00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Олег Агапов - о Большой Евразии, новом мировом порядке и роли Кыргызстана
18:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Руслан Курманалиев: сахнада жанып, элдин жүрөгүндө калган талант
19:07
57 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ИИ упирается в киловатты: сможет ли Кыргызстан войти в гонку вычислений?
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
21:07
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаш үй-бүлөгө финансылык жардам маанилүүбү же улуулардын акыл-насаатыбы?

Жаш үй-бүлөгө финансылык жардам маанилүүбү же улуулардын акыл-насаатыбы?
Жазылуу
Коноктор
Акимжан Эргешов, “Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчисиНуркыз Кадырбекова, үй бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, “Үй бүлө” академиясынын директору
Кыргыз элинде жаш жубайлардын баш кошуусу чоң той менен белгиленип, аларга улуулар тарабынан ак баталар жана каалоо-тилектер айтылат. Бирок тойдон кийин жаш үй-бүлөнүн алдында турак жай, күнүмдүк чыгымдар жана өз алдынча турмуш куруу сыяктуу маселелер турат. Бул тууралуу “Көз мончок” программасында “Бакыт ордосу” үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов жана үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, “Үй бүлө” академиясынын директору Нуркыз Кадырбекова комментарий беришти.Ошондой эле ата-эне жана туугандар жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралганда дароо бир тарапты күнөөлөп, ашыкча кийлигишсе, бул маселени чечүүнүн ордуна, аны ого бетер күчөтүп жибериши мүмкүн.“Үй-бүлө курууну эки адамдын гана чечими катары эмес, мамлекеттик жана улуттук деңгээлдеги маселе катары кабыл алуу зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө эки жаштын баш кошуусун алардын өздөрүнүн жана ата-энелеринин гана жеке иши катары кабыл алабыз. Мунун кесепетинен үй-бүлө кургандан кийинки алгачкы беш жылда, андан соң он жыл аралыгында ажырашуулардын саны көбөйүп жатат. Эгерде биз бул маселени азыртадан идеологиялык жана тарбиялык-насаатчылык жактан колго албасак, жашоо маданиятыбызга жана көп улуттуу кыргызстандыктардын тутунган диндерине ылайык ар бир жарандын үй-бүлө куруудагы жоопкерчилик сезимин ойготууга аракет кылбасак, 20, 30, ал тургай 100 жылдан кийин өтө кооптуу абалга кептелишибиз мүмкүн”,- деди Эргешов.Ал эми үй-бүлө куруудан мурда эмнелерге көңүл буруу керектиги, жаштар менен гана эмес, эки тараптын ата-энелери жана үй-бүлө мүчөлөрү менен да кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы тууралуу үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт, “Үй бүлө” академиясынын директору Нуркыз Кадырбекова төмөнкүлөргө токтолду.“Айрыкча, кызынын бир жигит менен сүйлөшүп, сүйүп калганын байкаган ата-эне аны сөзсүз түрдө урушуп, тыйып же, тескерисинче, таптакыр эркиндикке кою бербестен, туура эмес кадамдарга баруусунун алдын алышы керек. Кызга да, балага да “сүйүп калдым” деп башын жоготуп, эмоцияга алдырбоону жана бул адам азырынча анын болочоктогу жолдошу же жары болууга талапкер гана экенин түшүндүрүү зарыл. Баланы ата-энелик бийлик жана күч менен баш ийдирип, тыюу салып, кысымга алуу туура эмес деп эсептейм. Анткени мындай учурда бала жашырынып, көп нерсени ата-энесине айтпай калышы мүмкүн.Ошол эле учурда кыздар бой жеткен сайын боёнуп, сулууланууга умтула башташат. Мындай учурда аларды “Чоңоюп калдыңбы?”, “Жигиттерге жаккың келип калдыбы?” деп уялтып, бой жеткенин бетине басуунун ордуна, кеңеш берип, кызыкчылыктарын колдоп, туура багыт көрсөтүү керек. Эң негизгиси, ишенимге таянган мамиле түзүү зарыл”.Жаш үй-бүлөгө жакшы тилек да, турмуштук кеңеш да, мүмкүнчүлүккө жараша материалдык колдоо да керек. Анткени той бир күндө өтөт, ал эми үй-бүлөлүк жашоо ошол күндөн кийин башталат. Адистер жаштарга колдоо көрсөтүү алардын өз алдынча бутуна турушуна жардам берүү, өз чечимдерин кабыл алышына шарт түзүү жана кыйын учурда жалгыз калтырбоо экенин баса белг
Жаңылыктар түрмөгү
0