Драматургияга дарыгерликтен келген. Токтоболот Абдумомуновдун сүрөттөгү ирмемдери

Жазылуу
Бүгүн – таланттуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнү. Залкар калемгердин 100 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы 15-августта Кеминдины Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач Фрунзедеги медициналык техникумда окуп, 1938-жылы фельдшер күбөлүгүн алып, Ош облусунун Гүлчө (азыркы Алай) районунун Жошолу айылында дарыгер болуп иштеген. Бирок медицинада көпкө кармалбай чыгармачылык менен кеткен. Кийин басмаканада, республикалык радиокомитетте, "Ленин жолу" гезитинде, "СССР Жогорку Советинин ведомосттору" басылмасында, "Советтик Кыргызстан" журналында кабарчы, котормочу, корректор, редактор болуп эмгектенген.
Алгачкы "Кумдуу чап" пьесасы 1947-жылы сахналаштырылган. Андан соң "Замандаштар", "Борбаш", "Курман", "Тар капчыгай", "Атабектин кызы" драмалары театрда коюлуп, КРдин эл жазуучусу 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. "Абийир кечирбейт" эле 40тан ашык театрда ийгиликтүү коюлган.
Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы таарынышып жүргөн акын-жазуучуларды элдештирип, элеттен келген жаштардан жардамын аяган эмес. Токтоболот Абдумомунов 1989-жылы 67 жашында көз жумган.
Драматургдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Токтоболот Абдумомунов жаш кезинде ак халат кийип медицина тармагында эмгектенмек. Бирок ден соолугуна байланыштуу кесибин алмаштырган.

Токтоболот Абдумомунов жаш кезинде ак халат кийип медицина тармагында эмгектенмек. Бирок ден соолугуна байланыштуу кесибин алмаштырган. - Sputnik Кыргызстан
1/13

Токтоболот Абдумомунов жаш кезинде ак халат кийип медицина тармагында эмгектенмек. Бирок ден соолугуна байланыштуу кесибин алмаштырган.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Москва шаарында өткөн СССР жазуучуларынын съезди, 1967-жыл. Сүрөттө Токтоболот Абдумомунов менен Касымаалы Жантөшев.

Москва шаарында өткөн СССР жазуучуларынын съезди, 1967-жыл. Сүрөттө Токтоболот Абдумомунов менен Касымаалы Жантөшев. - Sputnik Кыргызстан
2/13

Москва шаарында өткөн СССР жазуучуларынын съезди, 1967-жыл. Сүрөттө Токтоболот Абдумомунов менен Касымаалы Жантөшев.

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл.

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
3/13

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Бүткүл союздук театрлар коомунун төрагасы Михаил Царев, атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, драматург Токтоболот Абдумомунов. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

Бүткүл союздук театрлар коомунун төрагасы Михаил Царев, атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, драматург Токтоболот Абдумомунов. Фрунзе шаары, 1972-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/13

Бүткүл союздук театрлар коомунун төрагасы Михаил Царев, атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, драматург Токтоболот Абдумомунов. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева, киносценарист Шаршен Усубалиев, драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1960-жыл.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева, киносценарист Шаршен Усубалиев, драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1960-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/13

Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов, белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиева, киносценарист Шаршен Усубалиев, драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1960-жыл.

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Санаалаш калемгерлер: Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов

Санаалаш калемгерлер: Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов - Sputnik Кыргызстан
6/13

Санаалаш калемгерлер: Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдумомунов

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов.

Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов. - Sputnik Кыргызстан
7/13

Кызыл аянтта кызуу баарлашкан кесиптештер. СССРдин Жазуучулар союзунун төрагасы Константин Федин менен Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов.

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Жазуучу Аалы Токомбаев, драматург Токтоболот Абдумомунов, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова

Жазуучу Аалы Токомбаев, драматург Токтоболот Абдумомунов, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова - Sputnik Кыргызстан
8/13

Жазуучу Аалы Токомбаев, драматург Токтоболот Абдумомунов, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз адабияты, маданиятынын чолпон жылдыздары: биринчи катарда отурган драматург Токтоболот Абдумомунов, актер, театр режиссеру Абдыашым Көбөгөнов, акын, комузчу Турсунов. Экинчи катарда тургандар: белгилүү актер Бакирдин Алиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, музыка таануучу Балбай Алагушев. Фрунзе, 1984-жыл.

Кыргыз адабияты, маданиятынын чолпон жылдыздары: биринчи катарда отурган драматург Токтоболот Абдумомунов, актер, театр режиссеру Абдыашым Көбөгөнов, акын, комузчу Турсунов. Экинчи катарда тургандар: белгилүү актер Бакирдин Алиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, музыка таануучу Балбай Алагушев. Фрунзе, 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/13

Кыргыз адабияты, маданиятынын чолпон жылдыздары: биринчи катарда отурган драматург Токтоболот Абдумомунов, актер, театр режиссеру Абдыашым Көбөгөнов, акын, комузчу Турсунов. Экинчи катарда тургандар: белгилүү актер Бакирдин Алиев, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, музыка таануучу Балбай Алагушев. Фрунзе, 1984-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Абдумомунов 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган

Абдумомунов 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган - Sputnik Кыргызстан
10/13

Абдумомунов 1967-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кремлде сейилдеген акын-жазуучулар. Солдон оңду көздөй биринчи турган Токтоболот Абдумомунов, экинчи турган Аалы Токомбаев, бешинчи турган прозаик Николай Чекменов, алтынчы Түгөлбай Сыдыкбеков, жетинчи акын Темиркул Үмөталиев, сегизинчи Кубанычбек Маликов.

Кремлде сейилдеген акын-жазуучулар. Солдон оңду көздөй биринчи турган Токтоболот Абдумомунов, экинчи турган Аалы Токомбаев, бешинчи турган прозаик Николай Чекменов, алтынчы Түгөлбай Сыдыкбеков, жетинчи акын Темиркул Үмөталиев, сегизинчи Кубанычбек Маликов. - Sputnik Кыргызстан
11/13

Кремлде сейилдеген акын-жазуучулар. Солдон оңду көздөй биринчи турган Токтоболот Абдумомунов, экинчи турган Аалы Токомбаев, бешинчи турган прозаик Николай Чекменов, алтынчы Түгөлбай Сыдыкбеков, жетинчи акын Темиркул Үмөталиев, сегизинчи Кубанычбек Маликов.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

КРдин эл жазуучусу украиналык кесиптештери менен. Москва шаары, 1960-жыл.

КРдин эл жазуучусу украиналык кесиптештери менен. Москва шаары, 1960-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/13

КРдин эл жазуучусу украиналык кесиптештери менен. Москва шаары, 1960-жыл.

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер катуу оорудан улам 67 жашында кайтыш болгон. Анын ысымын азыр борбор калаадагы бир көчө жана улуттук драма театры алып жүрөт.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер катуу оорудан улам 67 жашында кайтыш болгон. Анын ысымын азыр борбор калаадагы бир көчө жана улуттук драма театры алып жүрөт. - Sputnik Кыргызстан
13/13

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер катуу оорудан улам 67 жашында кайтыш болгон. Анын ысымын азыр борбор калаадагы бир көчө жана улуттук драма театры алып жүрөт.

Тема боюнча:
Зилзаладан бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланганда. 56 жыл мурунку окуя
33 жашта СССРдин эл артисти болгон. Абдылас Малдыбаевдин сүрөттөрү
Кан майданда от кечип, атын түбөлүккө жазып кеткен Дайыр Асанов. Сүрөт баян
Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0