https://sputnik.kg/20261104/1104718779.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бизнесмен Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырып, Кыргызстандын президенттигине төртүнчү талапкер болду. Ал 35 жашта. Өткөн жылы... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T17:00+0600
2026-11-04T17:00+0600
2026-11-04T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104718613_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e6a8cb225d59119ddb6af3bca32ef508.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бизнесмен Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырып, Кыргызстандын президенттигине төртүнчү талапкер болду. Ал 35 жашта. Өткөн жылы Кыдыров № 19 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышып, бирок өтпөй калган. Ошол учурда ал үч баланын атасы жана кесиби боюнча дипломат экенин билдирген. Кыдыров бир нече жыл бою япон компанияларын жетектеп келген болсо, акыркы жылдары логистикалык компанияны башкарууда. Буга чейин президенттик жарышка катышуу үчүн БШКга үч жарандан арыз түшкөн: Аймен Касенов — президенттикке талапкерлигин көрсөткөн алгачкы талапкер; Азамат Эсенбеков — шайлоого катышуу ниетин билдирип, экинчи болуп кайрылган талапкер; Сыймык Жапыкеев — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси, президенттикке ат салышуу ниетин расмий билдирген үчүнчү талапкер. Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Кыргызстанда жүрөк ритминин бузулушун дарылоонун заманбап ыкмасы – электродсуз кардиостимуляторду имплантациялоо операциясы биринчи жолу жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Операция академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда француз адистеринин катышуусунда өткөн эл аралык мастер-класстын алкагында жасалды. Процедурага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана француз профессору Элуа Марижон катышты. Электродсуз кардиостимулятор кан тамыр аркылуу түздөн-түз жүрөккө орнотулат. Ал салттуу аппараттардан айырмаланып, электроддорду жана теринин астына атайын түзүлүштү орнотууну талап кылбайт.
Ички иштер министрлиги элдин кайрылууларын кабыл алып, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат алуу үчүн "Мыйзамбек" аттуу виртуалдык жардамчыны ишке киргизди. Учурда ал тесттик режимде Telegram мессенджери аркылуу иштеп жатат.Жарандар "Мыйзамбекке" экономикалык кылмыштар, коррупция, пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат бере алышат. Ошондой эле шектүү жагдайлар боюнча кайрылып, кеңеш алууга да мүмкүн болот. ИИМдин маалыматына ылайык, түшкөн кайрылуулар мазмунуна жараша Кылмыш иликтөө башкармалыгына же Ички иликтөө кызматына жөнөтүлүп, тиешелүү тартипте каралат. Министрлик виртуалдык жардамчыга кайрылган жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин белгиледи.
Сырткы күчтөрдүн Россияны бөлүү-жаруу аракеттери ишке ашкан жок, буга президент Владимир Путиндин көп жылдык эмгеги таасир этти. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын КМШ маселелери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин башчысы Леонид Калашников РИА Новости агенттигине билдирди. РФ лидери Путин буга чейин сырткы күчтөр мурдатан бери эле Россия коомчулугуна бүлүк салууга аракет кыларын, бирок элдин биримдиги гана өлкөнү сактап келе жатканын айткан. "Биздин элди эч ким бөлө алган жок жана бөлө да албайт, бирок бул жерде Путинге таазим кылуу керек, ал азыркыдай абал өкүм сүрүшү үчүн көп жылдар бою эмгектенди", — деди Калашников. Ал эми Украина жетекчилеринен жолу болбой, өлкөдө улутчулдар бийликти колго алганын кошумчалады. Муну менен катар тарых Россия менен Украина бирдиктүү эл экенин көрсөтүп турганын кошумчалады.
Бизнесмен Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырып, Кыргызстандын президенттигине төртүнчү талапкер болду. Ал 35 жашта. Өткөн жылы Кыдыров № 19 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышып, бирок өтпөй калган. Ошол учурда ал үч баланын атасы жана кесиби боюнча дипломат экенин билдирген. Кыдыров бир нече жыл бою япон компанияларын жетектеп келген болсо, акыркы жылдары логистикалык компанияны башкарууда. Буга чейин президенттик жарышка катышуу үчүн БШКга үч жарандан арыз түшкөн: Аймен Касенов — президенттикке талапкерлигин көрсөткөн алгачкы талапкер; Азамат Эсенбеков — шайлоого катышуу ниетин билдирип, экинчи болуп кайрылган талапкер; Сыймык Жапыкеев — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси, президенттикке ат салышуу ниетин расмий билдирген үчүнчү талапкер. Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.Кыргызстанда жүрөк ритминин бузулушун дарылоонун заманбап ыкмасы – электродсуз кардиостимуляторду имплантациялоо операциясы биринчи жолу жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Операция академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда француз адистеринин катышуусунда өткөн эл аралык мастер-класстын алкагында жасалды. Процедурага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана француз профессору Элуа Марижон катышты. Электродсуз кардиостимулятор кан тамыр аркылуу түздөн-түз жүрөккө орнотулат. Ал салттуу аппараттардан айырмаланып, электроддорду жана теринин астына атайын түзүлүштү орнотууну талап кылбайт.Ички иштер министрлиги элдин кайрылууларын кабыл алып, мыйзам бузуулар тууралуу маалымат алуу үчүн "Мыйзамбек" аттуу виртуалдык жардамчыны ишке киргизди. Учурда ал тесттик режимде Telegram мессенджери аркылуу иштеп жатат.Жарандар "Мыйзамбекке" экономикалык кылмыштар, коррупция, пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иштери тууралуу маалымат бере алышат. Ошондой эле шектүү жагдайлар боюнча кайрылып, кеңеш алууга да мүмкүн болот. ИИМдин маалыматына ылайык, түшкөн кайрылуулар мазмунуна жараша Кылмыш иликтөө башкармалыгына же Ички иликтөө кызматына жөнөтүлүп, тиешелүү тартипте каралат. Министрлик виртуалдык жардамчыга кайрылган жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин белгиледи. Сырткы күчтөрдүн Россияны бөлүү-жаруу аракеттери ишке ашкан жок, буга президент Владимир Путиндин көп жылдык эмгеги таасир этти. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын КМШ маселелери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин башчысы Леонид Калашников РИА Новости агенттигине билдирди. РФ лидери Путин буга чейин сырткы күчтөр мурдатан бери эле Россия коомчулугуна бүлүк салууга аракет кыларын, бирок элдин биримдиги гана өлкөнү сактап келе жатканын айткан. "Биздин элди эч ким бөлө алган жок жана бөлө да албайт, бирок бул жерде Путинге таазим кылуу керек, ал азыркыдай абал өкүм сүрүшү үчүн көп жылдар бою эмгектенди", — деди Калашников. Ал эми Украина жетекчилеринен жолу болбой, өлкөдө улутчулдар бийликти колго алганын кошумчалады. Муну менен катар тарых Россия менен Украина бирдиктүү эл экенин көрсөтүп турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104718613_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f57ab894df81a9f284f3bd77224d200f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио