https://sputnik.kg/20261104/1104708077.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлерге "Түндүк" тиркемеси аркылуу кол топтоого болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T13:00+0600
2026-11-04T13:00+0600
2026-11-04T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104707911_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a8ef0ba5fee2216e73299229059e2aa0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлерге "Түндүк" тиркемеси аркылуу кол топтоого болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.Анын айтымында, бир жаран кааласа бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бирок берилген кол тамганы кийин жокко чыгаруу мүмкүн болбойт. Президенттикке талапкер болууну каалагандар кеминде 30 миң жарандын колун чогултушу керек. Кол тамгаларды чогултуу 8-декабрда аяктайт.
Ош шаарында узундугу 32 чакырым болгон түштүк айланма жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Долбоор боюнча кызматташуу меморандумуна мэр Жанар Акаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана "Автобан" жол куруучу компаниясынын директору кол коюшту. Анын алкагында унаа жолунан тышкары транспорттук жол түйүндөрү, көпүрөлөр жана башка инженердик курулмалар салынат.
2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кыргызстандыктар 35 чет мамлекеттин 96 шаарында добуш бериши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Анын айтымында, добушканаларды кайсы өлкөлөрдө ачуу керектиги боюнча сунушту Тышкы иштер министрлиги берет. Быйыл буга чейин шайлоо тилкелери болбогон Канада менен Латвияда да добушкана ачуу сунушталып жатат. "Акыркы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө добуш берген кыргызстандыктардын саны 9 миңден 26 миңге чейин өскөн. Алдыдагы шайлоодо активдүүлүктү мындан дагы жогорулатканга аракет кылабыз", — деди ал. Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген.
Үч жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Садыр Жапаровдун Талас облусундагы эл менен жолугушуусу учурунда кызына ырайым сурады. Айганыш Кадыркулованын апасы Гүлнара Кадыркулованын айтымында, кызы жеке клиникада иштеген. Кийин аталган медициналык мекеме менен мамлекеттик стоматологиялык клиниканын ортосунда жасалма келишим түзүлгөн. Ал клиникалардын биринин жетекчиси акталып, экинчисинин жетекчиси пробация алганы айтылды. "Кызым менен күйөө балам эле абакта калган. Алар камалганда баласы болгону беш айлык болчу", — деди Кадыркулова. Садыр Жапаров энеге кыз-күйөөсү мунапыс берүү боюнча комиссияга кайрылсын деп сунуш кылды. Белгилей кетсек, окуя 2023-жылдын аягында болгон. Бир жылдан кийин соттун чечими менен анестезиолог алты жылга, стоматолог Айганыш Кадыркулова беш жарым жылга, анын жолдошу Данияр Таалайбеков документтерди жасалмалаганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал эми ошол кездеги КММАнын Медициналык борборунун жетекчиси пробация алып, жеке клиниканын директору акталган.
АКШ президенти Дональд Трамп эгер анын аты-жөнү бюллетендерде болгондо, республикачылар Конгресске орто мөөнөттүү шайлоодо атаандашын баш көтөртпөй жеңишке жетмек деген оюн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Эске салсак, 3-ноябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына шайлоо болду. Алдын ала жыйынтык боюнча, көпчүлүктү демократтар түзгөнү турат.
Президенттик шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлерге "Түндүк" тиркемеси аркылуу кол топтоого болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.Анын айтымында, бир жаран кааласа бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бирок берилген кол тамганы кийин жокко чыгаруу мүмкүн болбойт. Президенттикке талапкер болууну каалагандар кеминде 30 миң жарандын колун чогултушу керек. Кол тамгаларды чогултуу 8-декабрда аяктайт.Ош шаарында узундугу 32 чакырым болгон түштүк айланма жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Долбоор боюнча кызматташуу меморандумуна мэр Жанар Акаев, транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев жана "Автобан" жол куруучу компаниясынын директору кол коюшту. Анын алкагында унаа жолунан тышкары транспорттук жол түйүндөрү, көпүрөлөр жана башка инженердик курулмалар салынат.2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кыргызстандыктар 35 чет мамлекеттин 96 шаарында добуш бериши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди. Анын айтымында, добушканаларды кайсы өлкөлөрдө ачуу керектиги боюнча сунушту Тышкы иштер министрлиги берет. Быйыл буга чейин шайлоо тилкелери болбогон Канада менен Латвияда да добушкана ачуу сунушталып жатат. "Акыркы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө добуш берген кыргызстандыктардын саны 9 миңден 26 миңге чейин өскөн. Алдыдагы шайлоодо активдүүлүктү мындан дагы жогорулатканга аракет кылабыз", — деди ал. Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген.Үч жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Садыр Жапаровдун Талас облусундагы эл менен жолугушуусу учурунда кызына ырайым сурады. Айганыш Кадыркулованын апасы Гүлнара Кадыркулованын айтымында, кызы жеке клиникада иштеген. Кийин аталган медициналык мекеме менен мамлекеттик стоматологиялык клиниканын ортосунда жасалма келишим түзүлгөн. Ал клиникалардын биринин жетекчиси акталып, экинчисинин жетекчиси пробация алганы айтылды. "Кызым менен күйөө балам эле абакта калган. Алар камалганда баласы болгону беш айлык болчу", — деди Кадыркулова. Садыр Жапаров энеге кыз-күйөөсү мунапыс берүү боюнча комиссияга кайрылсын деп сунуш кылды. Белгилей кетсек, окуя 2023-жылдын аягында болгон. Бир жылдан кийин соттун чечими менен анестезиолог алты жылга, стоматолог Айганыш Кадыркулова беш жарым жылга, анын жолдошу Данияр Таалайбеков документтерди жасалмалаганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал эми ошол кездеги КММАнын Медициналык борборунун жетекчиси пробация алып, жеке клиниканын директору акталган.АКШ президенти Дональд Трамп эгер анын аты-жөнү бюллетендерде болгондо, республикачылар Конгресске орто мөөнөттүү шайлоодо атаандашын баш көтөртпөй жеңишке жетмек деген оюн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Эске салсак, 3-ноябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына шайлоо болду. Алдын ала жыйынтык боюнча, көпчүлүктү демократтар түзгөнү турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104707911_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c5604831d7e1f8a0c1a68ac1a15a6070.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио