00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Аллергия: как распознать, найти причину и держать симптомы под контролем?
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаш үй-бүлөгө финансылык жардам маанилүүбү же улуулардын акыл-насаатыбы?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
14 мин
Туяк
Руслан Курманалиев: сахнада жанып, элдин жүрөгүндө калган талант
19:15
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аба мейкиндигин кантип көзөмөлдөйт жана учуулардын коопсуздугун кантип камсыздайт?
21:13
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан санарип сом боюнча тажрыйбасын ЕАЭБ өлкөлөрү менен бөлүштүУкраина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде өтөрү айтылдыПрезидент Айтматов жана Манас райондорунун өнүгүүсү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткени маалымдалды. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө. Муну менен катар, акыркы беш жылда райондо тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн, 2021-жылдагы 530 млн сомдон 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомго, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,05 млрд сомго жеткен. Каралып жаткан мезгил аралыгында райондо 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган. Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Кыргызстан санарип сом долбоорун ишке ашыруу, виртуалдык активдерди жөнгө салуу жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасын Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен бөлүштү. Улуттук банктан билдиришкендей, бул маселелер 29-октябрда Беларустун Несвиж шаарында өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин отурумунда талкууланды. Жыйынга Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев баштаган кыргыз делегациясы катышып, өлкөдөгү экономикалык абал жана баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча акча-кредит саясаты тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандын өкүлдөрү уруксатсыз төлөм операцияларына каршы күрөшүү тажрыйбасын тааныштырып, санариптик финансылык технологиялар боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышты. Жыйынтыгында тараптар негизги багыттар боюнча тажрыйба алмашууну улантууну макулдашты.
Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу жана аларды билим берүү уюмдарына бөлүштүрүү тартибин жөнгө салуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. "Окуу китеби" басма үйүнүн маалыматына караганда, 2-ноябрда жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда окуу китептерин мектептерге бөлүштүрүү жана өткөрүп берүү тартиби жазылган жобонун долбоору тааныштырылды.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде 10–11-ноябрда болорун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт. Өткөн жумада Ослодо Владимир Зеленский, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере жана Уиткофф жолугушкан. Эртеси ал Петербургга барып, РФ лидери Владимир Путинге украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча сунуштар камтылган документтерди тааныштырган. РФ президенти Москва Вашингтон менен Киевдин катышуусунда үч тараптуу кеңешмелерди кайра баштоого даяр экенин билдирген. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Абу-Дабиде пландалган жолугушууда тараптар Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулашарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0