https://sputnik.kg/20261129/1105189845.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Келерки жылы курулуш жана туризм тармактары Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошот. Бул тууралуу КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы... 29.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-29T08:59+0600
2026-11-29T08:59+0600
2026-11-29T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1d/1105189679_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_05287296c153d81698a724e6a3942030.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Келерки жылы курулуш жана туризм тармактары Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошот. Бул тууралуу КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан акыркы эки жылдан бери ИДПнын өсүү темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда келе жатат. Экономикалык өсүш негизинен курулуш, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана туризм тармактарында байкалууда. Кармышаков белгилегендей, быйылкы жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшү жети пайызга өскөн. Ошондой эле бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык акысы 16,6 пайызга жогорулап, 55 миң сомдон ашкан. Ал өлкө үчүн маанилүү долбоорлордун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.
2027-жылдагы ажылыктын наркы миң доллардан ашык акчага көтөрүлүп, 5800 доллар деп бекитилди. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Баа зыяратчыларды жайгаштырууга байланыштуу маселелерден улам көтөрүлгөнүн түшүндүрүштү. "Буга чейин Меккедеги фонддор мейманканаларды акысыз берчү. Бирок быйыл ал жайларга жайгашуу мүмкүн болбой калды. Себеби, сөз болуп жаткан мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринен орун алган. Мындай шартта бирдей тейлөө, кызмат кылуу, зарыл болуп калганда жардам берүү жана уюштуруу иштери бир топ кыйын болуп келген. Ал жайлардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен", — деп маалыматта айтылат. Мындан улам зыяратчыларды акы төлөнгөн мейманкаларга жаткырууну чечишкен. Белгилей кетсек, былтыр ажылыктын акчасы 4650 доллар болчу.
Ташкентте менингококк инфекциясын жуктургандардын саны 35,4 эсеге өстү. Өзбекстандын борборунда тогуз ай ичинде менингококк инфекциясын жуктурган 354 учур катталган. Ал эми Кыргызстанда 11 айда 35 учур аныкталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга аз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы билдирди.“Бул инфекция мезгилге жараша жайылат. Оорунун күчөшү ар 8–12 жылда кайталанып турат. Кыргызстанда акыркы жолу мындай өсүш мындан эки жыл мурун байкалган. Андан кийин ооругандардын саны азайып жатат. Өзбекстанда бул цикл башкача болушу мүмкүн. Андыктан ал жактагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү Кыргызстанда да оору күчөйт дегенди билдирбейт. Кооптонууга негиз жок”, — деди Нурайым Жаманкулова.
Зеленский Киевдин Ливиядагы портко жасаган чабуулу тууралуу Европанын кабардар болбогонун моюнга алды.Бул тууралуу ал Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони менен сүйлөшүү учурунда билдирген. “Мен Ливиядагы акыркы операция европалык өнөктөштөрүбүз менен алдын ала макулдашылбастан жүргүзүлгөнүн тастыктадым”, — деп жазган соцбаракчасына.Буга чейин Зеленский украин күчтөрү өнөктөштөрү менен макулдашпай туруп, Россиянын кемелерине каршы оп
Келерки жылы курулуш жана туризм тармактары Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошот. Бул тууралуу КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан акыркы эки жылдан бери ИДПнын өсүү темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда келе жатат. Экономикалык өсүш негизинен курулуш, айыл чарба, кызмат көрсөтүү жана туризм тармактарында байкалууда. Кармышаков белгилегендей, быйылкы жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшү жети пайызга өскөн. Ошондой эле бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык акысы 16,6 пайызга жогорулап, 55 миң сомдон ашкан. Ал өлкө үчүн маанилүү долбоорлордун бири катары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.2027-жылдагы ажылыктын наркы миң доллардан ашык акчага көтөрүлүп, 5800 доллар деп бекитилди. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Баа зыяратчыларды жайгаштырууга байланыштуу маселелерден улам көтөрүлгөнүн түшүндүрүштү. "Буга чейин Меккедеги фонддор мейманканаларды акысыз берчү. Бирок быйыл ал жайларга жайгашуу мүмкүн болбой калды. Себеби, сөз болуп жаткан мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринен орун алган. Мындай шартта бирдей тейлөө, кызмат кылуу, зарыл болуп калганда жардам берүү жана уюштуруу иштери бир топ кыйын болуп келген. Ал жайлардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен", — деп маалыматта айтылат. Мындан улам зыяратчыларды акы төлөнгөн мейманкаларга жаткырууну чечишкен. Белгилей кетсек, былтыр ажылыктын акчасы 4650 доллар болчу.Ташкентте менингококк инфекциясын жуктургандардын саны 35,4 эсеге өстү. Өзбекстандын борборунда тогуз ай ичинде менингококк инфекциясын жуктурган 354 учур катталган. Ал эми Кыргызстанда 11 айда 35 учур аныкталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга аз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы билдирди.“Бул инфекция мезгилге жараша жайылат. Оорунун күчөшү ар 8–12 жылда кайталанып турат. Кыргызстанда акыркы жолу мындай өсүш мындан эки жыл мурун байкалган. Андан кийин ооругандардын саны азайып жатат. Өзбекстанда бул цикл башкача болушу мүмкүн. Андыктан ал жактагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү Кыргызстанда да оору күчөйт дегенди билдирбейт. Кооптонууга негиз жок”, — деди Нурайым Жаманкулова.Зеленский Киевдин Ливиядагы портко жасаган чабуулу тууралуу Европанын кабардар болбогонун моюнга алды.Бул тууралуу ал Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони менен сүйлөшүү учурунда билдирген. “Мен Ливиядагы акыркы операция европалык өнөктөштөрүбүз менен алдын ала макулдашылбастан жүргүзүлгөнүн тастыктадым”, — деп жазган соцбаракчасына.Буга чейин Зеленский украин күчтөрү өнөктөштөрү менен макулдашпай туруп, Россиянын кемелерине каршы оп
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/1d/1105189679_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8b5a843df85a4e9bd26a598074c991fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио