https://sputnik.kg/20261029/1104580584.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Олимпиадага 30 жолдомо алууну максат кылуудаИспанияда үч күндүк аза күтүү жарыяландыМопед, скутерлерди мыйзамдаштырып, ээлерин бир ай окутуу... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T11:00+0600
2026-10-29T11:00+0600
2026-10-29T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104580418_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7400df4f5b8cae538fd3110b49039fef.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Олимпиадага 30 жолдомо алууну максат кылуудаИспанияда үч күндүк аза күтүү жарыяландыМопед, скутерлерди мыйзамдаштырып, ээлерин бир ай окутуу сунушталды
Документтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле алардын айдоочуларына А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү сунушталууда. Бул тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорунда айтылат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай транспорт каражаттарынын бир бөлүгү өлкөгө товар катары алып келинип, айрым учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөй калууда. Аларды мыйзамдаштыруу транспорт каражаттарынын ээлерин аныктоого жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Долбоордо А1 категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсунун мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартуу жана окуу үчүн жеңилдетилген тариф каралган. Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырылбаган транспорт каражаттары айып короого киргизилет. Аларды утилдештирүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.Документ расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирери айтылды.
Бишкек мэриясы коомдук автобустардын айдоочулугуна чет элдиктерди алууну караштырууда Айбек Жунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбековду тааныштырды. Ага чет өлкөлүк айдоочуларды жумушка тартуу шарттарын иликтеп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринен айдоочулардын резервин түзүүнү тапшырды.Жыйында айрым айдоочулар 100-140 миң сом айлык алуу үчүн саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштеп жатканы тууралуу маалыматты текшерүү милдети коюлду. Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду, ал эми автобустары айып короого токтотулса, анын чыгымын да өздөрү төлөй турганы эскертилди.
Кыргызстан 2028-жылкы Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну максат кылууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев эфиринде билдирди.Анын айтымында, келерки жылы Олимпиада оюндарына жолдомо берүүчү лицензиялык мелдештер өтөт. Учурда спортчулар толук каржыланып жатат.Асанбаев белгилегендей, өкмөт койгон 30 жолдомо алуу максаты медалдардын санына эмес, спортчулардын Олимпиада оюндарына катышуу укугун камсыздоого багытталган.Белгилей кетсек, 2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 14-30-июль күндөрү өтөт.
Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү БАЭде 4-ноябрдан кийин өтөт Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, так күндү белгилөөдө майдандагы кырдаал да эске алынат. Азырынча европалык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу сөз боло элек.Ушаков делегациянын негизги курамы түзүлгөнүн, толугу менен жакын арада аныкталарын кошумчалады.
Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Поезддердин кагылышуусунан каза болгондордун саны 68ге жеттиЖМКлар кеминде 179 адам жабыркаганын жазууда. Шаршембиде Толедо провинциясында эки жүргүнчү ташыган поезд кагышкан."Тармактагы үч компьютердин ортосундагы байланыш үзгүлтүккө учурап, Урда станциясындагы кыймылды башкаруу системасы өчүп калган. Натыйжада 63 чакырымдык тилке коопсуздук системасыз калган", — деди транспорт министри Оскар Пуэнте.Министрдин түшүндүрмөсүнө караганда, ошол учурда бул тилкедеги алты поезддин баары токтогон. Кийин диспетчердик борбор Renfe компаниясынын поездине кыймылды улантууга уруксат берген. Ал жолдо токтоп турган Iryo поездин сүзгөн.
Кыргызстан Олимпиадага 30 жолдомо алууну максат кылуудаИспанияда үч күндүк аза күтүү жарыяландыМопед, скутерлерди мыйзамдаштырып, ээлерин бир ай окутуу сунушталдыДокументтери жок мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле алардын айдоочуларына А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү сунушталууда. Бул тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорунда айтылат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мындай транспорт каражаттарынын бир бөлүгү өлкөгө товар катары алып келинип, айрым учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөй калууда. Аларды мыйзамдаштыруу транспорт каражаттарынын ээлерин аныктоого жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Долбоордо А1 категориясындагы айдоочуларды даярдоо курсунун мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартуу жана окуу үчүн жеңилдетилген тариф каралган. Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттө мыйзамдаштырылбаган транспорт каражаттары айып короого киргизилет. Аларды утилдештирүү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.Документ расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирери айтылды.Бишкек мэриясы коомдук автобустардын айдоочулугуна чет элдиктерди алууну караштырууда Айбек Жунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбековду тааныштырды. Ага чет өлкөлүк айдоочуларды жумушка тартуу шарттарын иликтеп, шаардык кызматтардын кызматкерлеринен айдоочулардын резервин түзүүнү тапшырды.Жыйында айрым айдоочулар 100-140 миң сом айлык алуу үчүн саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштеп жатканы тууралуу маалыматты текшерүү милдети коюлду. Ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду, ал эми автобустары айып короого токтотулса, анын чыгымын да өздөрү төлөй турганы эскертилди.Кыргызстан 2028-жылкы Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну максат кылууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев эфиринде билдирди.Анын айтымында, келерки жылы Олимпиада оюндарына жолдомо берүүчү лицензиялык мелдештер өтөт. Учурда спортчулар толук каржыланып жатат.Асанбаев белгилегендей, өкмөт койгон 30 жолдомо алуу максаты медалдардын санына эмес, спортчулардын Олимпиада оюндарына катышуу укугун камсыздоого багытталган.Белгилей кетсек, 2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 14-30-июль күндөрү өтөт.Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү БАЭде 4-ноябрдан кийин өтөт Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, так күндү белгилөөдө майдандагы кырдаал да эске алынат. Азырынча европалык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу сөз боло элек.Ушаков делегациянын негизги курамы түзүлгөнүн, толугу менен жакын арада аныкталарын кошумчалады.Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Поезддердин кагылышуусунан каза болгондордун саны 68ге жеттиЖМКлар кеминде 179 адам жабыркаганын жазууда. Шаршембиде Толедо провинциясында эки жүргүнчү ташыган поезд кагышкан."Тармактагы үч компьютердин ортосундагы байланыш үзгүлтүккө учурап, Урда станциясындагы кыймылды башкаруу системасы өчүп калган. Натыйжада 63 чакырымдык тилке коопсуздук системасыз калган", — деди транспорт министри Оскар Пуэнте.Министрдин түшүндүрмөсүнө караганда, ошол учурда бул тилкедеги алты поезддин баары токтогон. Кийин диспетчердик борбор Renfe компаниясынын поездине кыймылды улантууга уруксат берген. Ал жолдо токтоп турган Iryo поездин сүзгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104580418_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7769f6bfa2fec254d02280541b12b05f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио