Манасты даңазалаган тасма. Мелис Убукеевдин акыркы чыгармасындагы ирмемдер

Жазылуу
Мындан 27 жыл мурда белгилүү кинорежиссер, тарыхчы Мелис Убукеев "Манас ааламы" тасмасын тарткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган эмгектеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө карата КРдин эл артисти, кинорежиссер Мелис Убукеев "Манас ааламы" кинокартинасын тартып баштаган. Көркөм-публицистикалык эмгек кыргыз элинин баатырдык эпосунун негизинде жаралган. Ага Болот Бейшеналиев, Чоро Думанаев, Гүлнара Чокубаева, Эдил Чокубаев, Марат Жантелиев, Токон Дайырбеков, Асел Эшимбекова, манасчы Шабай Азизов катышкан.
Кинокартинага Тынай Ибрагимов оператор, жазуучу Чыңгыз Айтматов менен түрколог, тарыхчы Лев Гумилев башкы консультант болгон.
Эске сала кетсек, режиссер Мелис Убукеев эмгек жолунда "Манас" эпосуна көп кайрылган. Анын атасы Айткулу Убукеев манасчы Саякбай Каралаев менен жакшы мамиледе болгондуктан кино тармагына аралашкан кезинде эле эпосту толук кандуу көркөм тасма кылууга аракет кылган. 1966-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай", кийин жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын камерага түшүрүп, "Манас — кыргыздардын баатырдык эпосу" деп аталган китебин жазган.
© Sputnik / Александр Федоров

Акылман Бакай баатырлар менен. Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган.

Акылман Бакай баатырлар менен. Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган. - Sputnik Кыргызстан
1/14

Акылман Бакай баатырлар менен. Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган.

© Sputnik / Александр Федоров

Жаңы төрөлгөн ымыркайга Манас ысымын ыйгаруу эпизоду

Жаңы төрөлгөн ымыркайга Манас ысымын ыйгаруу эпизоду - Sputnik Кыргызстан
2/14

Жаңы төрөлгөн ымыркайга Манас ысымын ыйгаруу эпизоду

© Sputnik / Александр Федоров

Ат минип алып чыгармачыл топко баш-көз болгон режиссер Мелис Убукеев

Ат минип алып чыгармачыл топко баш-көз болгон режиссер Мелис Убукеев - Sputnik Кыргызстан
3/14

Ат минип алып чыгармачыл топко баш-көз болгон режиссер Мелис Убукеев

© Sputnik / Александр Федоров

Суйкайган сулуулар жана Каныкейдин ролун аткарган Гүлнара Чокубаева

Суйкайган сулуулар жана Каныкейдин ролун аткарган Гүлнара Чокубаева - Sputnik Кыргызстан
4/14

Суйкайган сулуулар жана Каныкейдин ролун аткарган Гүлнара Чокубаева

© Sputnik / Александр Федоров

Узак сапарга чыккан жоокерлер. Ал кинокартинада кыргыз элинин басып өткөн жолу, тарыхы баяндалат.

Узак сапарга чыккан жоокерлер. Ал кинокартинада кыргыз элинин басып өткөн жолу, тарыхы баяндалат. - Sputnik Кыргызстан
5/14

Узак сапарга чыккан жоокерлер. Ал кинокартинада кыргыз элинин басып өткөн жолу, тарыхы баяндалат.

© Sputnik / Александр Федоров

Манас баатырдын ишеничтүү чоролорунун ролундагы Чоро Думанаев, Токон Дайырбеков кесиптештери менен

Манас баатырдын ишеничтүү чоролорунун ролундагы Чоро Думанаев, Токон Дайырбеков кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
6/14

Манас баатырдын ишеничтүү чоролорунун ролундагы Чоро Думанаев, Токон Дайырбеков кесиптештери менен

© Sputnik / Александр Федоров

Жоокерлерди согушка узаткан кыз-келиндер. Фильмдеги бир эпизод.

Жоокерлерди согушка узаткан кыз-келиндер. Фильмдеги бир эпизод. - Sputnik Кыргызстан
7/14

Жоокерлерди согушка узаткан кыз-келиндер. Фильмдеги бир эпизод.

© Sputnik / Александр Федоров

Киночулар Манастын образын жүзүн көргөзбөй берген

Киночулар Манастын образын жүзүн көргөзбөй берген - Sputnik Кыргызстан
8/14

Киночулар Манастын образын жүзүн көргөзбөй берген

© Sputnik / Александр Федоров

Көркөм-публицистикалык эмгек кыска убакыт ичинде эле тартылып бүтүп, көп архивдик кадрлар колдонулган

Көркөм-публицистикалык эмгек кыска убакыт ичинде эле тартылып бүтүп, көп архивдик кадрлар колдонулган - Sputnik Кыргызстан
9/14

Көркөм-публицистикалык эмгек кыска убакыт ичинде эле тартылып бүтүп, көп архивдик кадрлар колдонулган

© Фото / Александр Федоров

Тасманын сценарийинде атка минген энеден туума жылаңач жети сулуу Ысык-Көлдөн чыга келген жери бар. Ал үчүн киночулар аттарды жылкы заводдон айдатып келип, кыздарга мингизген.

Тасманын сценарийинде атка минген энеден туума жылаңач жети сулуу Ысык-Көлдөн чыга келген жери бар. Ал үчүн киночулар аттарды жылкы заводдон айдатып келип, кыздарга мингизген. - Sputnik Кыргызстан
10/14

Тасманын сценарийинде атка минген энеден туума жылаңач жети сулуу Ысык-Көлдөн чыга келген жери бар. Ал үчүн киночулар аттарды жылкы заводдон айдатып келип, кыздарга мингизген.

© Sputnik / Александр Федоров

Согушка аттанган жоокерлер. Кинофильм "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тартылган.

Согушка аттанган жоокерлер. Кинофильм "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тартылган. - Sputnik Кыргызстан
11/14

Согушка аттанган жоокерлер. Кинофильм "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тартылган.

© Sputnik / Александр Федоров

Салгылашууда көз жумган Манасты жоктоп кара кийип, кан жуткан аялдар

Салгылашууда көз жумган Манасты жоктоп кара кийип, кан жуткан аялдар - Sputnik Кыргызстан
12/14

Салгылашууда көз жумган Манасты жоктоп кара кийип, кан жуткан аялдар

© Sputnik / Александр Федоров

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
13/14

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев

© Sputnik / Александр Федоров

"Манас ааламы" Убукеевдин акыркы эмгеги болгон. Киночу кийинки жылы 27-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

"Манас ааламы" Убукеевдин акыркы эмгеги болгон. Киночу кийинки жылы 27-июлда мезгилсиз дүйнөдөн  кайткан. - Sputnik Кыргызстан
14/14

"Манас ааламы" Убукеевдин акыркы эмгеги болгон. Киночу кийинки жылы 27-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

По теме:
Өзгөчө образ, ай чырайлуу сулуулар. Дүйнөлүк көчмөндөр модасынан 16 сүрөт
Каркырада... Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жайлоодогу сүрөтү
33 жашта СССРдин эл артисти болгон. Абдылас Малдыбаевдин сүрөттөрү
Алтын казынада 600дөй чыгармасы бар. Айтылуу Кайыргүл Сартбаеванын сүрөттөрү
Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0