https://sputnik.kg/20261104/1104698200.html
Кыргызстанда жаратылыш коруктары менен парктары 2035-жылга чейин өнүктүрүлөт
Кыргызстанда жаратылыш коруктары менен парктары 2035-жылга чейин өнүктүрүлөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мамлекеттик жаратылыш коруктары менен жаратылыш парктарын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T09:04+0600
2026-11-04T09:04+0600
2026-11-04T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104698030_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_097dbe77ae9d62a4703b9a8746158b8d.jpg
Кыргызстанда жаратылыш коруктары менен парктары 2035-жылга чейин өнүктүрүлөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мамлекеттик жаратылыш коруктары менен жаратылыш парктарын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо багытында 2026–2035-жылдарга карата жаңы концепция кабыл алынды. Документ өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын модернизациялоого, кеңейтүүгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу “Күн Башат” уктуруусунда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Талантбек Турдуматов билдирди.
Анын айтымында, концепцияны ишке ашыруу жаратылыш коруктары менен парктарынын инфраструктурасын жакшыртууга, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жаратылыш ресурстарын коргоо жана көзөмөлдөө иштерин күчөтүүгө шарт түзөт.
“Концепциянын биринчи этабы 2026–2029-жылдарды камтып, бул мезгилде белгиленген иш-чараларды этап-этабы менен аткаруу, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкарууну өркүндөтүү каралган. Концепцияга мөңгү маселеси, аны коргоо пландары да камтылган. Кызыл китепке кирген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо, коруктардагы учурдагы көйгөйлөр, каржылоо булактары, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздоодо жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алынат”, — деди Турдумамбетов.
Ал белгилегендей, концепциянын аткарылышы жыл сайын көзөмөлдөнүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берилет.
Кыргызстандагы мамлекеттик жаратылыш коруктары менен жаратылыш парктарын өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо багытында 2026–2035-жылдарга карата жаңы концепция кабыл алынды. Документ өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын модернизациялоого, кеңейтүүгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу “Күн Башат” уктуруусунда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Талантбек Турдуматов билдирди.Анын айтымында, концепцияны ишке ашыруу жаратылыш коруктары менен парктарынын инфраструктурасын жакшыртууга, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жаратылыш ресурстарын коргоо жана көзөмөлдөө иштерин күчөтүүгө шарт түзөт.“Концепциянын биринчи этабы 2026–2029-жылдарды камтып, бул мезгилде белгиленген иш-чараларды этап-этабы менен аткаруу, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкарууну өркүндөтүү каралган. Концепцияга мөңгү маселеси, аны коргоо пландары да камтылган. Кызыл китепке кирген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо, коруктардагы учурдагы көйгөйлөр, каржылоо булактары, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздоодо жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алынат”, — деди Турдумамбетов.Ал белгилегендей, концепциянын аткарылышы жыл сайын көзөмөлдөнүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берилет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104698030_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9127ddd39d05745a08f8427874dbb4d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда жаратылыш коруктары менен парктары 2035-жылга чейин өнүктүрүлөт
09:04 04.11.2026 (Жаңыртылды: 09:16 04.11.2026) Коноктор
Талантбек Турдуматов, Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору