00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий борбордун жана чыгыш айланма жолунун курулушун көрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мурдагы кинотеатрдын ордуна курулуп жаткан үч кабаттуу маданий борбордун жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана башка жайлар болот. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай курулат. Учурда имараттын ичин жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Мындан тышкары, Касымалиев чыгыш айланма жолунун курулушу менен таанышты. Долбоор боюнча, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот. Мындан тышкары, көпүрө, жол түйүндөрүн жана башка инженердик курулмаларды салуу да каралган. Сапардын соңунда өкмөт башчы жооптуу органдарга жана курулуш компанияларына иштерди сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
Улуттук банк кечээ валюта базарына 214 миллион 550 миң доллар чыгарды. Бул банктын тарыхындагы көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болду. Мекеменин маалыматына караганда, эң ири интервенция быйыл июнь айынын аягында жүргүзүлүп, анда 222 миллион доллардан ашык сатылган. Жыл башынан бери башкы банк 13 жолу интервенция жасап, жалпы 2 миллиард 293,6 миллион доллар сатты. Ал эми былтыр жыл ичинде бул көрсөткүч 853 миллион долларды түзгөн.
Көзү ачыктардын жана диплому жок психологдордун кызматын эми интернетте жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКардар тартууга багытталган пикирлер, сунуштамалар, маектер жана түз эфирлер акы төлөнгөнүнө карабастан жарнама деп эсептелет. Өз кызматын жарнамалоо да буга кирет.Кардар тартууну көздөбөгөн илимий, билим берүү, журналисттик жана көркөм материалдарга тыюу жайылтылбайт.Долбоордо тиешелүү билими жана иш жүргүзүүгө укук берген документи жок кызмат көрсөткөндөргө 10 миң сом айып салуу сунушталган. Бир жыл ичинде кайталанса же кардарларды системалуу тартуу үчүн медиа жана маалыматтык технологиялар колдонулса, айып 20 миң сомду түзөт.
Европа менен чыныгы диалог жүргүзүү азырынча арсар бойдон турат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евразия коопсуздугу боюнча IV Минск эл аралык конференциясынын пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал Россиянын Европа менен согушуу ниети жок экенин, бирок Европа согуш баштаса, РФ дароо жооп кайтарарын белгилеген. Лавровдун айтмында, Батыш өлкөлөрүнүн Украина аркылуу Россияга каршы согуш жүргүзүшү евроатлантикалык биримдиктин бардык өлкөлөрдү бириктирүү мүмкүнчүлүгүнө чекит койгонун билдирди. Анын пикиринде, Батыш көп уюлдуу дүйнө түзүлүшүнө каршы чыгып, Евразиянын чыгыш бөлүгүндөгү таасирин кеңейтүүгө аракет кылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0