БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Liglass Trading CZ, SRO компаниясынан "Русгидро" ишканасына төлөнүүчү каражат түшкөн жок. Бул тууралуу вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
18-сентябрь күнү Liglass Trading CZ, SRO чех компаниясы кыргыз өкмөтүнө Жогорку Нарын каскады үчүн 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн узартып берүү суранычы менен кайрылган. Аталган каражатты которуу мөөнөтү 19-сентябрь болчу. Убакыт өткөндөн кийин кеч курун өкмөт бул компания менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.
"Каражат түшкөн жок. Премьер-министрдин 18-сентябрдагы тапшырмасы боюнча келишимди жокко чыгаруу иштери жүрүп жатат", — деди Залилиев.
Кыргызстандагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Liglass Trading компаниясынын ишмердүүлүгү туурасында жана алардын ГЭС куруусунан күмөн санаган сын-пикирди жазып келишкен. Ал эми 19-сентябрда чехиялык компаниянын жетекчилиги кыргыз тарап келишимди бир тараптуу бузгандыктан эл аралык арбитраждык сотко кайрылаарын айтып чыгышты.