Исаковдун кеңешчиси кызматынан жогорулады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНазначение директора Агентства по продвижению и защите инвестиций КР
Назначение директора Агентства по продвижению и защите инвестиций КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиновник инвестиция маселелерин караган ведомствону жетектейт

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Премьер-министрдин кеңешчиси Эсенкул Момункулов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исаков: дүйнөлүк экономикада өзүбүздүн ордубузду табышыбыз керек
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Агенттик Экономика министрлигинен бөлүнүп, өз алдынча мамлекеттик орган болуп калган. Агенттик инвестиция жана экспорт боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүп өкмөт башчыга отчет берет.

Момункулов 5-сентябрдан бери премьер-министрдин кеңешчиси болуп иштеген. Ал Германиядагы Гейдельберг университетин аяктаган. Буга чейин президенттин, өкмөттүн аппараттарында инвестициялык долбоорлор боюнча иш алып барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0