Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. Атасы партиялык кызматкер болгондуктан балалыгы өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө көчүп-конуп өткөн. Окуучу кезинде "Советтик Кыргызстан" киножурналынын операторлорунун иштегенин көрүп кино тармагына кызыгып калат да, өз алдынча фотоаппарат менен иштегенди, сүрөт тартканды үйрөнө баштаган. Мектепти аяктаган соң тасма тартуу жаатында тажрыйбасы жок болгондугуна карабай "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштейт. Ал жакта катардагы жумушчу болуп, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиевди ээрчип, ассистент кызматын аркалайт. 1961-жылы Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, режиссёр адистигин алган.
Кийинки жылдары "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмаларды жаратат. Сценаристтин кесиптештери менен замандаштары аны мыкты сүрөткер деп эсептешет. Анткени Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты өзүнүн эмгектерин башкача көз караш менен карап, окуяны же каарманды ачып берүүдө өзгөчөлөнүп, дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт.
СССР кинематографиясынын отличниги өмүрүн киного арнап, жубайы экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.
Көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты, "кыргыз кереметин" жаратуучуларынын көрүнүктүү өкүлү жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
![СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана режиссёр Геннадий Базаров. Көчө тасмасы, 1972-жыл СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана режиссёр Геннадий Базаров. Көчө тасмасы, 1972-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104555/06/1045550641_0:0:2200:1995_600x0_80_0_1_b69918b5123436a9fdc62de415cca9ab.jpg)
![Базаровдун Саманчынын жолу тасмасында эненин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева Базаровдун Саманчынын жолу тасмасында эненин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103832/96/1038329649_0:0:3574:2048_600x0_80_0_1_cecb98375e80d8841e0bce429acb1fc9.jpg)
![Түрмөдө соттолгондордун арасында тартылган Советбек Жумадылов Базаровдун Айың аталышындагы кезектеги эмгегинде Түрмөдө соттолгондордун арасында тартылган Советбек Жумадылов Базаровдун Айың аталышындагы кезектеги эмгегинде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102064/82/1020648234_0:0:2000:1795_600x0_80_0_1_dc39b1bd559780704bdde72300f9bf0e.jpg)
![Көчө кинофильминде Маликени ойногон жаш актриса Мамлакат Кылычева менен баарлашкан режиссер Көчө кинофильминде Маликени ойногон жаш актриса Мамлакат Кылычева менен баарлашкан режиссер - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104179/95/1041799569_0:0:2126:2126_600x0_80_0_1_bcca208fde5b9519c20da5f1772c2706.jpg)
![Белгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү режиссердун Көздүн кареги тасмасын тартуу маалында камерага түшүрүлгөн Белгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү режиссердун Көздүн кареги тасмасын тартуу маалында камерага түшүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104579/20/1045792026_0:0:1879:1432_600x0_80_0_1_aa7ea1c399184360dfaaea6d2ce13ed6.jpg)
![Базаровдун дипломдук ишинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тартылган Базаровдун дипломдук ишинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/47/1045464746_0:0:2000:1899_600x0_80_0_1_e046b1566fa88fe5e325992895b3a21a.jpg)
![Режиссер кыргыздын чыгаан уул-кыздары тууралуу Искусство жөнүндө баян аттуу фильмин 1974-жылы жараткан. Сүрөттө залкар актер Муратбек Рыскулов, Геннадий Базаров жана актриса Бакен Кыдыкеева. Режиссер кыргыздын чыгаан уул-кыздары тууралуу Искусство жөнүндө баян аттуу фильмин 1974-жылы жараткан. Сүрөттө залкар актер Муратбек Рыскулов, Геннадий Базаров жана актриса Бакен Кыдыкеева. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/13/1052540189_0:0:2048:1756_600x0_80_0_1_d999b571ed3476a5217f1b8fd362c5ad.jpg)
![Аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган Аномалия фильми да Геннадий Базаровго таандык Аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган Аномалия фильми да Геннадий Базаровго таандык - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/13/1052540195_0:0:2048:1587_600x0_80_0_1_3beb000bf3581dbc3a3be92bb56e5d81.jpg)
![Кинематографисттин Биринчи тасмасында актер Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова Кинематографисттин Биринчи тасмасында актер Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/13/1052540200_0:0:2048:1381_600x0_80_0_1_c8513a3ecbf861cd994d3034c38ec843.jpg)
![Кыргыз ССРинин эл артисти, ыйлаган Советбек Жумадылов жана анын жанында белгилүү актриса Айтурган Темирова, Айың фильми Кыргыз ССРинин эл артисти, ыйлаган Советбек Жумадылов жана анын жанында белгилүү актриса Айтурган Темирова, Айың фильми - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104374/54/1043745440_0:0:2200:2034_600x0_80_0_1_1d99948cfb96e43879dd0e27521f2b1d.jpg)
![Режиссердун дагы бир эмгеги Буктурма деп аталат. Ал 1969-жылы көрүүчүлөргө сунушталган. Режиссердун дагы бир эмгеги Буктурма деп аталат. Ал 1969-жылы көрүүчүлөргө сунушталган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/13/1052540205_0:0:2048:1598_600x0_80_0_1_e74303ce4cb1f1e8b3e4468a15f421b6.jpg)
![Базаровдун Каныбек тасмасында Аман Камчыбеков башкы ролду ойногон, 1978-жылы Чүй облусу Базаровдун Каныбек тасмасында Аман Камчыбеков башкы ролду ойногон, 1978-жылы Чүй облусу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104532/30/1045323093_0:0:2200:1816_600x0_80_0_1_b7ce3016feab78f1c7f7c96448811578.jpg)
![Каныбек тасмасын жараткандар: фильмдин директору Иманкул Абдыкулов, экинчи катарда отурган Чоро Думанаев, ортодо акын Ашыралы Айталиев, жанындагы режиссер Геннадий Базаровдун ассистенти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, оператор Мурат Жыргалбаев жана экинчи оператор Володя Галушко. Каныбек тасмасын жараткандар: фильмдин директору Иманкул Абдыкулов, экинчи катарда отурган Чоро Думанаев, ортодо акын Ашыралы Айталиев, жанындагы режиссер Геннадий Базаровдун ассистенти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, оператор Мурат Жыргалбаев жана экинчи оператор Володя Галушко. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050796917_0:0:2280:2047_600x0_80_0_1_c74c8250f53bd1ad2564c7191e524494.jpg)
![КР эл артисти ондон ашык көркөм, даректүү, кыска метраждуу тасмаларды жараткан КР эл артисти ондон ашык көркөм, даректүү, кыска метраждуу тасмаларды жараткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104829/30/1048293073_0:0:1348:2048_600x0_80_0_1_9e2d5e08b79258a5676fd636cbaabf05.jpg)