Эмгек жолу:
- 1990 – 1991 — электромонтаждоочу, "УГЭС" акционердик коомунун башкармалыгы;
- 1995 – 1996 — Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө башкармалыгында тергөөчү;
- 1999 – 2000 — КР ИИМ академиясында окутуучу;
- 2000 — КР ИИМ академиясынын окумуштуу катчысы;
- 2002 – 2003 — КРдин Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин көзөмөл-укук башкармалыгынын башчысы;
- 2003 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен боюнча башкармалыгынын башчысы;
- 2004 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин аппарат жетекчиси;
- 2005 — Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер;
- 2005 – 2009 — Президент администрациясынын Коопсуздук жана коргоо иштери боюнча бөлүмдүн, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти;
- 2009 – 2010 — Президенттин Коргоо, коопсуздук жана тартип сактоо боюнча мамлекеттик кеңешчи кызматынын инспектору;
- 2011– 2013 — Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;
- 2013-жылдан тартып Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- 2016-жылдын 29-июнунан 2017-жылдын август айына чейин Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси;
- 2017-жылдын августунан 17-ноябрга чейин Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр;
- 2017-жылдын 23-ноябранын тарта Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси. Ушул эле жылдын аягында отставкага кеткен.
2018-жылы октябрь айында Зилалиев бомба тууралуу билдирүү таратканы үчүн үч жылга шарттуу кесилген. Ал эми 2018-жылдын 8-декабрында мыйзамсыз байыган деген айып менен Бишкектен кармалган. Кийинки күнү эки айга камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.