Төлөмүш Океев — өмүр баяны

© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев. Архив
СССРдин эл артисттери, белгилүү режиссерлер Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими

Кинорежиссёрдун атасы Окей белгилүү санжырачы, энеси дүкөнчү болгон. Ал жайлоодо боз үйдө төрөлүп, балалыгы согуштун оор жылдарына туш келген. Океев Фрунзе шаарына келип, А.С. Пушкин атындагы №5 мектепте окуган.
Жолчуларга кымыз берип отурган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2020
Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр
Орто мектепти бүткөн соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп, үн режиссёр адистигине ээ болгон. Андан кийин Москвага окууга тапшырып, жогорку режиссёрлук курсту бүтүрүп келет. Чыгармачылыкта жүрүп режиссёр Леонид Гайдайдын "Ы" операциясы" тасмасында үн режиссёр болуу бактысына туш болгон.

Эмгектери

Океевдин "Жылкылар" аттуу даректүү тасмасы биринчи эмгеги болсо, "Бакайдын жайыты" дипломдук иши болгон. Аталган тасма дүйнөдөгү 100 мыкты кинонун катарына кирген. Мындан сырткары, ал "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Уркуя" тасмаларынын режиссёру.

Эмгек жолу

Төлөмүш Океев режиссёрдон тышкары 1990-1994-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган. 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. Дипломатия кызматта жүргөндө өзүнүн харизмасы менен ийгиликтүү иштеп, кыргыз-түрк алакасынын башатында туруп, аны жолго салууга жигердүү эмгектенген.

Сыйлыктары

Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты

1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгын, 1972-жылы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болот. 2002-жылы 1-ноябрда "Кыргызфильм" киностудиясына Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган.

Режиссёр өмүрлүк жары менен эки кыз, бир уулду тарбиялап чоңойткон. Улуу кызы Азиза Океева атасынын атындагы фондду түзүп, жетектеп келет. Кичүүсү Алима Океева дипломатия тармагында эмгектенсе, уулу Искендер музыкант. СССРдин эл артисти 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0