https://sputnik.kg/20261029/1104600355.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Испаниянын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын падышасы Филипп VIга көңүл... 29.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-29T19:00+0600
2026-10-29T19:00+0600
2026-10-29T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104600189_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0221b5dec8595e0dca793703c5609979.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Испаниянын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын падышасы Филипп VIга көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. "Поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп жазылган телеграммада. Эске салсак, Испанияда эл ташыган эки поезддин кагылышуусунан 68 адам каза болду. Маалымат каражаттарынын жазышынча, кеминде 179 адам жабыркады. Кырсык шаршемби күнү Толедо провинциясында болгон. Кырсыктан улам өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Жогорку Кеңеш төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган делегация Душанбе шаарында өткөн "Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты. Жыйында сүйлөгөн Алиев геосаясий өзгөрүүлөр ылдамдап, глобалдык чакырыктар күчөгөн азыркы шартта ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген аймактык кызматташтыкты чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Аны менен катар мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин да ролу жогору экенин айтып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана парламенттик дипломатиянын механизмдери бул жаатта кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.Алиев аймактагы мамлекеттердин алдында турган жалпы милдеттерге токтолуп, аларды чечүүдө макулдашылган ыкмалар жана конструктивдүү өз ара кызматташуу зарыл экенин билдирген.
Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин жетекчилер кеңешинин 93-жыйыны өтүп, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу, кылмыштуулукка биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. КМШнын Аткаруу комитетинен башкы катчынын орун басары Нурлан Сейтимов жыйында эксперттик топтун ишине токтолду. Бул топ жыйын алдында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара академиясына КМШнын базалык уюму макамын берүү боюнча жобонун долбоорун макулдашкан. "Жобо КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында бекитилсе, чек ара көзөмөлү жаатында адистерди даярдоодо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү тартип орнойт", – деди Сейтимов. Ал ошондой эле КМШнын тышкы чек араларында кыйын кырдаалдар жаралса, аны жоюу боюнча биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби тууралуу макулдашуунун долбоору иштелип жатканын айтты.
Путин "азап чегип жаткан" Палестинанын көйгөйүн унутпоо керектигин айтты"Перс булуңундагы окуялар менен Палестинаны унутпоо зарыл. Россия бул аймакта толук кандуу Палестина мамлекетин түзүү керек деп эсептейт", — деди ал "Россия — Африка" саммитинде.Путин ошондой эле Африка өлкөлөрүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн катарында жоктугун адилетсиздик деп атады.
Президент Садыр Жапаров Испаниянын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан адамдардын каза болушуна байланыштуу Испаниянын падышасы Филипп VIга көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. "Поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп жазылган телеграммада. Эске салсак, Испанияда эл ташыган эки поезддин кагылышуусунан 68 адам каза болду. Маалымат каражаттарынын жазышынча, кеминде 179 адам жабыркады. Кырсык шаршемби күнү Толедо провинциясында болгон. Кырсыктан улам өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.Жогорку Кеңеш төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган делегация Душанбе шаарында өткөн "Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик" аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты. Жыйында сүйлөгөн Алиев геосаясий өзгөрүүлөр ылдамдап, глобалдык чакырыктар күчөгөн азыркы шартта ар бир мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген аймактык кызматташтыкты чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Аны менен катар мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин да ролу жогору экенин айтып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жана парламенттик дипломатиянын механизмдери бул жаатта кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.Алиев аймактагы мамлекеттердин алдында турган жалпы милдеттерге токтолуп, аларды чечүүдө макулдашылган ыкмалар жана конструктивдүү өз ара кызматташуу зарыл экенин билдирген.Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Чек ара аскерлеринин жетекчилер кеңешинин 93-жыйыны өтүп, террорчулук менен экстремизмге каршы туруу, кылмыштуулукка биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. КМШнын Аткаруу комитетинен башкы катчынын орун басары Нурлан Сейтимов жыйында эксперттик топтун ишине токтолду. Бул топ жыйын алдында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара академиясына КМШнын базалык уюму макамын берүү боюнча жобонун долбоорун макулдашкан. "Жобо КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынында бекитилсе, чек ара көзөмөлү жаатында адистерди даярдоодо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү тартип орнойт", – деди Сейтимов. Ал ошондой эле КМШнын тышкы чек араларында кыйын кырдаалдар жаралса, аны жоюу боюнча биргелешкен машыгууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби тууралуу макулдашуунун долбоору иштелип жатканын айтты.Путин "азап чегип жаткан" Палестинанын көйгөйүн унутпоо керектигин айтты"Перс булуңундагы окуялар менен Палестинаны унутпоо зарыл. Россия бул аймакта толук кандуу Палестина мамлекетин түзүү керек деп эсептейт", — деди ал "Россия — Африка" саммитинде.Путин ошондой эле Африка өлкөлөрүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн катарында жоктугун адилетсиздик деп атады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1d/1104600189_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_30f20d57f6978f2f4165a6c96027e454.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио