https://sputnik.kg/20261103/1104684786.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Көзү ачыктардын жана дипломсуз психологдордун жарнамасына айып салуу сунушталдыКиевдин жанынан ондогон адам кармалган "кыйноо жайы" табылдыИбраева Кыргызстанда... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T15:00+0600
2026-11-03T15:00+0600
2026-11-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104684619_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_314fce4cb951c008edbaa6ac890c94fb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Көзү ачыктардын жана дипломсуз психологдордун жарнамасына айып салуу сунушталдыКиевдин жанынан ондогон адам кармалган "кыйноо жайы" табылдыИбраева Кыргызстанда жетимишке жетпеген психиатр болсо, анын теңи Бишкекте экенин айтты
Кыргызстанда 68 психиатр бар, анын жарымына жакыны Бишкекте. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосуна айтып берди. Ал аталган тармактагы жаш адистер оор бейтаптар менен иштөө кыйын болгондуктан жана айлыктын аздыгынан улам мамлекеттик медициналык мекемелерде иштегени келе бербесин белгиледи. "Психиатрия — өзгөчө адистик. Ошондуктан аларга кошумча төлөмдөр каралат жана эмгек өргүү узартылган. Бишкекте кадр маселеси салыштырмалуу жакшы. Ал эми аймактарда, анын ичинде Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында адистер дагы деле жетишсиз", — деди Ибраева. Буга чейин өлкө калкынын 11 пайызга жакыны психикалык жактан жабыркай турганы кабарланган. Учурда 50 миңден ашуун адам каттоодо турат.
Кыргызстанда оккульттук жана психологиялык кызмат көрсөткөндөргө (психологиялык кызматта — кесиптик билими жок болсо) айып салуу сунушталууда. Мындай демилге менен Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева жана Болот Сагынаев чыгышты. Мыйзам долбоорунун авторлору мындай кызматтарды социалдык тармактарда, анын ичинде блогерлер аркылуу жарнамалоого жана жайылтууга тыюуну күчөтүүнү көздөп жатышат. Биринчи жолку эреже бузуу үчүн жеке жактарга 10 миң сом, ал эми бир жыл ичинде кайталанса — 20 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган. Демилгечилердин айтымында, оккульттук кызматтарды жарнамалоого тыюу салынганы менен, алардын өзүн токтотууга мүмкүн болбой жатат. Ал эми алдамчылык беренеси менен жоопко тартуу үчүн жарандардын алданганын жана материалдык чыгым тартканын далилдөө кыйынчылык жаратат.
Сауд Арабиясында өтө турган футбол боюнча Азия кубогу 2027-жылдын аягына жылдырылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы кабарлады. План боюнча, Азия чемпионаты 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин өтмөк. Бирок аймактагы саясий кырдаалдан улам жылдын аягына которулду. Эми чемпионат ушул эле жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өтмөй болду. Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Кытай жана Сириянын футболчулары менен бир тайпага туш келген.
Өткөн түнү Киевде мобилизациядан качкандар үчүн түзүлгөн "Азовдун"* бейрасмий түрмөсү жайгашкан имараттын алдына адамдар чогулушту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин украин ЖМКлары бул имараттын подвалында 40ка жакын адам кармалып турганын жазышкан. Окуя болгон жерге Владимир Зеленскийдин аппаратынын башчысы Кирилл Буданов** келип, Украинада мындай "түрмөлөр" көп экенин мойнуна алганы айтылды. Чогулган эл ага көздү ачыштыруучу газ чачып кубалашкан. "Туткундагылардын арасынан нес абалдагы 14 жаштагы өспүрүм чыгарылды. Аны жертөлөдө күрөк менен сабашыптыр. Бала ал жакка кантип келип калганын эч ким түшүндүрө элек", — деп жазышты жергиликтүү ЖМКлар. Ошондой эле ушул кыйноо жайында акыркы бир айдын ичинде бир нече адам сабалып өлгөнү айтылууда. "Бул адамдар дайынсыз жоголгондор катары эсептелет. Адамдарды уурдап кетишет да, сабап, кыйнашат. Айрымдарын аскер бөлүктөрүнө, айрымдарын туугандарына сатышат", — деген Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук.
Көзү ачыктардын жана дипломсуз психологдордун жарнамасына айып салуу сунушталдыКиевдин жанынан ондогон адам кармалган "кыйноо жайы" табылдыИбраева Кыргызстанда жетимишке жетпеген психиатр болсо, анын теңи Бишкекте экенин айттыКыргызстанда 68 психиатр бар, анын жарымына жакыны Бишкекте. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосуна айтып берди. Ал аталган тармактагы жаш адистер оор бейтаптар менен иштөө кыйын болгондуктан жана айлыктын аздыгынан улам мамлекеттик медициналык мекемелерде иштегени келе бербесин белгиледи. "Психиатрия — өзгөчө адистик. Ошондуктан аларга кошумча төлөмдөр каралат жана эмгек өргүү узартылган. Бишкекте кадр маселеси салыштырмалуу жакшы. Ал эми аймактарда, анын ичинде Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында адистер дагы деле жетишсиз", — деди Ибраева. Буга чейин өлкө калкынын 11 пайызга жакыны психикалык жактан жабыркай турганы кабарланган. Учурда 50 миңден ашуун адам каттоодо турат.Кыргызстанда оккульттук жана психологиялык кызмат көрсөткөндөргө (психологиялык кызматта — кесиптик билими жок болсо) айып салуу сунушталууда. Мындай демилге менен Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева жана Болот Сагынаев чыгышты. Мыйзам долбоорунун авторлору мындай кызматтарды социалдык тармактарда, анын ичинде блогерлер аркылуу жарнамалоого жана жайылтууга тыюуну күчөтүүнү көздөп жатышат. Биринчи жолку эреже бузуу үчүн жеке жактарга 10 миң сом, ал эми бир жыл ичинде кайталанса — 20 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган. Демилгечилердин айтымында, оккульттук кызматтарды жарнамалоого тыюу салынганы менен, алардын өзүн токтотууга мүмкүн болбой жатат. Ал эми алдамчылык беренеси менен жоопко тартуу үчүн жарандардын алданганын жана материалдык чыгым тартканын далилдөө кыйынчылык жаратат.Сауд Арабиясында өтө турган футбол боюнча Азия кубогу 2027-жылдын аягына жылдырылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы кабарлады. План боюнча, Азия чемпионаты 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин өтмөк. Бирок аймактагы саясий кырдаалдан улам жылдын аягына которулду. Эми чемпионат ушул эле жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өтмөй болду. Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Кытай жана Сириянын футболчулары менен бир тайпага туш келген.Өткөн түнү Киевде мобилизациядан качкандар үчүн түзүлгөн "Азовдун"* бейрасмий түрмөсү жайгашкан имараттын алдына адамдар чогулушту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин украин ЖМКлары бул имараттын подвалында 40ка жакын адам кармалып турганын жазышкан. Окуя болгон жерге Владимир Зеленскийдин аппаратынын башчысы Кирилл Буданов** келип, Украинада мындай "түрмөлөр" көп экенин мойнуна алганы айтылды. Чогулган эл ага көздү ачыштыруучу газ чачып кубалашкан. "Туткундагылардын арасынан нес абалдагы 14 жаштагы өспүрүм чыгарылды. Аны жертөлөдө күрөк менен сабашыптыр. Бала ал жакка кантип келип калганын эч ким түшүндүрө элек", — деп жазышты жергиликтүү ЖМКлар. Ошондой эле ушул кыйноо жайында акыркы бир айдын ичинде бир нече адам сабалып өлгөнү айтылууда. "Бул адамдар дайынсыз жоголгондор катары эсептелет. Адамдарды уурдап кетишет да, сабап, кыйнашат. Айрымдарын аскер бөлүктөрүнө, айрымдарын туугандарына сатышат", — деген Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/03/1104684619_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5f3225bd3fa305fe7f8eb5c5cea8e791.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио