң жогорку мөөнөттөн көп болсо, кыскартылат. Ал эми башка мамлекеттин соту белгилеген жаза Кыргызстандагы мыйзамда каралган эң төмөнкү мөөнөттөн аз болсо, мындай жагдай азыркы мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Жаңы жобо чет мамлекет жаранды өткөрүп берүү үчүн башка өлкөнүн Фемида өкүлдөрү белгилеген жаза мөөнөтүн сактоону шарт катары койгон учурларда колдонулат.Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылык сапарынын наркы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматына ылайык, баанын жогорулашына негизги себептердин бири – Мекке шаарындагы зыяратчыларды жайгаштыруу маселеси. Буга чейин кыргызстандык ажыларга вакф мекемелери тарабынан мейманканалар акысыз бөлүнүп келген. Бирок бул жылы аталган мейманканалар ар кайсы аймактарда жайгашкандыктан, зыяратчыларды бирдей тейлөө, жардам көрсөтүү жана уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары, алардын шарттары да талаптарга толук жооп берген эмес."Ушуга байланыштуу быйыл ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Натыйжада бардык зыяратчылар бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашып, аларды тейлөө жана зарыл учурда жардам көрсөтүү жеңилдейт", - деп айтылат маалыматта. Муфтият ажылыктын наркынын жогорулашына ушул жагдайлар негизги себептердин бири болгонун белгиледи. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2028-жылды Чыңгыз Айтматов менен Таласка аймагына арнады."Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Анжианда өткөн ХХХХIII Туруктуу Кеңеши 2028-жылды Чыңгыз Айтматовдун "Түрк дүйнөсүндөгү жылы", ал эми 2028-жылды "Талас - Түрк дүйнөсү маданий борбору" болорун жарыялады", — деп жазды ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев социалдык баракчасына. 2028-жылы аалам алпы, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 100 жыл толот. Германиянын ири коргонуу боюнча Rheinmetall концерни Украинада артиллериялык снаряддарды чыгаруучу заводдун курулушун токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Армин Паппергер инвесторлор менен жолугушууда билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууда украин тараптан жылыш болгон эмес. Киев ок-дарыларды өз алдынча өндүрүүнү каалайт. Бирок Паппергер Украина азырынча алыс аралыкка атуучу артиллериялык ок-дарыларды өз алдынча чыгара албай турганын белгиледи. Эске салсак, 2024-жылдын октябрында концерн Украинада курал-жарак чыгаруучу төрт завод куруп жатканын жана алардын биринчиси ишке киргизилгенин билдирген. Ошол учурда Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков аталган завод россиялык аскерлер үчүн мыйзамдуу бута болорун айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1d/1105191328_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4cc51483def7573bba3650eb59d02041.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио