https://sputnik.kg/20261027/1104547264.html
Эмне үчүн биз жалгыз калуудан коркобуз?
Эмне үчүн биз жалгыз калуудан коркобуз?
Sputnik Кыргызстан
Кээде адам жалгыз калуудан эмес, жалгыздык сезиминен, аны колдогон, түшүнгөн адамы жок калуудан коркот. “Көз мончок” программасында жалгыздыктын себептери... 27.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-27T17:04+0600
2026-10-27T17:04+0600
2026-10-27T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104547094_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d56792fcb5554f05e265eb4a26e8c053.jpg
Эмне үчүн биз жалгыз калуудан коркобуз?
Sputnik Кыргызстан
Кээде адам жалгыз калуудан эмес, жалгыздык сезиминен, аны колдогон, түшүнгөн адамы жок калуудан коркот. “Көз мончок” программасында жалгыздыктын себептери, анын адамдын ички дүйнөсүнө жана мамилелерине тийгизген таасири тууралуу психологдор Айдана Абакова жана Шолпан Мамытова комментарий беришти.
Жалгыздыкты көп учурда адамдын жанында эч кимдин жоктугу менен байланыштырабыз. Бирок жалгыз калуу менен өзүн жалгыз сезүү, эки башка түшүнүк. Адам жалгыз жашап, өзүн эркин, тынч жана бактылуу сезиши мүмкүн. Ошол эле учурда үй-бүлөсү, достору, кесиптештери бар адам да өзүн эч кимге керексиз сезиши ыктымал.
“Жашоодо чоң чечимдер кабыл алынып жатканда жардам берген, колдогон адам жок болсо, жанындагы адамдар алыстап кеткенде же адам жер которгондо жалгызсырайт. Аталган сезим көбүнчө өспүрүмдөрдүн, үй-бүлө куруу алдында турган адамдардын, 30-35 жана 70тен өткөн курактагылардын арасында кездешет.
Экстраверт башка адамдар менен баарлашуудан, интроверт болсо өзү менен өзү болгондо күч-кубат алат эмеспи. Токтоо адамдар жалгыз жүргөндү жакшы көрүшөт. Андыктан бул жалгыздык деп эсептелбейт. Жалгыздыкты иш жүзүндөгү жана моралдык жалгыздык деп бөлүп караса болот. Мисалы, көптөгөн үй-бүлөлөрдө бизнес, ким эмне сатып алары, ким тамак-аш даярдашы керектиги тууралуу гана сүйлөшүп, мамилелери, сезимдери, аларды эмне тынчсыздандырганы жөнүндө унчугушпайт. Баарлашуу жалгыздыктан арылтуучу дары. Көп нерсе сүйлөшүүнүн сапатынан көз каранды. Ар бир адам түшүнүүнү эңсейт. Адам башынан кечирген нерселерин айтып, башкалар менен бөлүшкүсү келет. Жалгыздыктан толук кутулуу мүмкүн эмес. Бирок башкалар менен бөлүшсө болот”,-деди Абакова.
Кээде адам убакытка же мезгилге байланыштуу өзүн жалгыз сезип, депрессияга кабылышы мүмкүн. Мисалы, күз жана кыш мезгилдеринде адамдар жалгыздыкты көбүрөөк сезип, апатияга кабылышат. Бул тууралуу психолог Шолпан Мамытова буларга токтолду.
“Күз айларында аба ырайынын туруксуздугунан улам адамдын маанайы ар кандай болуп, бат-баттан өзгөрүп, депрессияга кабылышы мүмкүн. Бул абалдан жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди сактоо менен чыгууга болот.
Биринчи кезекте, адам бул учурда көбүрөөк сейилдеши зарыл. Түшүнүксүз ойлордон, түшүнүксүз сезимдерден арылууга туура тамактануу жана баарлашуу да жардам берет. Эң маанилүүсү уйку режимин сактоо. Түнкү уйкунун ордун эч качан күндүзгү уйку толуктай албайт. Адам жетиштүү уктабаса, бат ачууланып, көп нерсени жактырбай, алсырайт. Уйку эмоционалдык абалга түздөн-түз таасир этет”.
Эң негизгиси, жалгыз калуудан коркпоо, эч кимге муктаж болбоо дегенди билдирбейт. Адамга сүйүү да, достук да, жакындык да керек. Бирок бул муктаждык өзүбүзгө зыян келтирген мамилеге чыдоого же өзүбүздүн баалуулугубузду унутууга мажбурлабашы керектигин адистер белгилешет.
Кээде адам жалгыз калуудан эмес, жалгыздык сезиминен, аны колдогон, түшүнгөн адамы жок калуудан коркот. “Көз мончок” программасында жалгыздыктын себептери, анын адамдын ички дүйнөсүнө жана мамилелерине тийгизген таасири тууралуу психологдор Айдана Абакова жана Шолпан Мамытова комментарий беришти.Жалгыздыкты көп учурда адамдын жанында эч кимдин жоктугу менен байланыштырабыз. Бирок жалгыз калуу менен өзүн жалгыз сезүү, эки башка түшүнүк. Адам жалгыз жашап, өзүн эркин, тынч жана бактылуу сезиши мүмкүн. Ошол эле учурда үй-бүлөсү, достору, кесиптештери бар адам да өзүн эч кимге керексиз сезиши ыктымал.“Жашоодо чоң чечимдер кабыл алынып жатканда жардам берген, колдогон адам жок болсо, жанындагы адамдар алыстап кеткенде же адам жер которгондо жалгызсырайт. Аталган сезим көбүнчө өспүрүмдөрдүн, үй-бүлө куруу алдында турган адамдардын, 30-35 жана 70тен өткөн курактагылардын арасында кездешет.Экстраверт башка адамдар менен баарлашуудан, интроверт болсо өзү менен өзү болгондо күч-кубат алат эмеспи. Токтоо адамдар жалгыз жүргөндү жакшы көрүшөт. Андыктан бул жалгыздык деп эсептелбейт. Жалгыздыкты иш жүзүндөгү жана моралдык жалгыздык деп бөлүп караса болот. Мисалы, көптөгөн үй-бүлөлөрдө бизнес, ким эмне сатып алары, ким тамак-аш даярдашы керектиги тууралуу гана сүйлөшүп, мамилелери, сезимдери, аларды эмне тынчсыздандырганы жөнүндө унчугушпайт. Баарлашуу жалгыздыктан арылтуучу дары. Көп нерсе сүйлөшүүнүн сапатынан көз каранды. Ар бир адам түшүнүүнү эңсейт. Адам башынан кечирген нерселерин айтып, башкалар менен бөлүшкүсү келет. Жалгыздыктан толук кутулуу мүмкүн эмес. Бирок башкалар менен бөлүшсө болот”,-деди Абакова.Кээде адам убакытка же мезгилге байланыштуу өзүн жалгыз сезип, депрессияга кабылышы мүмкүн. Мисалы, күз жана кыш мезгилдеринде адамдар жалгыздыкты көбүрөөк сезип, апатияга кабылышат. Бул тууралуу психолог Шолпан Мамытова буларга токтолду.“Күз айларында аба ырайынын туруксуздугунан улам адамдын маанайы ар кандай болуп, бат-баттан өзгөрүп, депрессияга кабылышы мүмкүн. Бул абалдан жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди сактоо менен чыгууга болот.Биринчи кезекте, адам бул учурда көбүрөөк сейилдеши зарыл. Түшүнүксүз ойлордон, түшүнүксүз сезимдерден арылууга туура тамактануу жана баарлашуу да жардам берет. Эң маанилүүсү уйку режимин сактоо. Түнкү уйкунун ордун эч качан күндүзгү уйку толуктай албайт. Адам жетиштүү уктабаса, бат ачууланып, көп нерсени жактырбай, алсырайт. Уйку эмоционалдык абалга түздөн-түз таасир этет”.Эң негизгиси, жалгыз калуудан коркпоо, эч кимге муктаж болбоо дегенди билдирбейт. Адамга сүйүү да, достук да, жакындык да керек. Бирок бул муктаждык өзүбүзгө зыян келтирген мамилеге чыдоого же өзүбүздүн баалуулугубузду унутууга мажбурлабашы керектигин адистер белгилешет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1b/1104547094_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7d0d1bbc60c54e69eaf7eb749904c543.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Эмне үчүн биз жалгыз калуудан коркобуз?
17:04 27.10.2026 (Жаңыртылды: 17:16 27.10.2026) Коноктор
Айдана Абакова, психологШолпан Мамытова, психолог