Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айланат. Аймактын потенциалы
19:05 02.11.2026 (Жаңыртылды: 12:25 04.11.2026)

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун ички дүң продукциясынын көлөмү 160 миллиард сомго жетсе, өнөр жайдын үлүшү 60 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу “Экономикалык панорама” уктуруусунда экономист Улукман Мамытов билдирди.
Анын айтымында, Ала-Букадагы глауконит кенинин потенциалы өнөр жайда жана айыл чарбасында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.
“Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айландыруу максаты бар экенин билдирди. Бул аймактын экономикалык потенциалы чоң. Өзбекстандын Фергана өрөөнүнө жакын жайгашканы жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактын ири соода-логистикалык борборго айлануусуна шарт түзүшү мүмкүн. Облустун кен байлыктары да экономикалык өсүштүн бир булагы. Чаткал районундагы алтын кени жана Ала-Букадагы глауконит кенинин потенциалы өнөр жайда жана айыл чарбасында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн. Глауконитти малга жем, жер семирткич катары пайдалануу маселеси да өзүнчө изилдөөнү талап кылат. Ошол эле учурда Жалал-Абад облусу мал чарбачылыгы, дыйканчылык жана жаңгак өндүргөнү менен белгилүү. Айрыкча Арстанбаптын жаңгак токойлору аймактын айыл чарба жана туристтик потенциалын аныктайт. Бирок продукцияны чийки түрүндө сатуу менен аны кайра иштетип, даяр товар катары экспорттоонун экономикалык натыйжасы эки башка”, — деди Мамытов.
Ал жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү, сапаттуу бренддерди түзүү жана тышкы рынокторго чыгаруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.
