Убагында алимент төлөбөгөн жарандардын мүлкү камакка алынат
09:04 30.10.2026 (Жаңыртылды: 09:16 30.10.2026)
Убагында алимент төлөбөгөн жарандардын мүлкү камакка алынат
Жазылуу
Коноктор
Болот Молдобеков, сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучулардын иш аракетин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысыУмида Абылгазиева, Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарынын сакталышына контроль жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы
Өлкөдөгү алимент өндүрүү жаатында арыз берүүчүлөрдүн саны өскөнү менен өндүрө албай даттангандар азайган. Бул тууралуу “Ачык кеп” программасында Сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучулардын иш-аракетин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Болот Молдобеков билдирди.Анын айтымында, үч ай алимент төлөнбөй калса үч суткага камакка алууну сот карайт жана мыйзам боюнча бир жылдан ашкандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.“2026-жылдын башында 59 миңге жакын аткаруу барагы болгон. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча ал көрсөткүч 48791ге түшкөн. Буга 18 жашка чыккан балдары барлар, толук кандуу өндүрүлгөндөр кирет. Учурда бир балага алимент алгандар 26717, эки балага 16824, үч жана андан жогору балага 9864 аткаруу барагы турат. Жалпы болжолдуу карызды алганда 6 миллиард 588 миллион 442 миң сомду түзөт. Анын ичинен 545 миллион 142 897 миң сом толук өндүрүлгөн. 2026-жылдын 9 айында 1623 материал ички иштер министрлигине жөнөтүлүп, 1408 иш козголуп, 982си сотко жиберилген. Учурда аты-жөнүн өзгөртүп алган карызкорлор да бар. Өндүрүүчүнүн арызы түшкөндөн баштап, алимент төлөөчү жаран атын өзгөртүп алса дагы өлкөдөн чыгарылбайт. Башкача айтканда азыр жарандын өздүгүн аныктоо системасы бир топ жакшырган. Учурда санариптештирүүнүн негизинде бир катар иштер жеңилдеди. Мурда карызкордун мүлкүн текшерүү үчүн мамлекеттик каттоо кызматына, Унаа мекемесине кат жөнөтчүбүз. Азыр базадан карап эле токтомдун негизинде мүлктү камакка алуу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда коммерциялык банктар менен да ушундай келишимдер түзүлүп жатат. Бизге ал жарандын коммерциялык сырын ачып, эсебин көрсөтүп кереги жок. Болгону мүлкү камакка алынганда, банктагы эсеби да автоматтык түрдө камакка алына тургандай механизмге бара жатабыз”, — деди Молдобеков.Ал учурда сот аткаруучулардын иши Башкы прокуратура тарабынан катуу көзөмөлдөө экенин кошумчалады.