БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын жараны "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун 100 пайызын сатып алууга ниеттенип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.
Кыргыз өкмөтүнө таандык уюлдук операторду сатуу боюнча бир нече ирет аукцион өтүп, бирок кардар чыккан эмес. Мындан улам 25-августта ишкана түз сатыкка коюлган. Сатып алуу үчүн арыздар 25-сентябрь саат 17.00гө чейин кабыл алынмак. Компаниянын наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, ага жалпы сумманын жети пайызы комиссия катары кошулмак.
"Россия жараны Елена Нагорнаядан арыз келип түштү. Ал бардык шартка макул. Бүгүн эртең менен сүйлөшсөм Нагорная бир нече ишканасы бар экенин, каражаты оффшордук эмес, расмий экенин айтты", — деди Казаков.
100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. "Альфа Телеком" боюнча аукцион былтыр май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен. Кийинки аукцион 16-декабрга 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом менен белгиленип, бирок ал да ишке ашпай калган. 2017-жылдын 5-июнунда дагы бир аукцион өтмөкчү болуп, наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, тилекке каршы, бир да арыз түшкөн эмес.
Андан соң аукцион, сынак жана соода-сатыктын башка түрү үч ирет катары менен ишке ашпай калган учурда мамлекеттик объектилерди түз сатыкка коюу боюнча токтомдун долбоору иштелип чыккан.