Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн — белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо 87 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан залкар киночунун... 11.09.2022, Sputnik Кыргызстан
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти борбор калаадагы №5 мектепте окуган. Андан соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп үн режиссёру дипломун алып чыккан. Алгач үн режиссёру болуп иштеп, "Жылкылар" даректүү тасмасын тартып, дипломдук иши катары атактуу "Бакайдын жайыты" фильмин сунуштаган.СССРдин эл артисти чыгармачыл жолунда көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Ак илбирстин тукуму", "Көк серек", "Мурас " "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Уркуя" кинокартиналарын жараткан.Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланып, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Киночу 2001-жылдын 18-декабрында 66 жашында Анкарада кайтыш болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.Тема боюнча:
Бүгүн — белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо 87 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан залкар киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти борбор калаадагы №5 мектепте окуган. Андан соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп үн режиссёру дипломун алып чыккан. Алгач үн режиссёру болуп иштеп, "Жылкылар" даректүү тасмасын тартып, дипломдук иши катары атактуу "Бакайдын жайыты" фильмин сунуштаган.
СССРдин эл артисти чыгармачыл жолунда көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Ак илбирстин тукуму", "Көк серек", "Мурас " "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Уркуя" кинокартиналарын жараткан.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланып, 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Киночу 2001-жылдын 18-декабрында 66 жашында Анкарада кайтыш болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Колуна тапанча көтөргөн Төлөмүш Океев, камерасын кармап турган КРдин эл артисти, оператор Нуртай Борбиев жана эки ассистент менен. Ысык-Көл облусу, 1969-жыл.