https://sputnik.kg/20261103/1104685065.html
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу суткасына орто эсеп менен 150–200 учак учуп өтөт. Алардын кыймылын көзөмөлдөө, учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана аба... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T15:04+0600
2026-11-03T15:04+0600
2026-11-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104684895_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8ef80fd938fea107e8dfaa24b1c822f7.jpg
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу суткасына орто эсеп менен 150–200 учак учуп өтөт. Алардын кыймылын көзөмөлдөө, учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана аба мейкиндигин натыйжалуу пайдалануу — аэронавигация кызматтарынын негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов билдирди.Анын айтымында, учурда тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги көйгөйү бар.“Кыргызаэронавигация” эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барып, техникалык инфраструктураны жаңылоого көңүл бурууда. Атап айтканда, Кыргызстан аэронавигациялык карталарга карата талаптарды Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарына ылайык жаңыртууда. Өлкөнүн татаал тоолуу рельефин эске алганда, так жана заманбап аэронавигациялык маалыматтар учуулардын коопсуздугу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мындан тышкары, "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында аба кыймылын көзөмөлдөөчү заманбап радиолокациялык комплекс орнотулуп, ишке киргизилди. Жаңы жабдуу учактардын кыймылын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Кыргызстандын аба мейкиндигин натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Аймактардагы авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү да маанилүү багыттардын бири. Каракол шаарында эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийик командалык-диспетчердик пункттун курулушу башталды. Долбоор ишке ашса, "Каракол" эл аралык аэропортунун аба ырайына байланыштуу чектөөлөрүн азайтып, жыл бою аба каттамдарын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү күтүлүүдө. Ошол эле учурда тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги көйгөйү бар. Бул маселени чечүү үчүн "Кыргызаэронавигация" аба кыймылынын диспетчерлерин өз алдынча даярдоодо. Тогуз айлык окуу программасында студенттер авиациялык эрежелерди, аба кыймылын тейлөөнү, метеорологияны, аэронавигацияны, радиобайланышты жана авиациялык англис тилин үйрөнүшөт. Ошондой эле заманбап тренажерлордо практикалык даярдыктан өтүшөт”, — деди Калмуратов.Ал мамлекеттик ишкана толугу менен чарбалык эсептеги жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштерин кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104684895_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_707120465edb5425e1a2c4967995f4e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
15:04 03.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 03.11.2026) Коноктор
Беркут Калмуратов, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору