https://sputnik.kg/20261104/1104702990.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга жана объектилерди жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T11:00+0600
2026-11-04T11:00+0600
2026-11-04T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104702824_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9f249b5b17b095d26d711d2d20f4d846.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга жана объектилерди жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин куруучуга: - Курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга; - Үлүштүк катышуу, алдын ала келишимдерди жана курулушка жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын тартууну караган башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө; - Курулуш объектилерин жарнамалоого тыюу салынат. Ошондой эле министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам талаптарын бузуу менен жарнамаларды жайгаштыруу, сатууну баштоо жана акча каражаттарын тартуу фактыларын аныктап, мыйзам бузуу аныкталган учурда өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирилди.Мындан улам, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары тааныштырылып, белгиленген тартипти сактоо жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.
Кыргызстан Россиянын аймагындагы суулардан балык уулоого квота берүү маселесинде колдоо күтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушууда билдирди. Министр кыргыз тарап үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон балык чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аталган багытта Россиянын тажрыйбасы менен мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалай турганына токтолгон. Бул багытта биргелешкен эки долбоорду ишке ашыруу каралды: жылына 78 миң тоннага чейин балык кармоо максатында суудагы биологиялык ресурстарды кармоо жана кайра иштетүү боюнча кыргыз-орус ишканасын түзүү; 2035-жылга карата балык өндүрүшүн 60 миң тоннага чейин көбөйтүп, 1500гө чейин жумуш ордун түзүү үчүн Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода, инвестиция, кайра иштетүү жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Мындан тышкары, Россиядан Кыргызстандын мал чарба тармагын өкүнтүрүүгө жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө жардам бере турган 20 миң башка чейин бодо мал жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралды.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын демократтардын көзөмөлүнө өтүү ыктымалдыгы 84 пайызды түзөт. Бул тууралуу америкалык Decision Desk HQ аналитикалык кызматынын божомолуна таянып РИА Новости жазды. Төмөнкү палатада дагы үстөмдүктү Республикалык партиянын сактап калуу мүмкүнчүлүгү 16 гана пайыз деп бааланууда. Эске салсак, учунда АКШда Конгресске орто мөөнөттүү шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен республикачылар эки палатадагы көпчүлүктү сактап калар-калбасы аныкталат. Өкүлдөр палатасында шайлоочулар 435 конгрессмендин бардыгын, ал эми Сенатта 100 мыйзам чыгаруучунун 35ин тандашы керек. Демократтар көпчүлүктү түзүш үчүн дагы төрт мандат кошуп алышы зарыл. Тагыраагы, жеңиш үчүн 218 мандат керек, учурда аларда 214 орун бар. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп эгер демократтар Конгрессте көпчүлүк орунду ээлесе, алардын мыйзам долбоорлорун жана демилгелерин өткөрбөй, атайын вето укугун колдонуп, тосуп турууга даяр экенин билдирген.
Кыргызстанда курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга жана объектилерди жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин куруучуга: - Курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга; - Үлүштүк катышуу, алдын ала келишимдерди жана курулушка жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын тартууну караган башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө; - Курулуш объектилерин жарнамалоого тыюу салынат. Ошондой эле министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам талаптарын бузуу менен жарнамаларды жайгаштыруу, сатууну баштоо жана акча каражаттарын тартуу фактыларын аныктап, мыйзам бузуу аныкталган учурда өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирилди.Мындан улам, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары тааныштырылып, белгиленген тартипти сактоо жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.Кыргызстан Россиянын аймагындагы суулардан балык уулоого квота берүү маселесинде колдоо күтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушууда билдирди. Министр кыргыз тарап үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон балык чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аталган багытта Россиянын тажрыйбасы менен мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалай турганына токтолгон. Бул багытта биргелешкен эки долбоорду ишке ашыруу каралды: жылына 78 миң тоннага чейин балык кармоо максатында суудагы биологиялык ресурстарды кармоо жана кайра иштетүү боюнча кыргыз-орус ишканасын түзүү; 2035-жылга карата балык өндүрүшүн 60 миң тоннага чейин көбөйтүп, 1500гө чейин жумуш ордун түзүү үчүн Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода, инвестиция, кайра иштетүү жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Мындан тышкары, Россиядан Кыргызстандын мал чарба тармагын өкүнтүрүүгө жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө жардам бере турган 20 миң башка чейин бодо мал жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралды. АКШнын Өкүлдөр палатасынын демократтардын көзөмөлүнө өтүү ыктымалдыгы 84 пайызды түзөт. Бул тууралуу америкалык Decision Desk HQ аналитикалык кызматынын божомолуна таянып РИА Новости жазды. Төмөнкү палатада дагы үстөмдүктү Республикалык партиянын сактап калуу мүмкүнчүлүгү 16 гана пайыз деп бааланууда. Эске салсак, учунда АКШда Конгресске орто мөөнөттүү шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгы менен республикачылар эки палатадагы көпчүлүктү сактап калар-калбасы аныкталат. Өкүлдөр палатасында шайлоочулар 435 конгрессмендин бардыгын, ал эми Сенатта 100 мыйзам чыгаруучунун 35ин тандашы керек. Демократтар көпчүлүктү түзүш үчүн дагы төрт мандат кошуп алышы зарыл. Тагыраагы, жеңиш үчүн 218 мандат керек, учурда аларда 214 орун бар. Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп эгер демократтар Конгрессте көпчүлүк орунду ээлесе, алардын мыйзам долбоорлорун жана демилгелерин өткөрбөй, атайын вето укугун колдонуп, тосуп турууга даяр экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104702824_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dfeb30fba202e8fec1054e719e7eeaf6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио