https://sputnik.kg/20261104/1104697931.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө карьердик ыкма менен алтын казуу 5-6 жылдан кийин аяктайт, андан соң бардык техника Жетим-Тоо кенин иштетүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T08:59+0600
2026-11-04T08:59+0600
2026-11-04T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104697765_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b1776d4e96348e404d11e197bc082555.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө карьердик ыкма менен алтын казуу 5-6 жылдан кийин аяктайт, андан соң бардык техника Жетим-Тоо кенин иштетүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көлөмү боюнча экинчи чоң алтын кени болгон Жер-Үй да иштеп жатат. Жетим-Тоо — өлкөдөгү кара жана түстүү металлдардын эң ири кени (Нарын облусунда жайгашкан). Андагы сырьёнун болжолдуу запасы 50 миллиард долларга бааланууда.
Бишкекте айрым көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн электр энергиясынын уруксат берилген кубаттуулугу 5 кВттан 7 кВтка чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармагынан кабарлашты. Бул жеңилдик бардык эле жарандарга тиешелүү эмес. Кубаттуулуктун чеги бир фазалуу электр эсептегичтери бар көп кабаттуу үйлөргө жана башка жол менен жылынууга мүмкүнчүлүгү жок, электр энергиясын гана колдонууга мажбур болгон үйлөргө көбөйтүлдү. “Суук түшкөндө мындай үйлөрдүн тургундары электр тогун жылытуу үчүн да пайдаланып, тармакка күч келтиришет. Бул кадам жылытуу мезгилинде жарандардын нормалдуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жасалды”, — деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында ушундай шарттагы 276 көп кабаттуу үй бар. Калган керектөөчүлөр үчүн кубаттуулуктун мурдагы өлчөмү өзгөрүүсүз калтырылды.
Борбор калаада эл ташыган автобустар эмне себептен жол кырсыгына кабылып жатканы боюнча "Бишкек транспорт" ишканасынын өкүлү Бакыт Таабалдиев "Кабар" агенттигинде түшүндүрдү. Анын айтымында, буга биринчи кезекте айдоочунун жоопкерсиздиги себеп болууда. Андан соң автотыгын жана айдоочулардын эс алуу тартибине тиешелүү маселелер турат. "Соңку катталган үч жол кырсыгында бир автобустун айдоочусу күнөөлүү экени аныкталды. Экинчиси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми үчүнчү кырсыкта айдоочунун тарамышы тырышып арыкка түшүп кеткен. Дарыгерлердин чечими чыкса, териштирүү иштери аягына чыгат", — деди Таабалдиев. Эске салсак, соңку учурда Бишкекте автобустардын жол кырсыгына аралашкан окуясы улам катталууда. Бул туурасында аталган калаанын мэри Айбек Жунушалиев айдоочуларды чогултуп, жыйын да өткөргөн. Нааразы болгон шаар башчысы жакында автобустар калбай каларын айтып, күйүп-бышкан.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде 10–11-ноябрда болорун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Украина менен Россиянын ортосунда жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө АКШ ортомчулук кылат", — деген ал. Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт.
Кумтөрдө карьердик ыкма менен алтын казуу 5-6 жылдан кийин аяктайт, андан соң бардык техника Жетим-Тоо кенин иштетүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көлөмү боюнча экинчи чоң алтын кени болгон Жер-Үй да иштеп жатат. Жетим-Тоо — өлкөдөгү кара жана түстүү металлдардын эң ири кени (Нарын облусунда жайгашкан). Андагы сырьёнун болжолдуу запасы 50 миллиард долларга бааланууда.Бишкекте айрым көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн электр энергиясынын уруксат берилген кубаттуулугу 5 кВттан 7 кВтка чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармагынан кабарлашты. Бул жеңилдик бардык эле жарандарга тиешелүү эмес. Кубаттуулуктун чеги бир фазалуу электр эсептегичтери бар көп кабаттуу үйлөргө жана башка жол менен жылынууга мүмкүнчүлүгү жок, электр энергиясын гана колдонууга мажбур болгон үйлөргө көбөйтүлдү. “Суук түшкөндө мындай үйлөрдүн тургундары электр тогун жылытуу үчүн да пайдаланып, тармакка күч келтиришет. Бул кадам жылытуу мезгилинде жарандардын нормалдуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жасалды”, — деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында ушундай шарттагы 276 көп кабаттуу үй бар. Калган керектөөчүлөр үчүн кубаттуулуктун мурдагы өлчөмү өзгөрүүсүз калтырылды.Борбор калаада эл ташыган автобустар эмне себептен жол кырсыгына кабылып жатканы боюнча "Бишкек транспорт" ишканасынын өкүлү Бакыт Таабалдиев "Кабар" агенттигинде түшүндүрдү. Анын айтымында, буга биринчи кезекте айдоочунун жоопкерсиздиги себеп болууда. Андан соң автотыгын жана айдоочулардын эс алуу тартибине тиешелүү маселелер турат. "Соңку катталган үч жол кырсыгында бир автобустун айдоочусу күнөөлүү экени аныкталды. Экинчиси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми үчүнчү кырсыкта айдоочунун тарамышы тырышып арыкка түшүп кеткен. Дарыгерлердин чечими чыкса, териштирүү иштери аягына чыгат", — деди Таабалдиев. Эске салсак, соңку учурда Бишкекте автобустардын жол кырсыгына аралашкан окуясы улам катталууда. Бул туурасында аталган калаанын мэри Айбек Жунушалиев айдоочуларды чогултуп, жыйын да өткөргөн. Нааразы болгон шаар башчысы жакында автобустар калбай каларын айтып, күйүп-бышкан.АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде 10–11-ноябрда болорун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Украина менен Россиянын ортосунда жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө АКШ ортомчулук кылат", — деген ал. Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104697765_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6746c7412637218b97abcd655bc8600d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио