Залкарлардын батасын алып... Айтылуу акын Замирбек Үсөнбаевдин сүрөттөрү

Жазылуу
Быйыл белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын сүрөттөрүн сунуштайт.
Замирбек Үсөнбаев 1951-жылы 1-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Алымкул Үсөнбаев төкмө акын, энеси Беркимбай кызы Назим акын эле. Замирбек алты жашында атасынан комуз черткенди үйрөнөт. 12 жашка чыкканда үй ээси кайтыш болуп энесинен таалим-тарбия алган. Бала чагынан үйгө конок болуп келген Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Коргол Досуевди жакындан көрүп, залкарлардын колуна суу куюп, батасын алып өскөн. Эс тутуму күчтүү өспүрүм алардын чыгармаларын угуп жаттап алып, эртеси жакындарына ырдап берчү. Ошентип 16 жашында филармонияга жумушка чакырылып, ал жакта Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевдин шакирти болуп сахнага чыккан.
Үсөнбаев "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору болуп эмгектенген. Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл сабак берип, бир топ шакирттерге жол көрсөткөн.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.
© Фото / из семейного архива Усонбаевых

Төкмө акын комуз черткенди кичинекей кезинде атасы Алымкул Үсөнбаевден үйрөнгөн

Төкмө акын комуз черткенди кичинекей кезинде атасы Алымкул Үсөнбаевден үйрөнгөн - Sputnik Кыргызстан
1/13

Төкмө акын комуз черткенди кичинекей кезинде атасы Алымкул Үсөнбаевден үйрөнгөн

© Фото / из личного архива семьи Айталиевых

Эл аралап өз өнөрүн тартуулаган залкарлар: солдон оңду көздөй куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев. Ысык-Көл облусу, 1980-жыл.

Эл аралап өз өнөрүн тартуулаган залкарлар: солдон оңду көздөй куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев. Ысык-Көл облусу, 1980-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/13

Эл аралап өз өнөрүн тартуулаган залкарлар: солдон оңду көздөй куудул Келдибек Ниязов, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев, кыл кыякчы Толтой Мураталиев, төкмө акын Ашыраалы Айталиев, Токтогул Сатылгановдун баласы Бабажан Токтогулов, комузчу Мыктыбек Үмөталиев жана манасчы Уркаш Мамбеталиев. Ысык-Көл облусу, 1980-жыл.

© Фото / из личного архива семьи Айталиевых

Төкмө акын устаты Ашыраалы Айталиев менен сахнада айтышып жаткан учур

Төкмө акын устаты Ашыраалы Айталиев менен сахнада айтышып жаткан учур - Sputnik Кыргызстан
3/13

Төкмө акын устаты Ашыраалы Айталиев менен сахнада айтышып жаткан учур

© Sputnik / Александр Федоров

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев. Чүй облусу, 1984-жыл.

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев. Чүй облусу, 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/13

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев. Чүй облусу, 1984-жыл.

© Фото / из личного архива семьи Айталиевых

Замандаштар, сахналаштар... Замирбек Үсөнбаев экинчи катарда четте турат.

Замандаштар, сахналаштар... Замирбек Үсөнбаев экинчи катарда четте турат. - Sputnik Кыргызстан
5/13

Замандаштар, сахналаштар... Замирбек Үсөнбаев экинчи катарда четте турат.

© Фото / предоставлено Азаматом Болгонбаевым

Замирбек Үсөнбаев кийинки муундун өнөрпоздору, шакирттери менен

Замирбек Үсөнбаев кийинки муундун өнөрпоздору, шакирттери менен - Sputnik Кыргызстан
6/13

Замирбек Үсөнбаев кийинки муундун өнөрпоздору, шакирттери менен

© Фото / из семейного архива Усонбаевых

Акын "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору болгон

Акын "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору болгон - Sputnik Кыргызстан
7/13

Акын "Эл шайырлары" фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору болгон

© Фото / предоставлено Азаматом Болгонбаевым

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда көп жыл эмгектенген

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда көп жыл эмгектенген - Sputnik Кыргызстан
8/13

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда көп жыл эмгектенген

© Фото / из семейного архива Усонбаевых

Үсөнбаев 2004-жылы маданият министри кызматына чакырылган, бирок төкмө акын андан баш тарткан

Үсөнбаев 2004-жылы маданият министри кызматына чакырылган, бирок төкмө акын андан баш тарткан - Sputnik Кыргызстан
9/13

Үсөнбаев 2004-жылы маданият министри кызматына чакырылган, бирок төкмө акын андан баш тарткан

© Фото / из личного архива Азамата Болгонбаева

Замирбек Үсөнбаев шакирти Азамат Болгонбаев экөө

Замирбек Үсөнбаев шакирти Азамат Болгонбаев экөө - Sputnik Кыргызстан
10/13

Замирбек Үсөнбаев шакирти Азамат Болгонбаев экөө

© Фото / пресс-служба Министерства культуры КР

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты АКШ, Япония, Кытай, Швеция, Түркияга чейин гастролдоп барган

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты АКШ, Япония, Кытай, Швеция, Түркияга чейин гастролдоп барган - Sputnik Кыргызстан
11/13

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты АКШ, Япония, Кытай, Швеция, Түркияга чейин гастролдоп барган

© Фото / из личного архива Асылбека Маратова

Залкар таланттын 70 жылдык мааракеси быйыл республикалык деңгээлде белгиленүүдө

Залкар таланттын 70 жылдык мааракеси быйыл республикалык деңгээлде белгиленүүдө - Sputnik Кыргызстан
12/13

Залкар таланттын 70 жылдык мааракеси быйыл республикалык деңгээлде белгиленүүдө

© Фото / пресс-служба театра "Манас"

Замирбек Үсөнбаев байбичеси менен үч уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Замирбек Үсөнбаев байбичеси менен үч уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
13/13

Замирбек Үсөнбаев байбичеси менен үч уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Тема боюнча:
Элдин "генералы" Мукамбет Токтобаев. Залкардын сүрөттө калган ирмемдери
Кыргыз музыкасына гармонь аспабын алып келген Муса Баетов. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0