Кыргыз музыкасына гармонь аспабын алып келген Муса Баетов. Сүрөттөр

Жазылуу
Быйыл тенор үндүү опера ырчысы Муса Баетовдун 120 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан залкардын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына ырчынын "Даанышман", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Кыздар, ай", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары калган.
Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Учурда залкар таланттын ысымы райондун борборуна берилип, Дөрбөлжүн айылы Муса Баетов болуп аталган.
Муса Баетов беш жашында атасынан, 8 жашында энесинен айрылган. Бирок атасы өнөргө жакын адам болгондуктан балдарына таланты оошуп, жети баласы тең комузга, ыр-күүгө жакын болушат. Эжеси Үрпүкан, агасы Чодолдой да комузда кара күүлөрдү, обондорду мыкты чертишкен. Муса да кичинесинен созолонто ырдап, комузду эрте колго алган.
Кийин 14 жашында, 1916-жылы Үркүндө элдин шары менен Кытайга байдын малын айдап барып, өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп 1917-жылы аман-эсен кайра кайтып келет.
Улуу музыкант секетпайларды ырдоону, ырга текст жазууну Байымбет молдо Абдырахмановдон (Тоголок Молдо) жана комуз чертүүнү, комуздун коштоосунда ырдоону Ыман Бердик аттуу комузчудан үйрөнөт.
Ал 1922-жылы Ак-Талаада өткөн бир чоң ашта ырдап манаптан токмок жеп, анын куугунтугунан улам Нарынга келүүгө аргасыз болот. Ошентип жүрүп Калык Акиев менен жолугуп, анын жанында көп жыл бирге жүрүп Токтогул Сатылгановдун ыр-күүлөрү менен таанышат.
Кийин Нарынга газета чыгарууга жиберилген Кубанычбек Маликов иш сапары менен жүрүп Ак-Талаадан Муса Баетовго жолугат. Баетовдун алгачкы концерт беришине Маликов менен тайпалашы Абдылда Байымбетовдун салымы зор.
Ошентип Баетов Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына, анан Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, туңгуч солист болот. Андан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына солисттик кызматка которулуп "Айчүрөк" операсында Сыргактын, "Манас" операсында Алмамбеттин партияларын аткарган.
1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Кремлдин Сарайында 5-июнда өткөн Сталин келип катышкан жыйынтыктоо концертинде эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыгып, өзүнүн өзгөчө талант экендигин көрсөткөн. Ошол он күндүктүн жыйынтыгы боюнча Эмгек Кызыл Туу орденин алып, Кыргыз ССРинин эл артисти наамына жетишкен. Ал кыргыз маданиятына гармонь инструментин аралаштырган.
Ырчы 1949-жылы 9-майда катуу оорудан каза болгон. Анын ысымы Фрунзе шаарындагы бир көчөгө ыйгарылган. Жашаган үйүнө мемориалдык такта кадалган. Балбай Алагушов 2002-жылы "Арпанын Ала-Тоосунан" обондуу ырлар топтомун түзсө, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев таланттуу ырчы тууралуу "Булбул көмөкөй" деп аталган повестин жазган.
© Фото / из семейного архива Баетовых

Муса Баетов, 1940-жылдардын башы

Муса Баетов, 1940-жылдардын башы - Sputnik Кыргызстан
1/12

Муса Баетов, 1940-жылдардын башы

© Фото / из семейного архива Баетовых

Муса Баетов сахнада Райкан Шүкүрбеков менен "Дардаш" спектаклин аткарууда

Муса Баетов сахнада Райкан Шүкүрбеков менен "Дардаш" спектаклин аткарууда - Sputnik Кыргызстан
2/12

Муса Баетов сахнада Райкан Шүкүрбеков менен "Дардаш" спектаклин аткарууда

© Фото / из семейного архива Баетовых

Муса Баетов жубайы Зулайка, кызы Ракыя жана уулу Сапар менен

Муса Баетов жубайы Зулайка, кызы Ракыя жана уулу Сапар менен - Sputnik Кыргызстан
3/12

Муса Баетов жубайы Зулайка, кызы Ракыя жана уулу Сапар менен

© Фото / из семейного архива Баетовых

Муса Баетовдун бир тууган улуу агасы Чодолдой. Ал 1981-жылы 94 жашында Дөрбөлжүн айылын Муса Баетов атына которгон күнү каза болгон. Жанында кемпири Түтүн апа неберелери менен.

Муса Баетовдун бир тууган улуу агасы Чодолдой. Ал 1981-жылы 94 жашында Дөрбөлжүн айылын Муса Баетов атына которгон күнү каза болгон. Жанында кемпири Түтүн апа неберелери менен. - Sputnik Кыргызстан
4/12

Муса Баетовдун бир тууган улуу агасы Чодолдой. Ал 1981-жылы 94 жашында Дөрбөлжүн айылын Муса Баетов атына которгон күнү каза болгон. Жанында кемпири Түтүн апа неберелери менен.

© Фото / из семейного архива Баетовых

1936-жыл. Кыргызстандын полку, Орто Азия согуш округунун ротасына катышкандар. Солдон оңго: Саткын Сасыкбаев, Калык Акиев, Саит Бекмуратов, Муса Баетов.

1936-жыл. Кыргызстандын полку, Орто Азия согуш округунун ротасына катышкандар. Солдон оңго: Саткын Сасыкбаев, Калык Акиев, Саит Бекмуратов, Муса Баетов. - Sputnik Кыргызстан
5/12

1936-жыл. Кыргызстандын полку, Орто Азия согуш округунун ротасына катышкандар. Солдон оңго: Саткын Сасыкбаев, Калык Акиев, Саит Бекмуратов, Муса Баетов.

© Фото / из семейного архива Кийизбаевых

1942-жыл. Муса Баетов менен Сайра Кийизбаева фронттук концерттик бригаданын курамында аскер кызматкерлери менен.

1942-жыл. Муса Баетов менен Сайра Кийизбаева фронттук концерттик бригаданын курамында аскер кызматкерлери менен. - Sputnik Кыргызстан
6/12

1942-жыл. Муса Баетов менен Сайра Кийизбаева фронттук концерттик бригаданын курамында аскер кызматкерлери менен.

© Фото / из семейного архива Баетовых

Эстеликке түшкөн сүрөт. Солдон оңго: биринчи катарда Муса Баетов жана экинчи катарда Муратбек Рыскулов.

Эстеликке түшкөн сүрөт. Солдон оңго: биринчи катарда Муса Баетов жана экинчи катарда Муратбек Рыскулов. - Sputnik Кыргызстан
7/12

Эстеликке түшкөн сүрөт. Солдон оңго: биринчи катарда Муса Баетов жана экинчи катарда Муратбек Рыскулов.

© Фото / из семейного архива Баетовых

1948-жыл. Муса Баетов иниси Жумакадыр менен.

1948-жыл. Муса Баетов иниси Жумакадыр менен. - Sputnik Кыргызстан
8/12

1948-жыл. Муса Баетов иниси Жумакадыр менен.

© Фото / из семейного архива Баетовых

Биринчи катарда солдон оңго: Жумамүдүн Шералиев, ал эми үчүнчү турган Муса Баетов. Экинчи катарда оңдон солго биринчиси Мусанын бир тууган иниси Алыбай. Ал согушка кетип дайынсыз жоголгон.

Биринчи катарда солдон оңго: Жумамүдүн Шералиев, ал эми үчүнчү турган Муса Баетов. Экинчи катарда оңдон солго биринчиси Мусанын бир тууган иниси Алыбай. Ал согушка кетип дайынсыз жоголгон. - Sputnik Кыргызстан
9/12

Биринчи катарда солдон оңго: Жумамүдүн Шералиев, ал эми үчүнчү турган Муса Баетов. Экинчи катарда оңдон солго биринчиси Мусанын бир тууган иниси Алыбай. Ал согушка кетип дайынсыз жоголгон.

© Фото / из семейного архива Баетовых

"Манас" операсындагы Алмамбеттин ролунда, 1946-жыл

"Манас" операсындагы Алмамбеттин ролунда, 1946-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/12

"Манас" операсындагы Алмамбеттин ролунда, 1946-жыл

© Фото / из семейного архива Баетовых

Фронтко концерт коюп барган кез. Комуз кармаган Муса Баетов.

Фронтко концерт коюп барган кез. Комуз кармаган Муса Баетов. - Sputnik Кыргызстан
11/12

Фронтко концерт коюп барган кез. Комуз кармаган Муса Баетов.

© Фото / из семейного архива Баетовых

Мусаны акыркы сапарга жөнөтүп жаткан учур. 14 жаштагы кызы атасынын табытын карап отурат, жанындагы жоолукчан аял — өмүрлүк жары Зулайка.

Мусаны акыркы сапарга жөнөтүп жаткан учур. 14 жаштагы кызы атасынын табытын карап отурат, жанындагы жоолукчан аял — өмүрлүк жары Зулайка. - Sputnik Кыргызстан
12/12

Мусаны акыркы сапарга жөнөтүп жаткан учур. 14 жаштагы кызы атасынын табытын карап отурат, жанындагы жоолукчан аял — өмүрлүк жары Зулайка.

Жаңылыктар түрмөгү
0