Казакстандын премьер-министри чек арадагы кырдаал тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБдин кезектеги өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Арменияда өтүп жатат

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев чек арадагы кырдаалга карата комментарий берди.

Чек арадан товар өткөрүп иштеген Индия апа: араба түртүп бутума турдум - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан товар өткөрүп иштеген "Индия апа": араба түртүп бутума турдум
Евразия экономикалык бирикмесинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 25-октябрь күнү Армениянын борбору Ереванда өтүп жатат.

Сагинтаевдин айтымында, Кытайдын товарларын импорттоо динамикасынын анализи Кыргызстандан башка өлкөлөрдө төмөндөгөнүн көрсөткөн. Кыргызстан Кытайдан 2,6 миллиард долларга товар импорттогон делген маалымат тараган болсо, Кыргызстандын маалыматы боюнча 900 миллион долларлык товар импорттолгон.

"Кыргызстанга Кытайдан Россия менен Казакстанга салыштырмалуу кийим-кече жана бут кийим көп жөнөтүлөт", — деди Сагинтаев.

Анын пикиринде бул Кыргызстандын бажы башкаруусунун алсыздыгынан кабар берет. Аталган маселе ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынында буга чейин дагы көтөрүлүп, Кыргызстан бирдиктүү саясатты жүргүзүшү керек болгон.

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Казакстандын премьер-министри менен сүйлөштү
"Бирок кыргыз тарап тийиштүү иш-чараларды өткөргөн жок. Мындан улам ЕАЭБ өлкөлөрү кошумча нарк салыгынан 2,68 миллиард доллар жоготту. Бул иштин бардыгы Кыргызстанга каршы жүргүзүлүп жаткан жок. Биз болгону жүк ташуучу унаалардан мыйзам бузууларды таап жатабыз", — деди Сагинтаев.

Премьер-министр Сапар Исаков жооп катары чек арадагы бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын кыжырына тийип жатканын билдирди.

"Мен талашып-тартышпайм, бул өтө көп убакытты талап кылат. Жыйындын жыйынтыгында биз тийиштүү билдирүү жасайбыз", — деди Исаков.

Чек арадагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралган. Астананын маалыматына караганда, бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автолор менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0