https://sputnik.kg/20261103/1104675864.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Талас шаарында жалпы 9 миң 495 батирге эсептелген 11 блоктон турган ири турак жай комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T08:59+0600
2026-11-03T08:59+0600
2026-11-03T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104675698_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b8bfabc212ef8af380bd4dbdcf09b0bb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Талас шаарында жалпы 9 миң 495 батирге эсептелген 11 блоктон турган ири турак жай комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, курулуш иштери келерки жылдын аягына чейин аяктаса, батирлер этап-этабы менен пайдаланууга берилет. "Кийинки жылдын соңуна чейин үйлөрдүн курулушу бүтүп калса, батирлерди дагы четинен тапшырып беребиз", — деди президент. Ошондой эле Садыр Жапаров Талас облусунда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай алуу үчүн 1 миң 659 жаран кезекте турганын маалымдады. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 319 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.
Акыркы төрт-беш жылда Кыргызстанда маданият тармагын каржылоо төрт эсеге көбөйдү. Быйыл бул тармакка бөлүнгөн бюджет 10 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди. Министрдин маалыматына караганда, 2020-жылы маданият тармагына 2 млрд 300 млн сом бөлүнсө, быйыл бекитилген бюджет 10 млрд сомдон ашкан. Анын айтымында, быйыл маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 100 пайызга жогорулатылып, тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Анын алкагында 117 автоунаа сатып алынып, райондук жана облустук маданий мекемелердин жетекчилерине берилди. Ошондой эле музыкалык билим берүү мекемелерине 21 комплект музыкалык аспап тапшырылды. Ал эми келерки жылы республикадагы 100дөн ашык музыкалык мектептин баарын музыкалык аспаптар менен камсыздоо пландалууда. Анын айтымында, мындай мекемелерди этап-этабы менен оңдоп, шарттарын жакшыртуу иштери улантылат.
Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы эт багытындагы асыл тукум уйлардын кошумча партиясы алып келинип, сатууга чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин өлкөгө алып келинген 300 баш асыл тукум малга фермерлер арасында суроо-талап жогору болуп, алардын баары сатылып кеткен. Буга байланыштуу дыйкан-фермерлердин кайрылууларын эске алуу менен малдын кошумча партиясы жеткирилди. Асыл тукум мал сатып алып, чарбасын кеңейтүүнү каалагандар "Кыргыз Агрохолдинг" ААКка кайрылса болот. Мындан тышкары, мамлекеттик программанын алкагында фермерлерге жылдык 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Талас шаарында жалпы 9 миң 495 батирге эсептелген 11 блоктон турган ири турак жай комплекси курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, курулуш иштери келерки жылдын аягына чейин аяктаса, батирлер этап-этабы менен пайдаланууга берилет. "Кийинки жылдын соңуна чейин үйлөрдүн курулушу бүтүп калса, батирлерди дагы четинен тапшырып беребиз", — деди президент. Ошондой эле Садыр Жапаров Талас облусунда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай алуу үчүн 1 миң 659 жаран кезекте турганын маалымдады. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 319 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Акыркы төрт-беш жылда Кыргызстанда маданият тармагын каржылоо төрт эсеге көбөйдү. Быйыл бул тармакка бөлүнгөн бюджет 10 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди. Министрдин маалыматына караганда, 2020-жылы маданият тармагына 2 млрд 300 млн сом бөлүнсө, быйыл бекитилген бюджет 10 млрд сомдон ашкан. Анын айтымында, быйыл маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 100 пайызга жогорулатылып, тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Анын алкагында 117 автоунаа сатып алынып, райондук жана облустук маданий мекемелердин жетекчилерине берилди. Ошондой эле музыкалык билим берүү мекемелерине 21 комплект музыкалык аспап тапшырылды. Ал эми келерки жылы республикадагы 100дөн ашык музыкалык мектептин баарын музыкалык аспаптар менен камсыздоо пландалууда. Анын айтымында, мындай мекемелерди этап-этабы менен оңдоп, шарттарын жакшыртуу иштери улантылат.Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы эт багытындагы асыл тукум уйлардын кошумча партиясы алып келинип, сатууга чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин өлкөгө алып келинген 300 баш асыл тукум малга фермерлер арасында суроо-талап жогору болуп, алардын баары сатылып кеткен. Буга байланыштуу дыйкан-фермерлердин кайрылууларын эске алуу менен малдын кошумча партиясы жеткирилди. Асыл тукум мал сатып алып, чарбасын кеңейтүүнү каалагандар "Кыргыз Агрохолдинг" ААКка кайрылса болот. Мындан тышкары, мамлекеттик программанын алкагында фермерлерге жылдык 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104675698_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7364d1bf536e36ea1acd7e12bb8f257d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио