https://sputnik.kg/20261029/1104590376.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу"... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T15:00+0600
2026-10-29T15:00+0600
2026-10-29T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104590210_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9caf0076ae630e4759d0a542ab5e0784.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат. Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат. Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.
Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын автоунааларынан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталып, 92 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ага ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында төрт протокол түзүлгөн. Ведомство абаны булгаган транспортторду тез арада оңдоо боюнча эскертме бергени айтылды.
Бишкекте алгачкы жолу ГИТИСтин кыргыз-орус тобунун студенттери Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде "Биринчи мугалим" спектаклин тартуулашатАл кыргыз театр искусствосунун 100 жылдыгына арналат. Спектакль бүгүн саат 18:00дө Орус драмтеатрында өтөт, кирүү акысыз.ГИТИС кыргыз театрынын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Анын бүтүрүүчүлөрү улуттук актёрдук мектептин, режиссуранын жана театр педагогикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү БАЭде 4-ноябрдан кийин өтөтБул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, так күндү белгилөөдө майдандагы кырдаал да эске алынат. Азырынча европалык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу сөз боло элек.Ушаков делегациянын негизги курамы түзүлгөнүн, толугу менен жакын арада аныкталарын кошумчалады.
Вашингтондун Борбор Азияга кызыгуусунун күчөшү биринчи кезекте ресурстарга байланыштуу. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапары жана "Борбор Азия — АКШ" саммитине катышуусу тууралуу Sputnik Кыргызстандын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Захарованын айтымында, АКШнын аймакка кызыгуусу басаңдаган эмес, аны ишке ашырууда америкалык администрациялардын мамилеси гана өзгөрүп турган. Ал Москва АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасынын өнүгүшүнө кылдат көз салып турарын белгиледи. "Эгер Батыш бул аймак менен байланышты өнүктүрүүнү көздөп мамиле курса — бул бир маселе. Бирок анда биздин өлкөгө каршы аракеттер же бул мамлекеттердин биз менен алакасын өнүктүрүшүнө жол бербөө үчүн аларды опузалоо камтылса, ал башка маселе. Башка мамлекеттер сыяктуу эле байкаштырып, ошого жараша тыянак чыгарып, жооп кайтарабыз", — деп белгиледи Россия ТИМинин өкүлү. Захарова Россия Борбор Азия мамлекеттери менен тең укуктуулукка жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген достук, өз ара пайдалуу боло турган мамилелерди жактаарын кошумчалады.
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат. Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат. Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасынын автоунааларынан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемдерден ашканы аныкталып, 92 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ага ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында төрт протокол түзүлгөн. Ведомство абаны булгаган транспортторду тез арада оңдоо боюнча эскертме бергени айтылды.Бишкекте алгачкы жолу ГИТИСтин кыргыз-орус тобунун студенттери Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде "Биринчи мугалим" спектаклин тартуулашатАл кыргыз театр искусствосунун 100 жылдыгына арналат. Спектакль бүгүн саат 18:00дө Орус драмтеатрында өтөт, кирүү акысыз.ГИТИС кыргыз театрынын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Анын бүтүрүүчүлөрү улуттук актёрдук мектептин, режиссуранын жана театр педагогикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү БАЭде 4-ноябрдан кийин өтөтБул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, так күндү белгилөөдө майдандагы кырдаал да эске алынат. Азырынча европалык өкүлдөрдүн катышуусу тууралуу сөз боло элек.Ушаков делегациянын негизги курамы түзүлгөнүн, толугу менен жакын арада аныкталарын кошумчалады.Вашингтондун Борбор Азияга кызыгуусунун күчөшү биринчи кезекте ресурстарга байланыштуу. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапары жана "Борбор Азия — АКШ" саммитине катышуусу тууралуу Sputnik Кыргызстандын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Захарованын айтымында, АКШнын аймакка кызыгуусу басаңдаган эмес, аны ишке ашырууда америкалык администрациялардын мамилеси гана өзгөрүп турган. Ал Москва АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасынын өнүгүшүнө кылдат көз салып турарын белгиледи. "Эгер Батыш бул аймак менен байланышты өнүктүрүүнү көздөп мамиле курса — бул бир маселе. Бирок анда биздин өлкөгө каршы аракеттер же бул мамлекеттердин биз менен алакасын өнүктүрүшүнө жол бербөө үчүн аларды опузалоо камтылса, ал башка маселе. Башка мамлекеттер сыяктуу эле байкаштырып, ошого жараша тыянак чыгарып, жооп кайтарабыз", — деп белгиледи Россия ТИМинин өкүлү. Захарова Россия Борбор Азия мамлекеттери менен тең укуктуулукка жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген достук, өз ара пайдалуу боло турган мамилелерди жактаарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104590210_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bdf85e7e1f30b684e5b247f8707e44a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио