https://sputnik.kg/20261029/1104597243.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T17:00+0600
2026-10-29T17:00+0600
2026-10-29T17:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104597076_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_29a60ed6b7838627df3d78bef917e0c9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Касымалиев менен Бектенов Кыргыз-казак аймактар аралык кызматташтыгы боюнча экинчи форум менен өкмөттөр аралык кеңештин 14-жыйынына катышат.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Африка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 25 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев кечээ Москвада РФ президенти Владимир Путиндин Африкадагы аймактык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди. Сагинтаевдин айтымында, 2015-2025-жылдары ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн Африка менен соодасы эки эседен ашык көбөйгөн. 2026-жылдын башынан бери көрсөткүч дагы 9 пайызга өсүп, болжол менен 17 миллиард долларды түзгөн. Евразия экономикалык комиссиясы Африка өлкөлөрү жана аймактык экономикалык бирикмелер менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Учурда Африка биримдигинин комиссиясы менен кызматташуу боюнча жаңы меморандумдун долбоору макулдашылып жатат. Сагинтаев Африка өлкөлөрү менен өнөр жай, транспорттук логистика, соода жол-жоболору жана санариптештирүү багыттарында кызматташууну кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал Африка биримдигинин комиссиясынын аянтчасында "ЕАЭБ күндөрүн" өткөрүүнү да сунуштады.
2-ноябрдан 6-ноябрга чейин Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуулук жараткан таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Ага ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүүнү токтото туруп, унаалар өткөрүлөт. Айдоочуларга сапарын алдын ала пландап, жолдогу мүмкүн болгон кечигүүлөрдү эске алуу сунушталды.
Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. "Биздин мамлекет негизги аянтчаларда Африканын ролун жогорулатууга умтулуп келет. Өлкө олуттуу чечимдер кабыл алынган жерлерде, тагыраагы, БУУнун Коопсуздук кеңешинде, бардык эл аралык финансы институттарында Африканын салмагын арттыруу зарыл деген пикирде", — деди РФ лидери. Путин Россия менен Африка адилеттүү көп уюлдуу дүйнө түзүүдө союздаш экенин белгилеп, Москва континеттин көз карандысыздыгын сактап, экономикасын жана социалдык тармагын бекемдөөгө тилектеш экенине токтолгон. Президент Африка Россия менен кызматташуусун өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишеним артты. Ал россиялык компаниялар Африканын ресурсун чыгарып кетүүгө умтулбастан, аймакта тең ата бизнес жүргүзөрүн белгиледи. Эскерте кетсек, "Россия — Африка" үчүнчү саммити менен экономикалык жана гуманитардык форум Москвада кечээ башталган, иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөт башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле Касымалиев менен Бектенов Кыргыз-казак аймактар аралык кызматташтыгы боюнча экинчи форум менен өкмөттөр аралык кеңештин 14-жыйынына катышат.Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Африка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 25 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев кечээ Москвада РФ президенти Владимир Путиндин Африкадагы аймактык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди. Сагинтаевдин айтымында, 2015-2025-жылдары ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн Африка менен соодасы эки эседен ашык көбөйгөн. 2026-жылдын башынан бери көрсөткүч дагы 9 пайызга өсүп, болжол менен 17 миллиард долларды түзгөн. Евразия экономикалык комиссиясы Африка өлкөлөрү жана аймактык экономикалык бирикмелер менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Учурда Африка биримдигинин комиссиясы менен кызматташуу боюнча жаңы меморандумдун долбоору макулдашылып жатат. Сагинтаев Африка өлкөлөрү менен өнөр жай, транспорттук логистика, соода жол-жоболору жана санариптештирүү багыттарында кызматташууну кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал Африка биримдигинин комиссиясынын аянтчасында "ЕАЭБ күндөрүн" өткөрүүнү да сунуштады.2-ноябрдан 6-ноябрга чейин Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуулук жараткан таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Ага ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат. Бул убакта жол жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүүнү токтото туруп, унаалар өткөрүлөт. Айдоочуларга сапарын алдын ала пландап, жолдогу мүмкүн болгон кечигүүлөрдү эске алуу сунушталды.Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Африканын салмагын арттыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу президент Владимир Путин Россия — Африка экономикалык жана гуманитардык форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. "Биздин мамлекет негизги аянтчаларда Африканын ролун жогорулатууга умтулуп келет. Өлкө олуттуу чечимдер кабыл алынган жерлерде, тагыраагы, БУУнун Коопсуздук кеңешинде, бардык эл аралык финансы институттарында Африканын салмагын арттыруу зарыл деген пикирде", — деди РФ лидери. Путин Россия менен Африка адилеттүү көп уюлдуу дүйнө түзүүдө союздаш экенин белгилеп, Москва континеттин көз карандысыздыгын сактап, экономикасын жана социалдык тармагын бекемдөөгө тилектеш экенине токтолгон. Президент Африка Россия менен кызматташуусун өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишеним артты. Ал россиялык компаниялар Африканын ресурсун чыгарып кетүүгө умтулбастан, аймакта тең ата бизнес жүргүзөрүн белгиледи. Эскерте кетсек, "Россия — Африка" үчүнчү саммити менен экономикалык жана гуманитардык форум Москвада кечээ башталган, иш-чара бүгүн жыйынтыкталат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104597076_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_52c77e6f5fe92e876596473554e2dfbc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио