00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Турганбүбү Бообекова — театрда, билим берүүдө жана үй-бүлөдө өз ордун тапкан таланттуу инсан
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда маанилүү дары-дармектердин тизмеси жаңыланды
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышуу үчүн президенттик сарайга келди. Иш-чара башталганга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды. Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов эки мамлекеттин ортосундагы II Аймактар аралык кызматташтык боюнча форумдун ачылышына катышты. Эске салсак, бул күндөрү Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен жүрөт Касымалиев эки мамлекеттин президенттеринин саясий эрки жана бекем колдоосунун аркасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык ырааттуу түрдө чыңдалып жатканын белгиледи. 2024-жылы кол коюлган Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим бардык негизги багыттар боюнча кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканына токтолду. "Мамлекет башчыларыбыз тарабынан так максат коюлган, 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданын көлөмүн үч миллиард долларга жеткирүү керек. ", — деди ал. Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары Казакстандын Алматы, Жети-Суу, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганда жана Кызыл-Ордо облустары менен макулдашууларга кол коюп жатканын маалымдады.Ал аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар биргелешкен долбоорлорду да белгиледи. Алардын катарына "Ак-Тилек – Кара-Суу" көзөмөл-өткөрүү жайынын аймагындагы индустриялык соода-логистикалык комплекс, Алматы шаарына жакын жайгашкан продуктуларды дүңүнөн бөлүштүрүү борбору кирерин айтты.
Интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылыкка каршы система сыноодон өткөрүлүүдө, ал шектүү учурларда акча каражаттарын ыкчам бөгөттөөгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Улуттук банктын киберкоопсуздук башкармалыгынын башчысы Азамат Карабаев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, учурда банктар менен укук коргоо органдарын байланыштырган модуль иштеп жатат. Ал жарандардын арыздарынын негизинде эсептерди бөгөттөө убактысын кыскартууга багытталган. Ал эми толук борборлоштурулган платформаны эмдиги жылы иштеп чыгуу пландалууда. Ага банктар, байланыш операторлору жана укук коргоо органдары кошулуп, алдамчылык фактылары боюнча бирдиктүү маалымат базасын колдонушат.
Социалдык тармактар аркылуу уруксатсыз унаа жана батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Финкөзөмөл кызматынын башчысы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, учурда мындай аракеттер үчүн административдик жаза каралган. Эми жазаны күчөтүп, мыйзам бузгандардын мүлкүн конфискациялоо чарасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды. Аны ноябрь же декабрь айынын аягына чейин кабыл алуу күтүлүүдө. Маматов белгилегендей, бир нече аккаунтка катталганы үчүн унаа же башка баалуу белектерди утуп алууну убадалаган гив-оюндар да мыйзамсыз деп эсептелет. Мыйзам боюнча, лотереяларды мамлекеттик органдар, Мамлекеттик лотерея компаниясы жана Финкөзөмөлдүн уруксатын алган ишкерлер гана өткөрө алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0