https://sputnik.kg/20261103/1104689009.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө карьердик ыкма менен алтын казуу 5-6 жылдан кийин аяктайт, андан соң бардык техника Жетим-Тоо кенин иштетүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T17:00+0600
2026-11-03T17:00+0600
2026-11-03T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104688843_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7e16805991210ffc79481a80c53e185b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө карьердик ыкма менен алтын казуу 5-6 жылдан кийин аяктайт, андан соң бардык техника Жетим-Тоо кенин иштетүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көлөмү боюнча экинчи чоң алтын кени болгон Жер-Үй да иштеп жатат.Жетим-Тоо — өлкөдөгү кара жана түстүү металлдардын эң ири кени. Андагы сырьёнун болжолдуу запасы 50 миллиард долларга бааланууда.
Молдовановка айылындагы № 27 жана № 1 түзөтүү колонияларында тигүү, ширетүү жана эмерек цехтери, ошондой эле стационардык бетон түйүнү ачылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти. Өндүрүш аянтчалары жеке ишкерлердин колдоосу менен ЖАМКга караштуу “Келечек” мамлекеттик ишканасы түзгөн келишимдердин негизинде уюштурулду.Жаңы тигүү цехинде 180ге жакын, ширетүү цехинде 40тай, эмерек өндүрүшүндө 20га жакын, ал эми бетон түйүнүндө 15 соттолгон жаранды жумуш менен камсыздоо мерчемделүүдө. Эмерек цехинде заманбап корпустук эмеректерди чыгаруу жолго коюлду. № 27 мекемеде наабайкана, үч ширетүү жана тигүү цехи, эмерек жайы жана бетон заводу иштеп жатат. Жалпысынан бул өндүрүштөрдө 500дөн ашык соттолгон адам эмгектенмекчи.Мындан сырткары, № 1 колонияда сыртта колдонулуучу электр жабдууларын — электр прожекторлорун чыгарган цех ачылды. Азыркы тапта 25 соттолгон жаран пилоттук режимде өндүрүш процессин өздөштүрүп, окуп жатат. Цех толук кубаттуулугуна чыккандан кийин 50гө чейин соттолгон адамды жумуш орду менен камсыздоо каралган.Даяр продукцияларды мамлекеттик органдар сатып алат. Ошондой эле алар ЖАМКнын өздүк муктаждыктарына колдонулуп, эркин сатыкка да чыгарылат. Соттолгон жарандар эмгеги үчүн айлык акы алышат. Алар бул каражатты үй-бүлөсүнө жөнөтүүгө, доо арыздар боюнча карыздарын төлөөгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга багыттай алышат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Жолугушуу Амангелдиевдин Россияга болгон иш сапарынын алкагында өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тараптар эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо, өнөр жай багытындагы орток долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү маселелерин карашты. Мындан тышкары, бажы кызматтарынын ишин жакшыртуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өз ара сооданы көбөйтүү тууралуу пикир алмашышты. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.
Европа менен чыныгы диалог жүргүзүү азырынча арсар бойдон турат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евразия коопсуздугу боюнча IV Минск эл аралык конференциясынын пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин, бирок Европа согуш баштаса, РФ дароо жооп кайтарарын белгилеген. Лавровдун айтмында, Батыш өлкөлөрүнүн Украина аркылуу Россияга каршы согуш жүргүзүшү евроатлантикалык биримдиктин бардык өлкөлөрдү бириктирүү мүмкүнчүлүгүнө чекит койгонун билдирди.Анын пикиринде, Батыш көп уюлдуу дүйнө түзүлүшүнө каршы чыгып, Евразиянын чыгыш бөлүгүндөгү таасирин кеңейтүүгө аракет кылууда.
Кумтөрдө карьердик ыкма менен алтын казуу 5-6 жылдан кийин аяктайт, андан соң бардык техника Жетим-Тоо кенин иштетүүгө багытталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көлөмү боюнча экинчи чоң алтын кени болгон Жер-Үй да иштеп жатат.Жетим-Тоо — өлкөдөгү кара жана түстүү металлдардын эң ири кени. Андагы сырьёнун болжолдуу запасы 50 миллиард долларга бааланууда.Молдовановка айылындагы № 27 жана № 1 түзөтүү колонияларында тигүү, ширетүү жана эмерек цехтери, ошондой эле стационардык бетон түйүнү ачылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти. Өндүрүш аянтчалары жеке ишкерлердин колдоосу менен ЖАМКга караштуу “Келечек” мамлекеттик ишканасы түзгөн келишимдердин негизинде уюштурулду.Жаңы тигүү цехинде 180ге жакын, ширетүү цехинде 40тай, эмерек өндүрүшүндө 20га жакын, ал эми бетон түйүнүндө 15 соттолгон жаранды жумуш менен камсыздоо мерчемделүүдө. Эмерек цехинде заманбап корпустук эмеректерди чыгаруу жолго коюлду. № 27 мекемеде наабайкана, үч ширетүү жана тигүү цехи, эмерек жайы жана бетон заводу иштеп жатат. Жалпысынан бул өндүрүштөрдө 500дөн ашык соттолгон адам эмгектенмекчи.Мындан сырткары, № 1 колонияда сыртта колдонулуучу электр жабдууларын — электр прожекторлорун чыгарган цех ачылды. Азыркы тапта 25 соттолгон жаран пилоттук режимде өндүрүш процессин өздөштүрүп, окуп жатат. Цех толук кубаттуулугуна чыккандан кийин 50гө чейин соттолгон адамды жумуш орду менен камсыздоо каралган.Даяр продукцияларды мамлекеттик органдар сатып алат. Ошондой эле алар ЖАМКнын өздүк муктаждыктарына колдонулуп, эркин сатыкка да чыгарылат. Соттолгон жарандар эмгеги үчүн айлык акы алышат. Алар бул каражатты үй-бүлөсүнө жөнөтүүгө, доо арыздар боюнча карыздарын төлөөгө жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга багыттай алышат.Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Жолугушуу Амангелдиевдин Россияга болгон иш сапарынын алкагында өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тараптар эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо, өнөр жай багытындагы орток долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү маселелерин карашты. Мындан тышкары, бажы кызматтарынын ишин жакшыртуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өз ара сооданы көбөйтүү тууралуу пикир алмашышты. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.Европа менен чыныгы диалог жүргүзүү азырынча арсар бойдон турат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евразия коопсуздугу боюнча IV Минск эл аралык конференциясынын пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин, бирок Европа согуш баштаса, РФ дароо жооп кайтарарын белгилеген. Лавровдун айтмында, Батыш өлкөлөрүнүн Украина аркылуу Россияга каршы согуш жүргүзүшү евроатлантикалык биримдиктин бардык өлкөлөрдү бириктирүү мүмкүнчүлүгүнө чекит койгонун билдирди.Анын пикиринде, Батыш көп уюлдуу дүйнө түзүлүшүнө каршы чыгып, Евразиянын чыгыш бөлүгүндөгү таасирин кеңейтүүгө аракет кылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104688843_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bc67283a3d6379f3f858efeba5e82923.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио