БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жаңы порталдын бет ачарында никеге туруу боюнча онлайн арыз берген түгөйлөр Ынакбек менен Жанаранын Бакыт өргөсүндө өткөн салтанатына катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасынан түз алып көрсөттү.
Эске салсак, 10-октябрда portal.tazakoom.kg деп аталган мамлекеттик кызматтардын бет ачары болгон. Анда эки жуп арыз тапшырып, Исаков да салтанатка чакырылган.
Мамлекеттик каттоо кызматынан тиешелүү мамлекеттик мекемеге мындай ыкма менен арыз бергенде убакыт алда канча үнөмдөлө тургандыгын айтышты.