00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
От обещаний к результатам: лекарства, суды, фабрика и деньги «Кумтора»
12:05
159 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЕАЭБдин алкагында кооперацияны жандандыруу — байланыштарды бекемдейт

ЕАЭБдин алкагында кооперацияны жандандыруу — байланыштарды бекемдейт
Жазылуу
Коноктор
Төлөнбек Абдыров, Экономика илимдеринин доктору, профессор
Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге киргенде, өлкө үчүн 180 миллион калкы бар ири рынок ачылган. Бирок ал мүмкүнчүлүктү колдонууга даяр эмес элек. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров билдирди.
Анын айтымында, чийки затты жана жарым фабрикаттарды гана сатпастан, аларды кайра иштетүүнү колго алып, жеңил жана оор өнөр жай тармактарында өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү зарыл.
“Союз учурунда өлкөлөр ортосундагы байланыштар күчтүү эле. Андан кийин экономика оор абалга кептелип, абал начарлады. Өндүрүш ишканалары банкрот болуп, мурдагы деңгээлге жетүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды. ЕАЭБге кирүү менен бул мүмкүнчүлүктөрдү кайра жандандырууга шарт түзүлмөк. Ал үчүн биримдик мүчө мамлекеттерге белгилүү бир талаптарды койгон. Соодага караганда, биринчи кезекте эмгек миграциясындагы жарандар үчүн жакшы шарттар түзүлмөк. ЕАЭБге кирип жатканда 36 техникалык регламенттин талаптарына жооп берүү зарыл болчу. Биз көп учурда бул талаптарга дал келбеген продукцияларды чыгарып, натыйжада биримдиктин рыногуна туура келбей калган учур болду. Былтыр ЕАЭБге мүчө болгонубуздун 10 жылдыгына карата көптөгөн ишкерлердин тажрыйба топтоп, такшалып калганын байкадык. Башында кыйынчылыктарга туш болгон ишкерлер эми өз нугун таба баштады.
Бирок рынокко толук кандуу чыгууда убакытты жоготуп алдык. Акыркы 4–5 жылдан бери бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, окутуулар жүргүзүлүп жатат. Айрыкча айыл чарба тармагында жакшы иштер аткарылууда. Эми чийки затты жана жарым фабрикаттарды гана сатпастан, аларды кайра иштетүүнү колго алып, жеңил жана оор өнөр жай тармактарында өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү зарыл. Бул жерде кооперациянын мааниси абдан чоң. Себеби биз өз алдынча ири рынокту товар менен толук камсыздай албайбыз. Өлкөдө ишканаларды ирилештирүүгө көңүл буруу зарыл. ЕАЭБдин алкагында кооперацияны жандандыруу — байланыштарды бекемдеп, өнүгүү жолуна түшүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Өнөр жай кооперациясынын негизги максаты — ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү. Бирок экономикалык потенциалы жана өнөр жайынын масштабы ар башка өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкта Кыргызстандын өз ордун бекемдөө маселеси турат. Технологияларды колдонуу жана продукцияны сериялык түрдө чыгаруу жагынан биз арттабыз. Ошентсе да, өнөр жай кооперациясынын алкагында ишканаларды түзүп, ар кандай тетиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мисалы, Россия менен жеңил унааларды чыгаруу боюнча пландар бар”, — деди Абдыров.
Экономист сырттан даяр тетиктерди алып келип, аларды жөн гана кураштырбастан, өзүбүздө тетик өндүрүүгө аракет кылуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0