https://sputnik.kg/20261030/1104603680.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу"... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T08:59+0600
2026-10-30T08:59+0600
2026-10-30T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104603514_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_14a4c13cdfa010471b18a73683e21ea4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат. Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат. Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.
Бишкекте турак үйлөрдүн 80% жылуулукка кошулду. "Бишкек жылуулук энерго" отканалардын 99% ишке киргизилгенин кабарлады. Маалыматка ылайык ооруканалар толук кошулган. Ал эми мектеп, бала бакчанын 97-98% туташты. Жылуулук этап-этабы менен берилип, биринчи кезекте социалдык мекемелер кошулуп жатканы кошумчаланды. Жогорку соттун судьясы болуу үчүн 10 жылдык тажрыйба талап кылуу сунушталууда
Конституциялык мыйзамды өзгөртүүнү президенттик администрация демилгеледи. Долбоор кабыл алынса, талапкер жергиликтүү соттордо кеминде 10 жыл судья болуп иштеши керек. Азыр бул талап беш жылды түзөт.Юридикалык кесип боюнча жалпы иш стажы кеминде 15 жыл болушу керек деген талап сакталат. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы судьялык тажрыйбаны чогуу эсептөө сунушталууда.
Кыргызгидромет абанын тазалыгын 14 стационардык, бир автоматтык станция жана 50 датчик аркылуу көзөмөлдөйт. Маалыматтар мекеменин сайтында жеткиликтүү. Бишкек шаарынын тургундары абанын сапаты тууралуу маалыматты онлайн режиминде текшере алышат. Бул үчүн Кыргызгидрометтин сайтына кирүү жетиштүү. Сайтка абадагы зыяндуу заттардын акыркы 24 саат ичиндеги концентрациясы тууралуу маалымат жарыяланат. Бул көрсөткүчтөр калаадагы абанын булгануу деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Абанын сапатынын индекси жашыл — коопсуз; сары — коркунучу азыраак; кызыл — кооптуу; сыя көк — өтө кооптуу деп түстөр менен белгиленет.Картада Бишкек шаарындагы абанын тазалыгына байкоо жүргүзүү пунктулары жана көрсөткүчтөр берилген.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Африка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 25 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев кечээ Москвада РФ президенти Владимир Путиндин Африкадагы аймактык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди. Сагинтаевдин айтымында, 2015-2025-жылдары ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн Африка менен соодасы эки эседен ашык көбөйгөн. 2026-жылдын башынан бери көрсөткүч дагы 9 пайызга өсүп, болжол менен 17 миллиард долларды түзгөн. Евразия экономикалык комиссиясы Африка өлкөлөрү жана аймактык экономикалык бирикмелер менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Учурда Африка биримдигинин комиссиясы менен кызматташуу боюнча жаңы меморандумдун долбоору макулдашылып жатат.
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат. Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат. Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.Бишкекте турак үйлөрдүн 80% жылуулукка кошулду. "Бишкек жылуулук энерго" отканалардын 99% ишке киргизилгенин кабарлады. Маалыматка ылайык ооруканалар толук кошулган. Ал эми мектеп, бала бакчанын 97-98% туташты. Жылуулук этап-этабы менен берилип, биринчи кезекте социалдык мекемелер кошулуп жатканы кошумчаланды. Жогорку соттун судьясы болуу үчүн 10 жылдык тажрыйба талап кылуу сунушталууда Конституциялык мыйзамды өзгөртүүнү президенттик администрация демилгеледи. Долбоор кабыл алынса, талапкер жергиликтүү соттордо кеминде 10 жыл судья болуп иштеши керек. Азыр бул талап беш жылды түзөт.Юридикалык кесип боюнча жалпы иш стажы кеминде 15 жыл болушу керек деген талап сакталат. Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы судьялык тажрыйбаны чогуу эсептөө сунушталууда.Кыргызгидромет абанын тазалыгын 14 стационардык, бир автоматтык станция жана 50 датчик аркылуу көзөмөлдөйт. Маалыматтар мекеменин сайтында жеткиликтүү. Бишкек шаарынын тургундары абанын сапаты тууралуу маалыматты онлайн режиминде текшере алышат. Бул үчүн Кыргызгидрометтин сайтына кирүү жетиштүү. Сайтка абадагы зыяндуу заттардын акыркы 24 саат ичиндеги концентрациясы тууралуу маалымат жарыяланат. Бул көрсөткүчтөр калаадагы абанын булгануу деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Абанын сапатынын индекси жашыл — коопсуз; сары — коркунучу азыраак; кызыл — кооптуу; сыя көк — өтө кооптуу деп түстөр менен белгиленет.Картада Бишкек шаарындагы абанын тазалыгына байкоо жүргүзүү пунктулары жана көрсөткүчтөр берилген.Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Африка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 25 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев кечээ Москвада РФ президенти Владимир Путиндин Африкадагы аймактык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди. Сагинтаевдин айтымында, 2015-2025-жылдары ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн Африка менен соодасы эки эседен ашык көбөйгөн. 2026-жылдын башынан бери көрсөткүч дагы 9 пайызга өсүп, болжол менен 17 миллиард долларды түзгөн. Евразия экономикалык комиссиясы Африка өлкөлөрү жана аймактык экономикалык бирикмелер менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Учурда Африка биримдигинин комиссиясы менен кызматташуу боюнча жаңы меморандумдун долбоору макулдашылып жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104603514_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cb5ce7257d2f467b629a108d3da20fc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио