https://sputnik.kg/20261030/1104607004.html
"Жашыл дем”: жергиликтүү бийлик кызыкдар болбогон аймактарга бак отургузгубуз келбейт
"Жашыл дем”: жергиликтүү бийлик кызыкдар болбогон аймактарга бак отургузгубуз келбейт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатында “Жашыл дем” демилгесинин алкагында Бишкек, Кемин жана Манас шаарларында 30... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T11:04+0600
2026-10-30T11:04+0600
2026-10-30T11:38+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104606834_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e23e8d19789a36e3ee1b880930357200.jpg
Жашыл дем”: Жергиликтүү бийлик кызыкдар болбогон аймактарга бак отургузгубуз келбейт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатында “Жашыл дем” демилгесинин алкагында Бишкек, Кемин жана Манас шаарларында 30 миңден ашык көчөт отургузулду. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда “Жашыл дем” экологиялык кыймылынын негиздөөчүсү Исражидин Зарипов билдирди.
Анын айтымында, көчөт отургузуу иштери өлкөнү жашылдандырууга, бак-дарактардын санын көбөйтүүгө жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
“Бишкек шаарындагы Карагач токоюна 15 миңге жакын, Кемин районунун Ак-Түз аймагына 6 миң, ал эми Манас шаарына 10 миңден ашык көчөт отургузулган. Долбоордун алкагында ар бир аймактын климаттык шарттарына жана өзгөчөлүктөрүнө жараша жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган.Ошол эле учурда бак отургузуу менен гана чектелбестен, көчөттөрдүн өсүп кетишин камсыз кылуу, аларды сугаруу жана үзгүлтүксүз кароо да маанилүү. Бул багытта көчөттөргө кам көрүү, сугат иштерин уюштуруу жана жергиликтүү бийлик менен кызматташуу иштерин жүргүзөбүз. Бак отургузула турган аймакты тандоодо климаттык шарттар жана топурактын сапаты гана эске алынбастан, эң негизги критерийлердин бири катары жергиликтүү бийлик менен жарандардын кызыкдар болушу да шарт”,-деди Зарипов.
Анын айтымында, жашыл аймактарды көбөйтүү абанын сапатын жакшыртууга, чаңды азайтууга жана шаарлардын экологиялык абалын оңдоого салым кошо алат.
Долбоордун натыйжалуулугу отургузулган көчөттөрдүн саны менен гана эмес, алардын канчасы тамыр алып, өсүп кеткени жана узак мөөнөттө сакталып калганы менен да бааланат.Исражидин Зарипов жашылдандыруу демилгелерин өнүктүрүүдө коомчулуктун катышуусу жана жарандардын жаратылышка болгон жоопкерчилиги маанилүү экенин кошумчалады.
Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатында “Жашыл дем” демилгесинин алкагында Бишкек, Кемин жана Манас шаарларында 30 миңден ашык көчөт отургузулду. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда “Жашыл дем” экологиялык кыймылынын негиздөөчүсү Исражидин Зарипов билдирди.Анын айтымында, көчөт отургузуу иштери өлкөнү жашылдандырууга, бак-дарактын санын көбөйтүүгө жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.“Бишкек шаарындагы Кара жыгач токоюна 15 миңге жакын, Кемин районунун Ак-Түз аймагына 6 миң, ал эми Манас шаарына 10 миңден ашык көчөт отургузулган. Долбоордун алкагында ар бир аймактын климаттык шарттарына жана өзгөчөлүктөрүнө жараша жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган. Ошол эле учурда бак отургузуу менен гана чектелбестен, көчөттөрдүн өсүп кетишин камсыз кылуу, аларды сугаруу жана үзгүлтүксүз кароо да маанилүү. Бул багытта көчөттөргө кам көрүү, сугат иштерин уюштуруу жана жергиликтүү бийлик менен кызматташуу иштерин жүргүзөбүз. Бак отургузула турган аймакты тандоодо климаттык шарттар жана топурактын сапаты гана эске алынбастан, эң негизги критерийлердин бири катары жергиликтүү бийлик менен жарандардын кызыкдар болушу да шарт”, -- деди Зарипов.Анын айтымында, жашыл аймактарды көбөйтүү абанын сапатын жакшыртууга, чаңды азайтууга жана шаарлардын экологиялык абалын оңдоого салым кошо алат.Долбоордун натыйжалуулугу отургузулган көчөттөрдүн саны менен гана эмес, алардын канчасы тамыр алып, өсүп кеткени жана узак мөөнөттө сакталып калганы менен да бааланат.Исражидин Зарипов жашылдандыруу демилгелерин өнүктүрүүдө коомчулуктун катышуусу жана жарандардын жаратылышка болгон жоопкерчилиги маанилүү экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104606834_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_81a88c498c762adef5cc7e9db2084af5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
"Жашыл дем”: жергиликтүү бийлик кызыкдар болбогон аймактарга бак отургузгубуз келбейт
11:04 30.10.2026 (Жаңыртылды: 11:38 30.10.2026) Коноктор
Исражидин Зарипов, “Жашыл дем” экологиялык кыймылынын негиздөөчүсү
Кыргызстанда экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатында “Жашыл дем” демилгесинин алкагында Бишкек, Кемин жана Манас шаарларында 30 миңден ашык көчөт отургузулду. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда “Жашыл дем” экологиялык кыймылынын негиздөөчүсү Исражидин Зарипов билдирди.
Анын айтымында, көчөт отургузуу иштери өлкөнү жашылдандырууга, бак-дарактын санын көбөйтүүгө жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
“Бишкек шаарындагы Кара жыгач токоюна 15 миңге жакын, Кемин районунун Ак-Түз аймагына 6 миң, ал эми Манас шаарына 10 миңден ашык көчөт отургузулган. Долбоордун алкагында ар бир аймактын климаттык шарттарына жана өзгөчөлүктөрүнө жараша жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган. Ошол эле учурда бак отургузуу менен гана чектелбестен, көчөттөрдүн өсүп кетишин камсыз кылуу, аларды сугаруу жана үзгүлтүксүз кароо да маанилүү. Бул багытта көчөттөргө кам көрүү, сугат иштерин уюштуруу жана жергиликтүү бийлик менен кызматташуу иштерин жүргүзөбүз. Бак отургузула турган аймакты тандоодо климаттык шарттар жана топурактын сапаты гана эске алынбастан, эң негизги критерийлердин бири катары жергиликтүү бийлик менен жарандардын кызыкдар болушу да шарт”, -- деди Зарипов.
Анын айтымында, жашыл аймактарды көбөйтүү абанын сапатын жакшыртууга, чаңды азайтууга жана шаарлардын экологиялык абалын оңдоого салым кошо алат.
Долбоордун натыйжалуулугу отургузулган көчөттөрдүн саны менен гана эмес, алардын канчасы тамыр алып, өсүп кеткени жана узак мөөнөттө сакталып калганы менен да бааланат.Исражидин Зарипов жашылдандыруу демилгелерин өнүктүрүүдө коомчулуктун катышуусу жана жарандардын жаратылышка болгон жоопкерчилиги маанилүү экенин кошумчалады.