https://sputnik.kg/20261030/1104624618.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган... 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T18:59+0600
2026-10-30T18:59+0600
2026-10-30T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104624452_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3788f67d7815411dd4c5ae2798a2b05e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлдү. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук система аркылуу маалымат алмашуу боюнча келишим түзгөн. Бул маалымат алмашууну тездетүүгө жана иш кагаздарын кыскартууга шарт түзгөн. Ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган адамдардын тиешелүү кызматтарга дайындалышына жол бербөө үчүн реестр түзүү жана мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүү иштери жүргүзүлүүдө.Пробация сот тарабынан белгиленген милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөөнү, адамды кайра социалдаштырууну жана жаңы укук бузуулардын алдын алууну камтыйт.
Мектептеги окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында "Эксперт" аттуу автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жаңы санариптик платформа окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, 2027-2030-жылдарда окуу китептерин басып чыгаруунун мамлекеттик программасынын долбоору да каралып, китептерге буйрутма берүүдөн тартып окуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процессти толук санариптештирүү милдети коюлду. Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турмакчы.
Канайым Айгүл Жапарова Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча жыйынына катышып, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө токтолду. Ал зомбулукка коомчулуктун кайдыгер мамилеси жол берилгис экенин белгилеп, жабыркаган аялдар менен кыздарга өз убагында укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн айтты. "Келгиле, ар бир аял өз үйүндө өзүн коопсуз сезген, ар бир бала мээримге бөлөнүп чоңойгон коомду биргелешип түзөлү", — деди Жапарова. Эскерте кетсек, ушу тапта Түркияда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын саммити отту.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россияны Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ишине байкоочу катары катышууга же "ТМУ+" форматына кошулууга чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал уюмдун Анкарада өткөн саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Токаевдин айтымында, Россия түрк дүйнөсү менен кылымдардан бери тыгыз байланышта. Анын аймагында көптөгөн түрк элдеринин өкүлдөрү жашайт. Ошондой эле ал Россиянын "Алтай — түрк цивилизациясынын бешиги" долбоорун колдоп, орус тилиндеги бир катар сөздөр түрк тилинен келип чыкканын белгиледи. Казак лидери Россиянын уюм менен кызматташуусу бардык мүчө мамлекеттерге пайда алып келет деген пикирде.
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлдү. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда", - деп айтылат маалыматта. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук система аркылуу маалымат алмашуу боюнча келишим түзгөн. Бул маалымат алмашууну тездетүүгө жана иш кагаздарын кыскартууга шарт түзгөн. Ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган адамдардын тиешелүү кызматтарга дайындалышына жол бербөө үчүн реестр түзүү жана мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүү иштери жүргүзүлүүдө.Пробация сот тарабынан белгиленген милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөөнү, адамды кайра социалдаштырууну жана жаңы укук бузуулардын алдын алууну камтыйт.Мектептеги окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында "Эксперт" аттуу автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жаңы санариптик платформа окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, 2027-2030-жылдарда окуу китептерин басып чыгаруунун мамлекеттик программасынын долбоору да каралып, китептерге буйрутма берүүдөн тартып окуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процессти толук санариптештирүү милдети коюлду. Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турмакчы.Канайым Айгүл Жапарова Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча жыйынына катышып, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө токтолду. Ал зомбулукка коомчулуктун кайдыгер мамилеси жол берилгис экенин белгилеп, жабыркаган аялдар менен кыздарга өз убагында укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн айтты. "Келгиле, ар бир аял өз үйүндө өзүн коопсуз сезген, ар бир бала мээримге бөлөнүп чоңойгон коомду биргелешип түзөлү", — деди Жапарова. Эскерте кетсек, ушу тапта Түркияда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын саммити отту.Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россияны Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ишине байкоочу катары катышууга же "ТМУ+" форматына кошулууга чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал уюмдун Анкарада өткөн саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Токаевдин айтымында, Россия түрк дүйнөсү менен кылымдардан бери тыгыз байланышта. Анын аймагында көптөгөн түрк элдеринин өкүлдөрү жашайт. Ошондой эле ал Россиянын "Алтай — түрк цивилизациясынын бешиги" долбоорун колдоп, орус тилиндеги бир катар сөздөр түрк тилинен келип чыкканын белгиледи. Казак лидери Россиянын уюм менен кызматташуусу бардык мүчө мамлекеттерге пайда алып келет деген пикирде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1e/1104624452_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e5e8898d78c8a469264d7134ed8d8736.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио