Жети сааттын ичинде тагдыры чечилген Liglass

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-сентябрь Жогорку Нарын ГЭСтер каскады үчүн бөлүнгөн 37 миллион доллар чех ишканасы тарабынан төлөнө турган акыркы мөөнөт эле. Бирок бир күн ичинде белгиленген саатка чейин кырдаалды баштан-аяк өзгөрткөн окуялар болуп кетти.

БИШКЕК, 19-сен — Sputnik. Liglass Trading CZ, SRO жетекчилиги Бишкекке келип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маалымат жыйынын өткөрдү. Быйылкы жылдын июль айында аталган ишкана Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча милдеттенмелерди алган эле.

Келишимге кол коюлган убактан тарта маалымат каражаттарында Liglass Trading компаниясынын акчасы тууралуу, ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы жок, кыргызстандык аткаминерлер гана ал компаниянын кызыкчылыгын сүрөмөлөйт деп жазып чыккан.

Акча маселеси

Кумтөр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы эреже: "Кумтөргө" кыргыз тараптан башкы менеджер дайындалды
Чехиялык компаниянын аталган долбоордун мурдагы инвестору "Русгидро" ишканасынын 37 миллион долларлык чыгымын жабууга берген убадасы башкы маселе болчу. Төлөө мөөнөтү бир канча ирет жылдырылган. Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турган маалда эле 15-сентябрь акыркы күн экенин айткан. Кийин премьер-министр болгодон кийин акыркы мөөнөт катары 18-сентябрды атады. Көп өтпөй, Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитети 19-сентябрь тагдыр чечүүчү күн экенин билдирген.

Чех ишканасына "медиааңчылык"

Кечээги басма сөз жыйынында Liglass Trading CZ, SRO башкы директору Михаэль Смелик келишимдерге кол коюлган 11-июлдан тарта жалпыга маалымдоо каражаттарында сындарды камтыган макалалар көп жарыяланып, ишканасына, жеке дарегине да "жалган жалаа тагылып, аңчылык башталганын" айтты. Ишкана жетекчиси коомдук ишмер Эдил Байсаловду да сотко берерин айтып сөөмөй кезеди. Айтымында, ал "ишкана банкротко учураган, каражаттарын адалдайт, ал эми биз кылмышкер" деген имиш. Смелик Байсаловду форс-мажор менен салыштырды.

Каражат барбы?

Liglass Trading жетекчисинин билдиришинче мындай ызы-чуудан кийин Barclays эл аралык банкы 2-августта бул "медиааңчылыкта" тобокелге салбаш салбаш үчүн чехиялык ишкана менен кызматташуудан баш тарткан.

"Unikredit банкында 40 эсебим бар. Эми алардын баары атайын кароого алынды. Телефонго 50 доллар да төлөй албайм, себеби, эсептеримди комиссия иликтеп жатат", — деп арызданды Смелик.

Ал долбоор ишке ашаарына убада берди. Журналисттердин "37 миллион долларды төгөсүзбү?" деген түз суроосуна Смелик жооп бербей турганын айтып, бирок акчасы бар экендигине ынандырууга аракеттенди.

Чакырык кабыл алынды. Байсалов сот туурасында

Туура үч сааттан соң (15.00дө) Эдил Байсалов маалымат жыйынын уюштурду.

"Менин дарегиме карата айтылган коркутуу боюнча чакырыкты кабыл алдым. Мага десе Прага, Брюссель жана Майамидеги сотко берсин", — деди Байсалов.

Коомдук ишмер доону жеңип чыгарына ишенет. Анын пикиринде, чех ишканасынын өкүлдөрүнүн жыйыны Кыргызстандын бийлигиндеги аларды калкалагандар тарабынан уюштурулган.

Газпром корпорациясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин: "Газпром" ишканасы Кыргызстандын энергетикасына 100 млрд. рубль жумшайт
"Баары жакшы болуп турганда Байсалов пайда боло калып, баарын талкалады" өңүтүндөгү оюн коюуну суранышкан. Интернетке чыга ала турган адам жеңилгис күчпү? Форс-мажор экендигиме куштарландым", — деди ал.

Байсалов Liglass жетекчилигин Кыргызстандын гидроэнергетика сыяктуу улуттук байлыгы табышталган шектүү адамдар. Чакан деп аталганы эле болбосо курула турган ГЭСтин бири көлөмү боюнча өлкөдө экинчи орунда турган Орто-Токой суу сактагычында курулган", — деп белгиледи Байсалов.

Жооптуу вице-премьердин жообу

Болжол менен саат 14.30дар чамасында долбоорго жооп берген вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кырдаал боюнча билдирүү жасады. Келишимге ал Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп турган маалда кол коюлган.

"Алар (Liglass Trading — ред.) төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөткө расмий кат менен кайрылган. Биз ал катты мамлекеттик органдарга жолдогонбуз, алар бүтүм чыгарган. Бардык документтерди топтогондон кийин премьер-министрге тапшырабыз. Бүгүн-эртең жетишебиз деп турабыз", — деген Зилалиев.

Ал 19-сентябрь 37 миллион долларды төлөөнүн акыркы мөөнөтү экенин, ал эми 20сында чечим кабыл алуу керектигин да эскерткен. Эгер негизсиз деп табылса, Кыргызстан бир тараптуу түрдө келишимди жокко чыгарарын айткан вице-премьер.

Өкмөттүн бүтүмү

Бирок өкмөт шаршембини күтпөдү. Саат 19.00дө премьер-министр Сапар Исаковдун жетектөөсүндө жыйын болуп өттү. Алгач сөздү Зилалиев сүйлөдү.

"Мамлекеттик органдарды чукул чогултуп, төлөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү мыйзамдарга жана келишимдерге ылайык келбейт, укуктук мүмкүнчүлүктөр жок деген бүтүмгө келдик" — деди Зилалиев.

Алмазбек Атамбаев принял Айбека Калиева - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев энергохолдинг төрагасы Калиев менен кышка даярдыкты талкуулады
Исаков андай чечимди туура көрүп, Liglass менен келишимди бузуунун жол-жобосун баштоону тапшырды. Премьер Кыргызстандын бир тараптуу келишимди бузууга толук акысы бар экендигин, себеби, чех тарап милдеттенмелерин аткарбагандыгын эскертти.

Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов билдиргендей, чех ишканасы төккөн баштапкы сумма – 1 миллион 147 миң доллар Кыргызстанда калат. Андан сырткары, келишимдерге кол коюлган убактан бери өлкөгө эч кандай зыян келтирилбегенине ишендирип өттү.

Жыйынтыгында Исаков келишимдерди жокко чыгаруу жана жаңы тендерди өткөрүү иштерин тездетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0