00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Чёрная пятница в литературе: почему герои книг покупали то, что им было не нужно
18:09
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда Улуттук суу стратегиясына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин төртүнчү жыйынында каралды.Жыйында 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын айрым жоболорун жаңы Суу кодексине шайкеш келтирүү сунушталды. Ошондой эле өлкөдөгү суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү маселеси талкууланды.Ага ылайык, мамлекеттик органдардын суу ресурстарын эсепке алуу жана көзөмөлдөө боюнча ишин жөнгө салган токтомдун долбоорун даярдоо сунушталды. Мониторинг өлкөдөгү суунун көлөмүн, пайдаланылышын, жоготууларын жана сапатын так аныктоого багытталган.Адылбек Касымалиев суу ресурстары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, суу чарба тармагын өнүктүрүүгө мамлекеттик инвестициялар көбөйтүлгөн.Жыйындын соңунда тармакты өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Аткарылган иштердин натыйжасы жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү, суунун жоготууларын азайтуу, айыл чарба өндүрүшүн жана дыйкандардын кирешесин көбөйтүү менен бааланары белгиленди.
2027-жылдагы ажылыктын наркы миң доллардан ашык акчага кымбаттады.Муфтият бааны 5800 доллар деп бекитип, баа зыяратчыларды жайгаштырууга байланыштуу маселелерден улам көтөрүлгөнүн билдирди. “Буга чейин Меккедеги фонддор мейманканаларды акысыз берчү. Бирок быйыл ал жайларга жайгашуу мүмкүн болбой калды. Себеби, сөз болуп жаткан мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринен орун алган. Мындай шартта бирдей тейлөө, кызмат кылуу, зарыл болуп калганда жардам берүү жана уюштуруу иштери бир топ кыйын болуп келген. Ал жайлардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен”, — деп маалыматта айтылат . Мындан улам зыяратчыларды акы төлөнгөн мейманкаларга жаткырууну чечишкен. Белгилей кетсек, былтыр ажылыктын акчасы 4650 доллар болчу.
Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн экотехнологиялык завод бир жыл ичинде 401 миң тоннадан ашык таштанды кабыл алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, заводдун аймагына таштандылар алгач 2025-жылдын ноябрь айында жеткирилген. Ишкананын расмий ачылышы ошол эле жылдын 27-декабрында өткөн. "2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын ноябрына чейин заводго жалпы 401 479 тонна таштанды жеткирилип, 187,8 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта. Учурда ишкана суткасына 1 000-1 200 тонна таштандыны кайра иштетип, 30 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү. Долбоордун кийинки этабында экинчи заводду куруу пландалууда. Жаңы ишкана суткасына кошумча 2 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 60 МВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул демилге таштандыларды полигонго көмүүнүн көлөмүн азайтууга, кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана айлана-чөйрөгө келтирилген жүктү төмөндөтүүгө багытталган.
Сокулукта тойдо баланы жыга тепкен 17 жаштагы эргулга 2750 сом айып пул салындыАнын баланы көкүрөккө тепкен видеосу соцтармактарда кызуу талкуу жараткан. Көпчүлүк анын жоругуна наалат айтса, айрымдар өспүрүмдү актоого аракет кылып, тойго балдарды алып барбаш керек дегендер да чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0